Маданият/Искусство

“Чапанга топчу тагып койгондон коркчумун”

6 октября 2016 г. 14:25 1257

Гезитибиздин бул санында улуттук кийимибиз - чапанды дүйнөлүк мода аренасына алып чыгып, өлкөбүздү таанытып келе жаткан Жумагүл Сариева эже менен маектештик. Чапанды пайда көрүү үчүн эмес, эл кие турган деңгээлге алып чыгуу үчүн иш баштаган ишкер айым ар тармактан сөз козгоп берди

Чапан кыргыз элинин талабы

Чапан деген бул кыргыз элинин талабы болчу. Өзүмдүкү десем туура болбой калат. Ар бир элде өз салт-санаасын унутуп калып, ага кайра кайрылгысы келип, түп тамырын издеп калган бир маал болот. Биздеги ошол кыргыздын кийимин кийсек, кыргыз тилде сүйлөсөк деген изденүү сезим союз таркангандан кийин пайда болгон. Чапан менен иш алып барып калганыма балким ушул нерсе түрткү болду. Өзүм көрүп, билип жүргөн чапанды элге тартуулагым келди. Чапанды менден башкалар деле жасап келе жатышкан. Бирок биздин өзүбүздүн жекече линиябыз, көз карашыбыз бар. Чапанды заман талабына ылайыкташтырып, улуттук кийимибиз дүйнө жүзүнүн модасынан калбасын деген аракетим.

Байбичелерден уккан оокаттарды чыгарганга жетишип калуу керек

Башында мен апамдан, чоң аталарымдан көрүп жүргөн чапан башкача чапан болчу. Бирок өзүң жасаарда бөлөк ой толгоо болот. Ага алдын ала даярданышың керек. Союз таркаган кезде чапан бирин-экин чыгып, көп эмес болчу. Көп чыгаруу үчүн мен китепканада үч ай болуп, китептер менен иштедим. Болгон маалыматтын баарын чогултуп анан иш баштадым. Башталышында чапандын чөнтөктөрү дагы жок болчу. Чөнтөк кесип, топчу тагып койгондон коркчум. Анткени биздин улуттук кийим жөнүндө Антипинанын сүрөтүнөн башка бир дагы маалымат жок экен. Бул нерсе дагы иш баштаганыма түртү болду. Менин апам азыр 95ке чыгып келе жатат. Ушундай байбичелерден уккан оокаттарды чыгарып калганга жетишип калыш керек.

“Кемпирим экөөбүз үйгө батпай эшикке баскыбыз келип калды”

Кыргыздар өзүбүз аябай оор басырыктуу калкпыз. Биздин кийимдерибиздин түстөрү дагы бул мүнөзүбүзгө жараша калыптанган. Мындай түстөгү кийимдерди жаштар кабыл албай коюшу мүмкүн. Биз болсо кийимди саркеч кылып, жаштарга ылайыктап чыгарып жатабыз. Көбүнчө ушу жаштарга изденүүнүн аркасында, жаңы варианттар жаралууда. Азыр кыргызчылыкты сактап, стилдештирилгенден коркпош керек. Айылдагы кишилер саркеч болуп, үйгө олтурбай сыртка чыккандай болуусу зарыл. Биздин бир кардарыбыз бар. Өздөрү куракка жетип калган адамдар. Ал бизге келип кемпирим экөөбүзгө деп чапан жасаттырган. Кийин мен Францияга кетээрдин алдында келип ыраазычылыгын айтып кетишти. “Кемпирим экөөбүз үйгө батпай эле эшикке баскыбыз келип калды. Чапан кийип чыксак элдер моделдердей кылып сүрөткө тартышыт” дешти. Демек аларга кийим дем берип жатса бул жакшы нерсе да. Мындай нерсе үчүн чарчасаң дагы эч нерсе эмес.

Чапандар шырык болуп тигилет

Мен чапан ишин баштаганда бизнес үчүн баштаган эмесмин. Жеке сезимдерди ойготуп, чапанды ордуна коюп, эл кие турган кылуу максатында баштагам. Азыр бул ниетиме толугу менен жете элекмин.. Биз оор жол менен барууну туура көрдүк. Ишибиздин 60 пайызы кол менен жасалат. Кездеме кайсы өлкөнүкү болбосун, бизге кебезден жасалганы керек. Чапан күнүмдүк дагы, сыйга дагы кийилген кийим болгон. Көчмөн калк үчүн шырык маанилүү. Себеби ага кир жукпайт, бышык болот. Ал кездерде идиш-аяк салган куржундардан баштап, төшөк, жуурканга чейин шырык болгон. Эгер шырылбаса бат кирдеп калган. Ошон үчүн шырык кыргыз элине аябай жакын. Экинчиден ал жылуулукту бекем кармап турат. Илгерки шырыктын астына жүн кошулган. Кийин биз анализдеп көрсөк, жүн жууган сайын кире берет экен. Ошол себептүү биз азыр кебез кошобуз.

Чапандар 3000 сомдон башталат

Баа боюнча беш кол тең эмес экен. Чапанды башында 3000ден сатканда деле кымбат дешти. Эл үчүн иштесең дагы, элдин баарына жеткире албайт экенсиң. Биздин ишкана бай эмес. Ошондо деле баалары жеткиликтүү болсун деп арзандатууларды, белектерди кылабыз. Бирок баарын бекер кийгизе албайт экенмин. Энелерге деген линиябыздын баасы 3000-7000ге чейин. Чет өлкөдөн алынып келген кездемеден тигилгени менен экөөнү жанаша коюп койсоң, тигини деле ушул баага бер дешет. Эми бул кездемелердин кайдан келгенин, алардын жол акысына төлөнүп олтуруп, баасы жогорулап кетишкенин көбү түшүнүшпөйт.

Жаштар менен иштейм

Азырынча эскиздердин баарын өзүм жасайм. Кол алдымда көбүнчө жаш кыздар иштейт. Өз тобума жаштарды алам. Анткени бара-бара жумушту жаштарга өткөрүп беришибиз, алар үйрөнүп калышы керек. Бирок мен илгеркини көрүп калгандыктан идеям көп. Мен өтмөкчү киши катары көрүп калгандарымды булар билбейт. Төрт баламдын бирөөсүнүн таланты бар. Францияга алып барган коллекциябыздын айрымдарын ошол кызымдын эскизи менен даярдалган.

Үй-бүлөм ишиме аралашпайт

Өзүң баштап, жакшы көргөн иш кичинекей баладай эле болуп калат экен. Ооруп калсаң дагы эртең менен келип бир, кечинде бир карап кетет экенсиң. Бул нерсе жумушчуларыма ишенбегендик эмес, ошол жумуштун нугунан бузулуп, кардар ыраазы болбой калбасын дегендик. Бош убакыт жок болуп жүрүп, адам баласы ошого көнүп калат экен. Кээде бир күн дем алыш болгондо, ал күн мага араң өтөт. Бошосом эле балдарымды эстеп кирем. Жумушум менен алаксыйм. Жолдошум колдойт. Бирок баары бул чөйрөдөн алыс. Жумушумду менин үй-бүлөм бир хоббим катары көрүшөт. Аларды ишиме аралыштырбайм.

Үй жактан аксап келем

Мен балдарымдын баарын чоңойтуп, учуруп койдум. Кээде алар эс алууга келгенде алар менен чогуу болууга убактым болбой калат. Бул жагынан кемчилигим тоодой эле. Мен жумушумду сүйүп берилип иштеп жаткандыктан, үй жактан аксап келем. Азыр өкүнгөнүм эле балдарым эс алууга келгенде аларга убактымды бөлүп,ыраазы кылып, чогуу боло албай жаткандыгымда. Быйыл уулум айтты “Эс алууга келгенде сизди көрбөй, сагынычым жакшы тарабай калды” деп. Мен ал маалда көчмөндөр оюунуна чапандарды тигип жаткан элем. Жумушту токтотуп койгонго убакыт жок болчу. Азыр болсо интернет аркылуу сүйлөшүп турабыз. Балдарым мени түшүнүшөт.

Үй-бүлө менен бизнести чыгармачылыкта чогуу алып кете албайсың

Эгер ишкер айымдын командасы тың болсо үй-бүлө менен бизнести чогуу алып кеткенге болот. Бирок бул нерсе кагаз жүзүндөгү жумуштарга туура келет. Анткени чыгармачылык иште баары бир бир бутуң бул жакта болбосо иштин нугуна чыга албайсың. Эгер мен көйнөк тиксем бир он моделин жасап, буну жүздөн жасай бергиле деп кыздарыма берип коет элем. Биздин жумуш болсо индивидуалдуу, бир чапан экинчисине окшошпойт. Ошол себептүү мен жумушумдан бошой албай жатам деп ойлойм.

Белгилүү дизайнер Вячеслав Зайцев чапандарды жактырды

Биринчи коллекциямдан алган таасирим чоң. Себеби аны жаратаарда бул болобу же болбойбу деген ой толгоо менен эл астына койдум. Бүт дүйнө жүзүнөн дагы кыргыз элимдеги болгон биринчи көргөзмөмдө аябай толкундангам. Себеби аны тартуулоо алдында бул элге керекпи же менин эле ойлорумбу деген нерсе бар эле. Бирөөнү дагы сатыкка чыгарбай, эл сыноосуна койгонбуз. Кудайга шүгүр жакшы болду. Москвадагы колекциябызда белгилүү дизайнер Вячеслав Зайцев менен жолугуп, баарлашып анын сыноосун угуу бул чоң жетишкендик болду. Себеби ал дагы этновариантын көтөрүп келет. Корея, Франция, Америкага барганда дагы баары таң калуу менен жакшы кабыл алышты.

Баштагандан коркпоо керек

Жаш канча болсо дагы бир нерсени баштагандан коркпош керек. Эгер нан жасайм десең дагы, жеген кишилердин ден-соолугуна пайда болсун деген ниет менен жасасаң, пайда болот. Кичине нерседен баштагандан коркпоо зарыл. Баштаган жумушуңду сүйүп, берилишиң керек. Өзүңө ишенбесең иш чыкпайт. Эгер менде ишенич жок болсо, чапандар болбой калмак. Дүйнө жүзүн багындыра алам деген ишеничте болуу зарыл. Кыйынчылык көп болот. Бул жолдордон өткөнгө үйрөнүп, баары даяр болуп түшүп калат дебестен алдыдыгы азап-тозокко чыдоо зарыл. Башында мен чапан боюнча жакшы жактарын айттым. Кыйналган күндөр болсо анын ары жагында.