Маданият/Искусство

А.Кубанычбеков: “Силер Президент менен учпайсыңар”, - деди

31 октября 2016 г. 7:20 1792

ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директорунун орун басары Айдар Кубанычбеков: “Жергиликтүү ишкерлер да баарын баамдап карап турушат. Алардын өлкөдөн безбеши үчүн ишине тоскоол болбош керек”, - дейт

Кыргызстанга ишкерлердин делегациялары көп эле келет. Алардан реалдуу бир натыйжа болбой жаткандыгынын себеби эмнеде?

Ооба, Кытай, Түркия, Казакстан, Европа мамлекеттери жана АКШдан келгендер абдан көбөйдү. Акыркы убакты алсак, Япониядан 22 чоң компаниянын өкүлү келди. Буга чейин чехтер бир эмес эки жолу келип кетти. Андан кийин поляктар. Булардын каттаганынын бирден-бир себеби – өздөрүнүн товарын Кыргызстан аркылуу башка рынокторго жеткирүү. Ишкерлер бизнес-чалгын кылып, биздин рынокту анализдеп, саресеп салып, чогуу иштешкенге өнөктөш тапканга аракет кылышат. Ишеним болбосо бизнестин бутуна туруп кетүүсү оор. Андан кийин сөзсүз саясий туруктуулук керек. Күчтүү форумдарды өткөрүп, делегацияларды кабыл алганыбыз менен мамлекетте туруктуулук болбосо, иш ачам деген инвесторго шарт түзүлбөсө, алардан көп нерсе күтүп болбойт.

2017-жылкы шайлоо ишкер үчүн маанилүү

Чет элдик ишкердин быйыл байма-бай каттап жаткандыгынын себеби бизде 2017-жылы президенттик шайлоо бар. Ага байланыштуу инвестор күтүү режиминде турат. Ага чейин рынокту изилдеп, кайсы тармактарга кирип, иштешип кетсе болот деп анализ кылып жатышат. 2017ден кийин саясий туруктуулук болуп, мамлекетке инвестиция тартууга кызыкдар башчы келсе япондор, чехтер биз менен иштешүүгө даяр.

Ишкерлер ишкер үчүн келет

Буга чейин көп келгенине карбастан эмнеге натыйжалуу жыйынтык жок? Ооба, келип атышат, бирок кээ бир делегациялар менен формалдуу эле жолугушуулар өтүп атат. Сырттан бир делегация келсе, албетте, формалдуу тарабы да болсун. Бирок жергиликтүү ишкерлерге көбүрөөк убакыт бөлүнсө жакшы болмок. Себеби бул жолугушуулар эң оболу – бизнес аянтча. Бардык чет мамлекеттик ишкерлердин келгенге мүмкүндүгү жок. Келгенден кийин бул жактын ишкерлери менен жолугууга кызыкдар. Эки тараптуу жолугушууга азыраак маани берилгендиктен, убакыт да аз бөлүнөт. Эки тараптуу жолугушуулар көп болсо, сөзсүз өнөктөш таап, ишкерлер ортосунда көпүрө түзүлмөк деп ишенем. Албетте, ири инвестицияны мамлекет өзү карайт. Бирок орто жана чакан инвестицияны жергиликтүү ишкер өзү эле эптеп кетмек.

Эки тараптуу жолугушуулардын аздыгынын себеби эмнеде? Биз билгендей мамлекетти колдонуп, өзүнүн чөнтөгүнө иштегендер көп. Ошондой шылуундардын кызгануусубу? Же жалкоолукпу?

Делегациялар адатта Тышкы иштер министрлиги, же түздөн-түз Экономика министрлиги жана анын алдындагы Инвестицияны илгерилетүү агентигине келишет. 2010-жылдан берки мөөнөттү алсак, эки тараптуу жолугушуулар мурдагы жылдан бери уюштурула баштады. Чет жакта иштеп жаткан биздин ишкерлерге ал жактын бизнесмендери эки тараптуу жолугушуулар керек деп айтып жатат.

Же кызыкдарлар бар, же көзөмөл жок

Мурункуга караганда эки тараптуу жолугушуулар бир аз жанданды. Бирок жетишерлик деңгээлде эмес. Өкмөттөгү кээ бир адамдар менен тыгыз иштешкен кызыкдар компания болушу мүмкүн. Кээде ишкерлер: “Делегация келип кеткен турбайбы, бизге маалымат берилген жок”, - деп айтып калышат. Анан тиешелүү министирликке кайрылып тактайбыз. Чалып сурасак: “Алар мындай эле келип кетишти” деп бүдөмүк бир нерсе айтып коюшат. Биз да артынан түшүп сураштырбайбыз. Чет мамлекеттен ишкерлер иш өнөктөшүн табайын деп келет. Балким көзөмөл жетишсиз. Жетекчиликтин көзөмөлү болсо, бизнес ассоциацияларга “баланча тармактын ишкерлери, мындай статустагы адамдар келет” деп бизге кабар эле берип койсо, биз өзүбүздүн кеңсебизде же ишкерлер менен бизнес аянтча түзүп, жолуктурганга мүмкүнчүлүк табат элек.

“Президент менен эмес, өзүнчө учкула” дешти

Башка мамлекеттин ажосу чет мамлекетке чыкканда сөзсүз ишкерлерин ээрчите барат. Барган жериндеги бизнес-форумдарга ишкерлери менен бирге катышат. Бул жакшы көрүнүш. Биз да айтып жатабыз ошондой сапарга ишкерлерди алып алса деп. Эгер бизнес-ассоциацияларга келип “Ушундай сапар бар. Барасыңарбы?” десе сөзсүз барам дегендер табылат. Ошол эле Кореяга барарда бизден бир ишкерди сунуштаганбыз. Эки-үч күн калганда “Силер президенттин учагы менен эмес, өзүнчө учасыңар” дешкен. Ошондой делегациялардын арасына ишкерлерди кошуп алса, алар жергиликтүү тарап менен өздөрү эле сөз табышып кетмек. Ишкерлерге ишеним болуш керек. Мамлекеттик кызматкер “Мына ишкерлерим” десе барган жерден инвестиция табуу да оңой болот эле. Ал ишкерге бизге окшогон бизнес-ассоциациялар кепилдик берип атпайбы.

2017-жылдагы президенттик шайлоонун натыйжасын Кыргызстандын ишкерлери да күтүп жатат деген сөздөр айтылууда. Эгер өлкөнүн кызыкчылыгына иштеген ажо келбесе өлкөдөн чыгып кетебиз деген топтор бар имиш. Жергиликтүү ишкерлер арасында ушундай күтүүлөр барбы?

Кыргызстанда жаш чыгаан ишкерлерибиз жетилип келе жатат. Арасында эртең-бүрсүгүнү “Форбско” кире турган мыктылар бар. Албетте, жергиликтүү ишкерлерде да күтүү болот. Саясий туруктуулук керек. Ишкерлер баарын баамдап карап турушат. Коңшу мамлекеттерде инвестициялык абал кандай болуп жатат деп анализдешет. Ишкерлерибиздин өлкөдөн безбеши үчүн бизнесине тоскоол болбош керек. Ишиң жакшы жүрүп, бүгүн 20 кишини иш менен камсыздап, эртең андан көбүрөөгүн жумушка алсаң, “Мунун иши жакшы болуп калыптыр, көзөмөл керек экен” дегендер пайда боло калат. 20, 40 жумушчунун аркасында үй-бүлө деген бар. Биздин ишкер чет жакка барбай жумуш ордун түзүп берип жатса, эмнеге бир жеңилдиктер каралбайт? Мамлекет тараптан кичине жардам болсо, ишин өнүктүрүп кетет.

Чиновник бут тоспосо эле, иш болот

Мисалы, күнөскана иштеткендерге эч ким жардам берген жок. Ишкерлер өздөрү бул пайдалуу экен деп ачып, бири-бирине жардамдашып атып, өзүнчө бирикме түзүп алышты. Бут тосуулар болбосо эле баары болот экен. Мамлекет кийлигишпеген, эки тармакты айтып берейин. Биринчиси - текстиль тармагы. Учурда “Кыргызстанда жасалган” деген бренд таанылган. Орусиянын 30 пайызы “Кыргызстанда жасалган” деген кийим тандашат. Экинчи тармак - курулуш. Башында чет жактын курулуш компаниялары келип куруп башташкан. Биздин жергиликтүү курулушчулар чет жакта иштеп келип “Биз да кура алат экенбиз” дешти. Учурда Бишкекте имараттардын 70%ын жергиликтүү компаниялар куруп жатышат.

Ишкерлердин колунан бардык нерсе келет дегенден алысмын. Ишкерлердин көбү өз укугун билбейт, таламын талаша албайт. Текшерүү келсе эмне кылып, эмнени талап кылыш керек экенин билбегендер бар. Биз ошондон улам ишкерлерибизге семинарларды уюштуруп, мамлекеттик органдар менен жолуктурууга көп көңүл бурабыз.

Акчалуу менен иштерманды жолуктурабыз

Биз 2015-жылы ички инвестиция тартуу максатында биринчи жолу “Бишкек Инвест Форумун” (БИФ) өткөргөнбүз. Быйыл да өткөрүп жатабыз. Былтыр 120 долбоор келип, биздин каржы бөлүмдө иргелип, 5 долбоор форумда презентация кылынган. Алардын 3-4ү каржылоо таап, иштеп кетти. Биз былтыр акчасы бар адам менен ишин кеңейткиси келгенди жолуктуруп, өнөктөш кылдык. Быйыл иштеп жаткан гана эмес стартап долбоорлорго да каражат тартуу мүмкүн болот. Мындан сырткары, бул инвест-форумга катышууга индус, казак, орус, америкалыктар кызыкдар болуп жатат. Ошондуктан быйылкы БИФти биз сырттан келген жана ички инвестиция деп бөлүп өткөрөлү деп жатабыз. Үмүтүбүз чоң. Кризис башталганда биз аны “мүмкүнчүлүк жолу” деп атаганбыз. Көп ишканалар кризис убагында бутуна туруп кеткен. Биз да ишкерлерге бул мүмкүнчүлүктү колдонуп калуу биздин колубузда деген ойду айтып жатабыз.