Инфографика

Өлкөнүн борбордук мечити кандай болуш керек?

10 февраля 2017 г. 21:00

Кыргызстанда акыркы убакта мечиттер көп салына баштады. Бирок мечиттердин архитектуралык стилдери ар кандай. Бирок биз борбордук мечиттин стили кандай болуусун карап, учурдагы борбордук мечит болуп салынып жаткан жана азыркы борбордук мечиттин ордуна салына турган мечиттерди; ошондой эле улуттук стилдеги бир мечиттин долбоорун салыштырып бердик

Жаңы салынып жаткан борбордук мечитАрхитектору: Түркиянын жараны

Аянты: 3.26 гектар

Мечиттин аянты: узуну – 100 метр

Туурасы – 50 метр

Кишинин саны: Мечиттин ичине – 6000

Короосу менен кошкондо – 10000

Мечиттин жалпы аймагына – 20000 киши намаз окуса болот

Мунараларынын саны: 4

Мунараларынын бийиктиги: 65 метр

Чыгымы: 30 миллион АКШ доллары

Каржылоо: Түркия мамлекети

Мечиттин өзгөчөлүктөрү:

  • Осмон-түрк стилинде
  • Кыргызстанда гана эмес Борбор Азиядагы эң чоң мечит болот
  • Жалаң мрамордон салынып жатат
  • Минбар, мирхаб деген сыяктуу мечитке тиешелүү айрым нерселер атайын Түркиядан алынып келинет
  • Учурдагы борбордук мечиттин ордуна салынууга пландалып жаткан мечит
  • Кишинин саны: жалпы 7000ден ашуун адам намаз окуса болотМунараларынын саны: 2Мунараларынын бийиктиги: 40 метрКаржылоо: “Ихсан-Хойри” коомдук кайрымдуулук фондуМечиттин өзгөчөлүктөрү:• Салттуу араб стилинде• Эки кабаттан турат• Биринчи кабатынын бийиктиги 7 метр болуп, унаа токтотуучу жай курулат• Бишкектин борбордук мечити болот
  • Улуттук стилдеги мечит
  • Архитектору: Мирлан АбдразаковАянты: 3 гектарМечиттин аянты: узуну – 50 метр туурасы – 50 метрКишинин саны: мечиттин ичине – 300Короосу менен 15 миң киши бир убакта намаз окуса болотМунараларынын саны: 4Мунараларынын бийиктиги: 10 метрЧыгымы: 20 миллион АКШ долларыМечиттин өзгөчөлүктөрү:• Улуттук стилде • Куполу түндүккө окшош болуп терезелери да бар• Короосу жашылдандырылып, оргуштамалар орнотулат• Жанына көп кабаттуу авто унаа токтотуучу жай курулат• Жума жана айт намаздарында короонун астындагы полду жердин үстүнө чыгарып, анын үстүнө намаз окулат. Бүткөндөн кийин кайра жердин астына киргизип койсо болот.• Мечит гана болбой, маданий борбор дагы болот.
  • Даярдаган: Бекжан Ишенбаев