Материалы на русском

Комбат Кыргызстандагы номер бир жылкы

20 октября 2016 г. 15:15 2751

Көк бөрүдө улакчынынын эң негизги таянычы бул анын минген аргымагы. Ат менен улакчы канчалык бири-бирине бап келип, бири-бирин жакшы түшүнсө көк бөрү ошончолук көркүнө чыгат. Демек, көк бөрүнү аргымаксыз элестетип болбойт. Улакка ат кантип тапталат, күлүктүн аттары менен улактын аттарынын тапталуу айырмачылыгы эмнеде? Буга чейин көк бөрүдө кандай атактуу аргымактар чыккан жана учурдагы лидер команда “Сары-Өзөндүн” тулпарларынын кандай өзгөчөлүктөрү бар экенин өмүр бою жылкы менен тагдырлаш жашаган саяпкер Мырзакматов Таалайбек ага сыпаттап берди


“Сары-Өзөн” командасындагы аргымактар

Алты жылдан бери “Сары-Өзөн” командасынын аттарын карайм. Учурда карамагыбызда 14 жылкы бар. Командага Чүй өрөөнүнөн жакшы аттарды карап, ылайыкташтырып тандап алабыз. Мурда улакка жалаң буттары жоон кыргыз жылкылар чабылчу. Кийинчерээк союз таркагандан бери аралаш чабылып калды. Ал кезде таза кандуу аттарды бир командадан бирден жолуктурсак, азыркы көк бөрүдө таза кандуу англис жылкыларын көп эле кездештирип калдык. Тескерисинче, азыр кыргыз жылкылары дээрлик жок болуп кетти. Учурда улакка таза кандуу жылкылар көп түшөт. Кийинки 5 жылдыкта көк бөрүгө жалаң эле таза кандуу, күлүк жылкылар минилип жүрөт. “Сары-Өзөн” командасында азырынча чалыш жылкылар басымдуулук кылат. Оюнга аттар турнирге жараша болжолдуу 2-3 айдай күнүгө машыктырылып даярдыктан өтүшөт. Негизинен курамдагы аттардын теңинен көбүн 6 жылдан бери ойногон буудандар түзөт. Мындан сырткары, жаңы аттарыбыз дагы бар. Курамдагы жалпы аргымактарды сыпаттап өтсөм, команданын капитаны минген номер биринчи Арго деген айгыр Беловедскийден алынып келинген. Учурда Арго 12 жашта. Теги таскак жылкы. Экинчиси - Байтур деген атыбыз, башы Ысык-Көлдөн. Учурда 6 жашта, жекеме-жекеге ойнойт. Байтур азыр ортого чыкканда улакты алганча күткөндү жана дагы ушул сыяктуулардын барын эс-тутумуна алып калды, дагы 4-5 жыл ойной турган чамасы бар. Бул аргымакты командага Суусамырдагы “Байтур” фирмасынын өкүлү Тынчтык деген байкебиз демөөрчүлүк кылып алып берген. Ошондуктан аттын ысымы да “Байтур”. Үчүнчүсү - Нурбек деген жигитибиз ойноткон Жиган деген бууданыбыз 4 жашта. Бул коргонууда ойногон ат. Көк бөрүдөгү атактуу буудандардын бири болгон Соң-Көл деген атыбыз 9 жашта, чабуулчу ат. Бул күлүк башы Шалта айылынан чыгып, Көлгө сатылып көп байгелерди уткан күлүк жылкы болчу. Кийин Соң-Көлдөгү Тайлак баатырдын тоюнда чабылып жатканда бутунан кетип, аксап калган. Биз ошол жерден улакка чапканга сатып алганбыз. Ушундан улам ысымы Соң-Көл болуп калган, өзүнүн мурдагы аты Жарык Төш болчу. Кийинки Лексус деген аргымагыбыз жекеме-жекеде ойнойт жана мындан сырткары чабуулчу жылкы. Нур кашка, Телтору деген аттарыбыз коргоодо мыкты ойногон аргымактар болсо, Туман - көк бөрүдөгү алдыңкы чабуулчу буудандардын бири. Эркетору менен Айтумар - нукура кыргыз жылкылар. Айтумардын өзгөчөлүгү коргоого да, чабуулга да ойногон жылкы. Кыргызстандагы номер биринчи аргымактардын бири болгон Комбат деген бууданыбыз Сокулуктагы Самат деген жигиттен алынган. Комбат таза кандуу жылкы. Бул аргымакты Рустам Тыналиев эмгектенип атып тайказанга көндүрүп алды. Учурда экөө жалпы көк бөрү сүйүүчүлөрдү тамшандырган мыкты оюндарды көргөзүп жатышат. Мындан сырткары, быйыл Карагер деген жаңы ат алдык. Бул чабуулда да, коргоодо да ойной турган аргымак. Аттарды көк бөрүгө улакчылар менен биргелешип чогуу үйрөтөбүз. Даярдыгы боюнча курамдагы аргымактардын баарын бирдей суутпайбыз. Мисалы, жем-чөптү коргоодо ойногон аттарыбызга көбүрөөк, чабуулчу аттарга азыраак беребиз. Анан Чүй өрөөнүндө кышкысын жер улак болот, бул атты жакшы тарбиялайт. Башка облустарда жер улак көп болбойт. Чүйдө кышы менен жер улак, шерине, той улактар көп болот. Аттар ушул жерден жакшы тарбияланат жана эл көзүнө көрүнөт.

Көк бөрүдөгү айтылуу аргымактар

Көк бөрү жаңыдан телчигип келаткан кезде бир командадан ондон ат чыкчу жана ал кезде азыркыдай учкаяк аттар аз болчу. “Аракет” командасында ортого ойногон Торпедо деген мыкты ат болгон. Ал эми “Дордой” командасынан Орус, Марадонна, Крас, Альянс, Доллар, Ак жал деген атактуу аргымактар чыккан. Марадонна аягы Казакстанга сатылып, ошол жерде көз жумду. Орус ортодо оюн көргөзчү, ошол кезде көк бөрүдөгү атактуу буудан болгон. Теги Дон жылкысы. Абдан мыкты тулпар болчу. Бул буудан менен бир кездеги атактуу оюнчу, азыркы ардагер улакчы болгон Эрмек Шекитов оюн көргөзгөн. Орус “Аракет” командасында чабылып жүрүп, арты “Бөрүлүгө” барды.

Улак аттарынын тапталуу айырмачылыгы

Күлүктөр менен улакка чабылган аттарды таптоодогу эң негизги айырмачылык экөөнү эки башка суутат. Күлүк аттарды таптагандар жыл бою суутушат. Ал эми улактын аттарын эс алдырып суутуп турабыз. Бирок улакка чыккан аттын деле суутулушу кыйыныраак. Жакшы билбесең өлтүрүп аласың. Баарын алдын-ала сезип-туюп турушуң зарыл. Аттын этин келтирип, дем алуусун ачышың керек. Улакка атты жалаң эле ат майданында машыктырбайбыз, тоого да алып барып иштетип келебиз, түйшүгү көп эле. Жумуш таңкы саат 5те башталып, кечки саат 11ге чейин созулат. Бир жакка барсак кайра келгенче шашабыз. Күлүккө бутунан жаракат алган жылкылар чабылбайт. Ал эми көк бөрүдө жаракат алган аргымактарды эс алдырып чаба берсе болот. Ошондой эле улактын аттары менен күлүктөрдүн жем-чөбүндө өзгөчөлүктөр бар. Күлүккө сулу беришсе, улактын аттарына тартылган арпа беребиз. Анткени арпа берсе ат бат эт алат. Ал эми күлүктү таптагандар атты эт алдырбайт ошондуктан сулу, улпак беришет.

Кесибимден адашпаптырмын

Ар бир кыргыздын өзүнүн карманган нерсеси болот эмеспи. Чоң атабыз саяпкер киши болгонго бала кезибизден ат менен чоңойгонбуз. Мен кичинемден эле “сарайда жашайм, ат багам” деп айтчу экенмин. Кийин аскерден бошоп, Кыргызстанга келе атканыбызда жаныбыздагы казак бала “ат чабыш болот экен” деп айтып калды. Анан билетти кеч алып Москвадагы ат майданга барып ат чабыш көрдүк. Ошондон тарта жылкыга болгон кызыгуум биротоло күчөдү десем болот. Биз аскерден келгенден кийин союз тарап, айылда жумуш да токтоду. Иштеш керек болуп шаарга келдик. Иш издеп борборго кетип баратканымда эле “Мен шаарга барганда деле сарайда жашайт болушум керек” деп айткам. Борборго келгенимде адегенде курулушта иштедим. Ошол кезде Байтик баатырдын мааракесине карата уюштурулган ат чабышты көргөнү ат майданга келип, бул жакта иштеп калдым. 1996-жылдан бери ат майданында эмгектенем. Башында эки жылдай ошол жердеги жылкыларды бактым. Анан командалык көк бөрү оюну түптөлүп бул жакка тайказан курулду. Көк бөрүдө биринчи “Дордой” командасынын аргымактарын 10 жыл бактым. Кийинчерээк “Дордой” командасы тарап кеткен соң “Аракет” командасынын аттарын 4 жылдай карадым. Ал ортодо Аскар Салымбеков “Дордойду” кайра жандантканда кайра келип, команда таркаганча эмгектендим. Эми “Суусамыр”, азыркы “Сары-Өзөн” командасынын буудандарын бүгүнкү күнгө чейин карап келем. Мага өзүмдүн кесибим абдан жагат, айлыкка деле карабайм. Мен командага жаңы келген аттар улакка көнүп, он миңдеген көрүүчүлөрдүн алдында чуркап, мыкты оюн көргөзсө “ушул ат табына келиптир” деп ошого канааттанам. Саяпкерликти тандап алганыма такыр өкүнбөйм, кесибимден адашпаптырмын.