Материалы на русском

Команда түптөө канча каражатты талап кылат?

5 декабря 2016 г. 8:05 980

Көк бөрүдө келечектүү команда түптөш үчүн жетекчи курамга күчтүү оюнчуларды жана мыкты аргымактарды топтош керек. Мунун баары кыйла каражатты жана чоң түйшүктү талап кылат. Төмөндөгү маалымдама команда түптөгүсү келгендер жана ошол команданын бир жылдык чыгымы орточо эсеп менен канча сом болоруна кызыккандар үчүн

Форма сапатына жараша - 2500-6000 сом

Орточо баасы 12 х 4000 = 48 000 сом

Өтүк - 6 000 сомго чейин

12 х 6000 = 72 000 сом

Ээр-токум - 10 000 сомдон жогору

12 аттын ээр-токуму - 120 000 сом

Тебетей - 1,5 миң сом

12 х 1500 = 18 000 сом

Улакчылардын келишим баасы

Көк бөрүдө оюнчулардын айрымдары командасына бекер ойноп берсе, айрымардары келишим түзүп ойнойт.

Улакчылардын 1 жылдык акчасы 4 миң доллардан, 10 миң долларга чейин.

Команданын ичинде болжолдуу түрдө келишим түзүп ойногон 3 мыкты жана лидер оюнчуларга 1 жылга 4 миң доллардан акча төлөнсө (ар бирине 276 000 сомдон) 828 000 сом сарпталат. 3 х 276 000 = 828 миң сом

Аргымактар

Командалык оюнга чыккан буудандардын наркы 150 000 сомдон 50 000 долларга чейин жетет.

Командада оюн көргөзгөн бир буудандын баасы орточо эсеп 350 000 сом болсо, анда 12 буудандын жалпы наркы 4 200 000 сомду чапчыйт.

«Аккула» ат майданындагы атканалардын ижара акысы айына - 12 000 сом, команда жетекчиси бир жыл үчүн 144 000 сом төлөп берет.

Саяпкердин 1 айлык эмгек акысы -15 000 сом

1 жылда: 12 х15 000 = 180 000 сом

Команданын машыктыруучусунун эмгек акысы -15 000 сом.

Көк бөрү федерациясы тарабынан 1 жылда расмий түрдө 3 оюн өткөрүлөт (Нооруз, 9-май, Президенттин кубогу).

Демек, машыктыруучуга расмий оюндар үчүн ар бирине 15 000 сомдон төлөнөт. Жалпы суммасы 45 000 сом.

Көк бөрү федерациясы өткөргөн республикалык мелдештерге катышуу үчүн командалар эң аз дегенде 1 ай даярдыктан өтүшөт. Командада ойногон улакчылардын 1 айлык тамак-ашына, жатаканасына жана жалпы даярдык иштери үчүн 100 миң сомдон 150-200 миң сомго чейин каражат жумшалат.

Команда бир жылда 3 чоң мелдешке катышса орточо эсеп менен (бир мелдешке 150 000) 450 000 сом керектелет.

Аттардын жем-чөбү

Командада жалпы 12 аргымак бар.

12 ат 1 күндө 12 түк чөп жейт.

1 түк чөптүн баасы - 130 сом

12 ат 1 күндө 1560 сомго чөп жешсе, 1 жылда 569 400 сом сарпталат.

1 ат 1 күндө 5 кг жем жейт

1 килограмм жемдин наркы - 9 сом.

12 атка 1 күндө жемге 540 сом кетсе, 1 жылда 197 100 сом чыгымдалат.

1 кг алма - 30 сом, 1 кг сабиз - 9 сом.

12 атка 1 жылда алма жана сабиз үчүн орто эсеп менен 30 000 сом сарпталат.

Кошумча чыгымдар

Бир жыл ичинде республика ичинде кем дегенде 4-5 маараке-тойлорго арналган чоң турнирлер болуп өтөт, бул оюндарга катышуу үчүн командалар Бишкектен аттарды камаздарга жүктөп барганына 30-40 миң сомдун тегергинде каражат жумшашат. Эгерде команда жыл ичинде Бишкекте өткөн оюндан сырткары дагы 4 турнирге катышкан болсо, 160 000 сом аттарды жүктөп барган унаага жумшалат.

Мындан сырткары команданын курамында ооруп калган буудандарды дарылоо жана жалпы аргымактарга эмдөө иштерин жүргүзүп, мал доктурдун көзөмөлүнөн өтүү үчүн чоң командалар 1 жыл ичинде 100 000 сомго чукул каражат сарптайт.

Жалпы суммасы – 7 161 500 сом

Эскертүү!

Бул маалымдамада командалардын чыгымдары орточо эсеп менен берилди.

P.S. Көк бөрүгө сарпталган жалпы чыгымдарга саресеп салып көргөн соң, мамлекеттен бир сом жардам албай команда түптөп, улуттук оюнубуздун өнүгүшүнө зор салым кошуп жаткан чыныгы мекенчил агаларыбызга чын жүрөктөн ыраазызычылык айтып, иштерине ийгилик каалап кетмекчибиз!