Адабият/Тарых

Чубак ажы Жалилов: “Быйыл ыйман, адеп, ислам цивилизациясына басым жасала турган жыл”

10 февраля 2017 г. 22:35 925

- Алгач хадис академиясы тууралуу кененирээк айтып берсеңиз

- Хадис академиясы дегенибиздин эки мааниси бар. Биринчиси, жаңы дегенди түшүндүрөт. Мода утур-утур жаңыланып тургандай, эскинин кайра жаңысы деп койсок болот. Экинчи түшүнүгү, пайгамбарыбыздын осуяты. Анткени дин илимдеринин бардыгы пайгамбарыбыздын осуятына барып такалат эмеспи. Ошол себептен хадис болобу же фыкых, фыкыхтын негиздери, тафсир, тафсирдин негиздери, айтор ушулардын бардыгы тереңдетилип окула турган окуу жай болот деп үмүт кылып ачтык. Адатта бизде араб тилин тааныгандар, тагыраак айтканда чоң китептерди окуганга жарап калгандарды кабыл алып, окутуп жатабыз. Учурда 70тей бала билим алып жатат. Алардын жыйырмадайы жатып, калгандары келип-кетип окуйт. Көбүнчө медресени бүтүргөндөр, окуу жайдын мыкты студенттери, кээ бир медреселердин мугалимдери да сабак алып жүрүшөт. Кызыгуулары абдан күчтүү. Азыр биз фыкых, мусталяк боюнча биринчи баскычты бүтүрүп, экинчи баскычка өттүк. Кыскасы хужура системасын жайылтсак деген мааниде академияны ачып, иштеп жатабыз. Окутуучусу жалгыз өзүм. Себеби бардык мугалимдерди алып келүүдө тынчсызданат экенсиң. Анткени аларда маалымат болушу мүмкүн, бирок багыты башка. Дегеним, айрымдарынын дүйнө таанымы башка болуп калуу ыктымалы бар же сабак берүү ыкмасы бизди ойлондуруп коёт. Ошондуктан кабыл алгыбыз келген жок. Өзүмдүн студенттеримден Ал-Азхарда окуп жаткандар бүтүп келгенде, алар да ушул академияда сабак берип, мугалимдер толукталат деген ишеничтебиз. Бухаринин программасы менен иш алып баралы деген ойдобуз. Ага илгери тогуз жыл даярданып анан киришчү экен да. Эми азыр анчалык болбосо дагы күчтүү окуу жай болсо деген тилегибиз менен аракет кылып жүрөбүз. Иорданиядагы, Сауд Арабиясындагы, Индиядагы дээрлик бардык ханафий окуу жайларынын программасын изилдеп чыгып, ошолордун салмактуусун тандап алдык. Анан дагы бир өзгөчөлүгү, курстан курска көчүрүү, жылдан жылга көчүрүү деген бизде китеп менен кетет. Илгерки хужура системасы дегеним – ушундай баалоо тартибинде кетет. Берилген китепти бүтүп, ижазат берүү деген түшүнүктөр менен айкалыша турган окуу жай деп айтсак туура болот. Ишемби, жекшемби багымдаттан кийин 2 саат жана кечинде 7ден 10го чейин 3 саат, баш аягы 5 саат сабак өтүлөт.

- Бул академияда аялдар да билим алышабы?

- Академияда жалаң эркектер билим алышат. Ал эми айымдар үчүн адаттагыдай жекшемби күндөрү сабак беребиз. Эркектерге жумасына 2 жолу шейшемби, базар күндөрү сабак өтөбүз. Бул дагы деле уланып жатат. Шамдан куптанга чейин. Эркектердикинен айырмаланып, аялдардыкы бир нукта кетет. Анткени 5 жылдык сабак бергенде 4 китепти бүтүрөбүз. Тасавух боюнча 2 китеп, адеп-ахлак, акыйда боюнча бир китеп, фыкых боюнча бир китеп бүтүрдүк, абдан жемиштүү болду. Эми дагы ошол эле нукта кетет. Фыкых, акыйда, тасавух улам-улам жаңыланып, аялдарга берилиши керек. Анткени көбүнчө аялдарга баян айтылган жерлерде аларды кызыктырган гана маселелер айтылып, өзөк болчу фыкых, акыйда сыртта калып калат.

- Бул академияга тапшыруунун шарттары кандай?

- Эң биринчи шарты арабча билүүсү, жок эле дегенде 3 жылдык араб тилинен сабаты ачылган жана мен абдан маани берген критерий - адамгерчилик. Кээ бир келгендер беймаани болушу мүмкүн, алардан кийин жакшы деле молдо чыкпайт. Анткени ошол молдолор эртең элди ээрчитип кете алгыдай болуш керек. Айрыкча жатып окуган балдардын адамгерчилигине өтө маани беребиз. Ал эми кайсы региондон экендиги акыркы маселе. Бардыгы Баткенден же Базар-Коргондон болуп калса болбойт. Мисалы, бир райондон экөө келсе, алардын бирин гана жатакана менен камсыздайбыз. А жаш курагы чектелбейт.

- Сиздин маекти окугандар көп, эгер бул академияга окуйм деген каалоочулар болуп калса тапшыруу жол-жобосун айтып койсоңуз

- Ишембиден башка күндөрү дайыма биздин эшик ачык. Саат 7ден 10го чейин келе берсе болот.

- Көпчүлүк угармандарыңыз социалдык, тагыраагы үй-бүлө тууралуу суроолор менен кайрылышат. Мурас жөнүндө деле сурап жүрүшөт, бирок алдыңызга келип “атабыздан калган мурасты бөлүштүрүп бере аласызбы?” – деген учур болду беле?

- Ооба, андай учур көп болот. Кагазга жазып бөлүп берем. Адатта аларга алгач атаңардан калган мүлктү акчага чегерип келгиле дейм. Кээде чегертпей эле мураскерлердин санын тактап туруп, мүлктүн бул пайызы буга, тиги пайызы тигиге деп тактап берген учурлар тез-тез болуп турат, бирок массалык түрдө болгон эмес.

- Суроо менен кайрылгандарга баам сала турган болсок дээрлик баары карапайым эл болуп жатпайбы. Айтайын дегеним, бизнес менен алектенгендер үчүн сабакка муктаждыктар жокпу?

- Негизи байлар, чиновниктер деле суроо менен келишет, бирок аларга эл алдында суроо берген ыңгайсыз сезилеби, айтор чоң аудиторияга баш баккандан чочулашып, өзүнчө чай ичели деп жекеме-жеке отуруп суроолорун беришет. Көбүнчө ортого киши салып келишет. Алардын түзмө-түз келбегендерине таң калам. Жалпылап айтканда министрлер, бизнестин ар кайсы багытында иш алып баргандар кайрылышат. Олуттуу суроолор менен келишкендер көп, бирок алар чогулуп, бир аудиторияда маселесин чечишпейт.

Жакында Ысык-Көлгө барып үй-бүлө тууралуу 3 күндүк семинар өткөрүп келдик. Эми атайын соодагерлер, же курулуш иштери, ипотека боюнча семинар өткөрсөмбү деп ойлонуп калдым. Андан тышкары супермаркеттерди иштеткендер, тигүүчүлөр үчүн сабактарды өткөрсөк деген максаттар бар. Анткени көпчүлүк аалымдар маселени жалпылаштырып гана айтып жүрүшөт. Үй-бүлө жөнүндө семинар өтөрдөн мурун ошол аймактын суроо-талабын бир жума мурун аныктап алдым, башкача айтканда аларды түйшөлткөн суроолорду анализдесем зекет экен, ошонун тегерегинде көп маселелер айтылды. Февралдын этегинде дагы ушул сыяктуу семинар өткөрөлү деп турабыз.

- Биздин эл мусулманбыз дегендери менен көпчүлүк пайызы насыялардын арамдыгын эске алышпайт. Мисалы, 50000 сом алып, аны төлөш үчүн 1 жыл кыйналып жүрүшөт. Насыя алуу айрымдардын көнүмүш адаты, жашоосунун бир бөлүгү болуп калган. Бул илдеттен чыгуу үчүн балким исламдык каржыны көбөйтөбүзбү, деги эле сиз кандай жолду сунуштайт элеңиз?

- Ислам экономикасы, банк иштери боюнча бизде адис жок. Бар болсо да алар Кыргызстанда эмес, чет жерде иштешет. Мусулман аалымдары дегендерибиздин баары жалпы ислам баалуулуктары боюнча гана. Ал эми банк иштерине токтолсок, "ЭкоИсламикБанк", Улуттук банк, "БТА банкта" ислам каржылоо бөлүмү бар дейт. Булардын ачылганынын өзү жакшы. Анткени адал индустриясы да жаңы ачылганда канча ызы-чуу болуп жүрүп, азыр бир жөнгө салынып калды. Ошо сыяктуу бардык нерсе барып-барып ордуна келет да. Мисалы, мен муфтий болуп турганда Түркияга барганда: “Биз жылына бир жолу 5000 адамды ажылыкка жиберебиз деп жарымыбыз түрмөгө камалып чыгабыз, а силердики тыптынч”, - десем, айтат: “Биз да башында ошондой болгонбуз, анан акырындап отуруп ушул калыпка түштүк”, - деп. Андыктан, азыркы болуп жаткан аракеттин канчасы ката, канчасы туура болбосун, башкысы аракет бар экендиги сүйүндүрөт. Малайзиядан, Сауд Арабиясынан, Түркиядан окуп келгендер акыры баарын ордуна коёт деп ишенем. Адис катары эмес, экономикалык курстан өткөн, же кандайдыр бир физик, адабиятчылардыкындай түшүнүгүм менен карай турган болсом, менин оюмча өсүш бар. Бирок бул дүйнөлүк аалымдардын башын ооруткан маселе. Жада калса чоң-чоң аалымдар Мустафа Зарка, Такий Усмани да жооп бере алган жок. Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча ислам банктары чечилбеген маселе боюнча турат. Анткени адамдардагы ыйман деген өксүк нерсе банктардын толук исламий болуусуна шарт түзүп бербей жатат.

- Анда эл буга жооп ала албаса, тилекке каршы мурунку иштерин уланта берет экен да?

- Менин оюмча, кичи банктар тааныштар, достор, туугандар арасында же бирин-бири тааныгандар, айылдаштар ортосунда ачыла турган болсо анда толук түрдө өзүн актай алат. Бирок жалпы республикалык масштабда, тааныган, тааныбагандардын ортосунда ачылса анда ислам банктары зыянга учурап калышы толук мүмкүн. Балким мен толук кандуу адис болбогонум үчүн айтып жатсам керек, бирок китептерин окуп жатканда ушундай көйгөйлөр бар экенин байкайм.

- Быйылкы жыл “Ыйман, адеп-ахлак, маданият жылы” деп жарыяланды. Анын алкагында өз ишмердигиңизди дагы да күчөтөйүн деген максаттарыңыз барбы?

- Быйылкы маданият былтыркы маданияттан айырмасы бар деп айта кетейин. Себеби быйыл диний маданиятка көп көңүл бурулат. Биздин чоңдор деле жөндөн-жөн жыл сайын маданият деп айта бермек эмес да. Демек, маданият деген салттуу түшүнүк былтыр өттү, быйыл ыйман, адеп, ислам цивилизациясына басым жасала турган жыл деп айтат элем. Албетте академиябыздын ачылышы ушул жылга карата кошкон салымыбыз десем жаңылышпайм. Бул жылга жаңы идеялар менен кирип жатабыз. Семинар, тренингдерди өткөрүү, андан тышкары китептерди которуу боюнча пландарыбыз бар, анткени, араб дүйнөсүндө гана араб тилине тиши өтүп окубаса, Пакистан, Индия, Түркияны эсепке албаганда, калган өлкөлөр унчукпай эле турушат. Мына ошого биз да өз салымыбызды кошсок. Анткени, биз аралашып жүрүп, алардан эч жерибиз кем эмес экенин билгенден кийин өзүбүзгө шык келди деп айтсам туура болот. Бул боюнча дүйнөдөгү аалымдар менен кеңешсем, “Микшати шарки миркати тарки” дегендин нускасы дүйнөдө жок дейт, мына ошону жарыкка чыгаруу боюнча балдар менен кеңешип жатабыз. Эми азырынча уюштуруу иштери ордуна келбей жатат. Буюрса баарын бир тартипке салып коюп, ошого отурабыз деген оюбуз бар.

Маектешкен: Жаныбек Абидетегин