Күчтүү жаран

М.Мавлянова: “Милдетинен качкан эркек аялды акча тапканга түртөт”

8 ноября 2016 г. 12:05

“Бала кезимде эле ишкер болоорумду сезгем. Анткени мен өзүмдү башка эч бир чөйрөгө жараштыра алчу эмесмин. 7-класстан тартып алма сатып, акча жыйнай баштагам. Ошондо апамдын "күйөөңдү байытасың го" деп күлгөнү эсимде”, - деген Жогорку Кеңештин депутаты, бизнес-леди Махабат Мавлянова маек куруп берди

Иштерман кыз болчумун...

Туулуп өскөн жерим Ош. Көп балалуу үй бүлөдө чоңойгом. Ата-энем эмгекти сүйгөн адамдар болгондуктан, бизди жаштайыбыздан эмгекчил кылып тарбиялаган. Атам азыр 77де болсо да, карылардай болуп бош отурганын көрбөйсүң. Качан караба бир иш менен алек. Кичинемде мага “Фрунзеде элдер бош эле жүрүшөт. Ар жерде китеп, гезит окуп отура берет” деп айтса, мен кадимкидей таң калгам. Анткени мен үчүн 1 саат эмес 10 мүнөт бош отуруу ойго келбеген көрүнүш болчу. Эртеден кечке үй жумуштарын жасап, жумуш калбай калганда бакчага чыга калып, кетмен чаап кирчүмүн.

Каймак катып, май сызгыргам

Бала кезимде эле бизнесвумен болорумду сезгем. Анткени өзүмдү ишкерликтен сырткары эч бир чөйрөдөн көрө алчу эмесин. 7-класстан тартып алма сатып, акча жыйнай баштагам. Ошондо апамдын “бул кейпиң менен күйөөңдү байытасың го” деп күлгөнү эсимде. Бир күнү апам ооруп, ооруканага 15 күн жатып калды. Үй тирлиги, уйду саап, сүт тартмай мага жүктөлдү. Апам каймак сызгырып сары май сактаганга үлгүрбөй калчу. Анткени сүт тартылып атканда эле каймагын чоргодон чыгарбай жеп алчубуз. Ошондо мен үйдөгүлөрдүн бирин да каймакка жолотпой, апама бир табак кылкылатып сары май сызгырып бергеним алигиче эсимде. Апам көрүп алып сүйүнгөнүн айтпа.

11 жашымда курак курачумун

Туугандардын ишенген казыначысы мен болчумун. Той-топурда соодагерликке менден башка эч кимди шайлачу эмес. Табиятымдан эсеп-кысапка так болгондугуман, ар бир тыйындын орду бар болчу. Тамак жасоо, кир жуу сыяктуу майда үй жумуштарын анча жактыра берчү эмесмин. Андан көрө курак курап, туш кийиз тигип же алма баксаң көбүрөөк пайда түшөрүн билчүмүн.

Үч кызым бар. Улуусу студент, ортончусу 11де, кичүүсү 8 жашта. Кээде туруп алар менен өзүмдүн 11 жаштагы курагымды салыштырам. Мен ал кезде эмнени гана кылбагам. Тандырга нан жапкам, манты жасап, курак курагам. Айтсам, “Оой апа, азыр деген башка заман, кайдагы курак” дешет. Бирок мен баары бир, кыздарды эмгекчил кылып өстүрүүгө аракет кылам. Анткени иштен коркпогон адамга бүт ийгилик эшигин ачат деп билем.

Кыздарым эрке болуп калабы деп корком

Азыр кыздарыма баары жетиштүү, эч нерседен кем эмес. Бирок мени чочуткан бир жагдай бар. Жашоодо максаты жок чалчаңдаган байдын балдарындай болуп калабы деп корком. Андай балдарды күнүгө көрөм. Бир четинен боорум ооруйт. Балада баары жетиштүү болсо, ал алдына максат койбой калат. Эч нерсеге кызыкпайт. Жашоонун кереметин сезбейт. Турмуш эмне экенин билбей өтүп кетет. Кийим-кече, китеп-дептерден аябанбаганым менен кыздарга колуна акча аз берем. Күнүмдүк жолго 500 сом эмес, 50 сом жетээрин дайыма үйрөтөм. Ата-энеси топтогон ырыскыны чачпайт, сактайт деп ишенем. Жашоомду гүлдөтүп, мени бактылуу кылган ушул кыздарым.

Үчөөнүн кылык-жоругу үч башка. Улуу кызым өзүмө окшош үнөмчүл. Акчасын кийим-кече, косметикага такыр коротпойт. Андан көрө тил үйрөнүү же башка курстарга барган ал үчүн оң. Өз күчү менен Сан-Францискодогу институттардын бирине өтүп, азыр окуусун АКШда улантууда. Ортончу кызым болсо кандай адам болбосун тил табышып, бат эле өзүнө тартып алганы менен айырмаланып турат. Чоочун адамга дос болуу үчүн ага болжол менен 2 гана мүнөт керек. Ал эми көкүрөк күчүгүбүз, кенже кызым боорукер, кичипейил, ак көңүл. Жол-белден кайыр сурагандарды көрүп калса, “Апа, караңызчы үшүп кетиптир, үй алып бербейлиби же акча берип коюңузчу” деп адамды ойлондурат. Мектепте досторунун туулган күнү болсо бир ай мурун камданат. Ал үчүн адамга жакшы көңүл тартуулоо баарынан кымбат.

Инженерлик да, мугалимдик да мен үчүн эмес

Сегиз бир тууганым бар. Алардын төртөө Москвада билим алган. Менин кезегим келгенде СССР урап, Бишкектеги окуу жайлардын бирине тапшырып калгам. Кесибим инженер. Ишкерлик менен 20 жашымда алактене баштагам. Мен өзүмдү жогоруда айтканымдай ишкерликтен башка чөйрөдө көрө албайм. Инженерлик да, мугалимдик да мен үчүн эмес. Эч качан өзүмөн башка эч кимге иштеп көргөн эмесмин. 20 жашымда кыздардай эле, турмуш куруп, бала күтсөм деп кыялданчумун. Бирок кийин кыялыма жеткенде, баары башкача боло түштү. 90-жылдары өлкөдө ачкачылык, үй-бүлөмдү багуу үчүн көчөгө чыгып соода-сатык кылууга мажбур болдум. Базарда жанымда мага окшогон жаш энелер гана эмес, профессор, академиктер да соода кылып турчу. Бир күнү мени тааныган эже жаныма келип, мени көрүп ыйлап жиберди. “Байкушум, илим-билим дегенге дилгир элең, эми минтип базарда туруп калдыңбы?” - деп тескери карап басып кетти. Ал сөздөр бүгүн дагы кулагымда. Азыр туруп СССРдын ураганы менин бактыма чыгаар, илим кууп кетсем, азыркыдай ийгиликке жете албайт белем, ким билет деп ойлонуп кетем.

“Мэри кафе” алгачкы кирешелер

Ошентип базарда тырбалаңдап жүрүп, 2 чакан киоск ачканга жетиштик. Биздин маңдайда ашкана бар эле. Тамактары даамдуу, бирок кымбат. Мисалы, 1 кг эттин баасы 30-40 сом болсо, алар бир таякча шишкебекти 40 сомго сатышчу. Анын кирешесин көрүп, менде да ашкана ачуу ниети ойгонду. Бизден бир аз алысыраак жерде имарат ижарага берилип жатыптыр. Көрсөк түзүк эле экен. Жолдошум менен кеңешип, алууну чечтик. Ошентип, Горький көчөсүндө “Мэри кафе” деген ашкана ачтык. Беш жылдай кыйын болду. Түнү-күнү ошол жакта жүрдүм. Түнкү үчтө бекитип, үйгө барып 2 сааттай уктап, кайра таңкы беште келчүмүн. Уйку дегенди унутуп бараткам.

Ашканага эл бат көндү. Киши үзүлгөн күн болгон жок. “Мэри кафе” ошол мезгилдин белгилүү ашканасы болчу. Бирок ошол эле тапта өзүмдү кыздарымдын алдында күнөөлүүдөй сезип жүрдүм. Анткени убактымдын дээрлик баарын жумушка арначумун. Кыздарым мени көрбөй да калышчу. Алар өздөрү менен өздөрү чоңоюшту. Биринчи сен акчага иштесең, кийин акча сага иштейт дегендей, бир нече жыл ичинде мен мыкты база түптөгөнгө үлгүрдүм. Бош убактым көбөйүп, дайыма жакындарымдын жанында болуп калдым. Бирок антсе да өзүмдү идеалдуу апа деп эсептей албайм. Табиятыман иштерман адаммын, баары жетиштүү болуп турса да иштегенден тажабайм. Үйүмдүн жана өзүм түптөгөн ресторандардын дизайнын өзүм иштеп чыгам.

Милдетинен качкан эркектер көп

Кыялдын аягы жок. Табият өзү ошондой. Кыялдар орундалган сайын, жаңысы пайда боло берет. Антпесе өнүгүп-өсүү болмок эмес. Биз кандай кыял болбосун, ага умтулуп, иштесе орундаларын эстен чыгарбашыбыз керек. Кыргыздын менталитети менен аялдын ишкерлик кылуусу оор. Эркектер менен эркектер иштешип жүрүп, аялдар кийлигишкени көпчүлүккө жакпайт. Ошентсе да аялдарды каржылык караңгылыгын жоюуга чакырам. Бир гана күйөөсүнө ишенип, анын колун карап отура берүү турмуштагы туура эмес кадам. Азыр акча тапканды билбеген, күйөөсү таштап кеткен жалгыз бой аялдар канча. Эркектин милдети эмне экенин билбеген эркектер көп. Уят-сыйытын жыйыштырып коюп, жашыраак аялга кетип калгандар канча. Албетте, беш кол тең эмес деңизчи, арасында үй-бүлөсүн эч нерсеге муктаж кылбай, аялын жана балдарын бактылуу кылгандар да бар. Бирок аял киши үй кожойкеси болсо да, акча табууну үйрөнүп алса, эч качан ашыкча болбойт. Жолдошунун жанында туруп, иштин бир бурчун тарта берсе, өзүнүн да жолдошунун да, элдин алдында да бедели бийик болот.