Маданият/Искусство

Азамат Жаманкулов: “Элим мени “патриот бала” деп айткан деңгээлге чыккым келет”

22 сентября 2016 г. 10:05 1367

Акыркы учурларда мекени үчүн жан тарткан адамдардын көбөйүшү жагымдуу болууда. Мамлекетибиздин келечегин баарынан бийик койгон патриот мырзаларыбыздын бар экени эртеңки күнүбүздүн жаркын болорунан кабар берет. Кыргыз Республикасынын Туризм департаментинин мүдүрү Азамат Жаманкулов мырза жаш болгонуна карабай бир топ ийгиликтерди багынтканга жетишкен. Жаңы идеяларга бай жаш мүдүр гезитибизге кызыктуу маек куруп берди...


Тажрыйбамды арттыруу үчүн бардым

Өзүм Таластын кулуну болом. Таластагы “Манас” лицейин окуп, алтын медаль менен бүтүргөм. Кийин “Манас” университетинин менеджмент факультетине тапшырдым. Студенттик күндөрүмдү активдүү өткөрдүм. Окуу жайдын дебаттарын, “Сайф” аттуу башкаруучулукка кирүү клубдарын башкардым. Кийин өзүмдүн ишимди ачып Америкага кеткем. 2008-жылы Эл аралык университеттин банктык иш бөлүмүнө тапшырып, ийгиликтүү бүтүрдүм. Университеттен соң тажрыйбамды артыруу, билим алуу үчүн көптөгөн мамлекеттерге барып келдим.

Грузиядагы реформалар абдан таасирлентти

Барган чет өлкөлөрдөн таасир калтырганы Грузия болду. Алардын акыркы күндөрдө жасап жаткан реформаларын жактырдым. Ал жерде сот, милиция, мамлекеттик кызматкерлердин элге жасаган мамилесин, реформаларын, өлкөдөгү сервис күнүнө автоматташтырылып, ылдамдап жатканын көрүп кызыктым. Ал эми маданият жагынан Түркия, өсүш жагынан баары өз ордун таап калган Американын системасы жакты. Технология менен экономиканы бат өнүктүрүү боюнча Түштүк Корея суктандырды. Мындай мамлекеттердин жакшы жактарын алсак болот, бирок ошону менен биргеликте идея жактан бизде дагы көп нерселер бар. Болгону биздеги баалуулуктар менен дүйнөлүк тажрыйбаны топтоп келип аралаштырсак баары жакшы болчудай.

Туризм тармагына жөнөкөй кызматкер болуп келгем

Университетти бүткөндөн кийин жеке ишкерлик менен алектенип жүргөм. Бир күнү инвестициялык фондго чакырып калышты. Ал жерде Кыргызстанга кандай инвестицияларды алып келсе болот деген нерселер менен иштедим. Кийин экономика министрлигинде ушул эле тармак боюнча эмгектендим. Бул аралыкта тааныш байкелерим Дүйнөлүк көчмөндөр оюну болоорун, ага кошулуумду сунушташты. Ал жакта жөнөкөй эле кызматкер элем. Бир айдын ичинде оюнду уюштуруу тобунун башчысы болуп калдым. Ал оюндан туризмдин Кыргызстандын келечеги үчүн канчалык орду чоң экенин түшүндүм. Туризм тармагы маданиятка, экономикага, инвестициялык секторго, адамдардын бир-бирине кылган мамилесине, башка тилдерди, маданияттарды үйрөнүүсүнө чоң өбөлгө болорун билип, кызыга баштадым. Оюндан кийин Кыргызстандагы “Курорттор ассоциациясынын” мүдүрү болуп дайындалдым. Кийин чакыруулар менен туризм департаментине келип, декабрдан баштап башкарып калдым.

Бийликке өз эмгегим менен келгем

Бийликке жетиш үчүн сөзсүз таанышың болуш керек деген нерсеге кошулбайм. Менин жанымда колдоп турган эч кимим жок. Атамдар жөнөкөй эле фермерлер. Алар эч убакта бийликке келишкен, кызыккан дагы эмес. Туугандарымдын арасында бийликте жүргөндөрү бар. Бирок менин бул кызматка келишиме алардын тиешеси жок. Бул орунга өз күчүм жана эмгегим менен жеттим. Ооба, татыктуу адамдар көп болуш керек. Бирок бул жерде ачык бешененин дагы орду чоң. Ошондой эле туризм жаңы, инновациялык сектор болгондуктан, жаңы тенденцияларды, жаңы тилдерди билген, инвесторлор менен сүйлөшө алган адамдар керек болгондуктан мени тандап алышкан десем болот.

Туристтер нан таап берчү адамдар

Кыргызстанда туризм жаңыдан өнүгүп келе жатат. Өлкөбүзгө азырынча көп деле турист келе элек. Келип жаткандары болсо келе турган туристтердин бир эле бөлүгүн түзөт. Мамлекетибиздин кадыр-баркын көтөргөн сайын турист да көбөйөт. Биз Кыргызстанды ошого даярдашыбыз керек. Даярдоо деген кандай? Туристтер биринчи учак менен учуп келет. Демек, учактардын түз каттамы, ыңгайлуу болушу зарыл. Экинчиден, аэропорт канчалык деңгээлде кызмат көрсөтө алат. Үчүнчүдөн, “такси, такси” деп кыйкырып турган айдоочулардын канчалык деңгээлде Кыргызстандын тарыхы жөнүндө маалыматы бар, алар келген туристтке өлкөсү жөнүндө айтып бере алабы? Мына ушулар маанилүү. Анткени туристтерге биринчи жолуккан адамдар булар таксисттер. Андан тышкары, ресторандардын, мейманканалардын, жолдордун деңгээли да көйгөй болуп эсептелет. Биз бул маселелерди чечишибиз керек. Коопсуздук маселеси да чоң көйгөй. Өзүңүздөр билгендей, буга байланыштуу бир топ окуялар болуп өттү. Ошол себептен биз өкмөткө туризм тармагына көңүл буралы, ар бир туристтин маанилүүлүгүн элдин аң-сезимине жеткирип, алардын салым кошуп жатканын түшүндүрөлү. Эгер бүгүн туристтин машинасын сүзүп койсо, эртең үйүндө наны жок калаарын эл билишсин деген ойдобуз.

Эл “Патриот бала” деген деңгээлге чыксам дейм

Кичинемде дарыгер болгум келчү. Кийин чоңойгондо башкаруу системасында иштөөнү жактырып калдым. Азыркы учурда ушул күнгө чейинки ойлогон максаттарым аткарылды. Алдыда мындан да чоң максаттарым бар. Кээ бир кайдыгер жаштарды, туура эмес жасалып жаткан иштерди көрүп алып өкүнгөн учурларым болот. Кыргызстандын тагдырына балта чабылган учурларды көрүп алып кейийм. Патриот адам элин-жерин сүйгөн, жерине кыянаттык кылбаган адам деп эсептейм. Мен мекенимди сүйөм, эгер кете турган болсом качан эле кетип калмакмын. Эл мени “патриот бала” деп айткан деңгээлге чыксам дейм.

“Мага бийлигиңдин кереги жок”

Ар бир адамдын устаттары болот. Менин да устаттарым бар. Алар өзүмдүн иштөө багытымдагы адамдар. Керектүү учурда колдоп, кеп-кеңештерин берип турушат. Апам баардык энелердей эле эл башкарган лидер болуумду каалачу. Ал ар дайым “Кандай гана коомго туш келбе, кандай гана элдин арасында болбо өзүңдү татыктуу алып жүр. Душман менен да, дос менен да мамиле түзгөндү бил” дечү. Атам “Сенин министрлигиң, бийлигиң мага кереги жок. Болгону туура адам болсоң болду. Элдин алдында мени уят кылбасаң болду” деген сөздөрдү көп айтат. Ошого татыктуу болсом дейт.

Урматтоо жок болсо иш жүрбөйт

Ар бир адамдын мүнөзү бар. Ошол мүнөздүн оң жана терс жактарын, кайсы адамга кандай мамиле жасаса туура кабыл аларын билиш керек. Бирөөгө катуу айтсаң угат, бирөөгө жумшак дегендей. Башкаруунун өзүнүн таланттары бар. Бул жерде менин кол астымда өзүмдөн улуу кишилер көп. Алар менен да мамиле түзө билиш керек. Алар сени урматташы керек. Болбосо иш жүрбөйт. Ар бир мамиледе ошол мамиленин өзөгүн табуу зарыл. Мен ошол өзөктү тапканга аракет кылам.

Мен тагдырга ишенем

Учурда бойдокмун. Кыргызда бала үйлөнбөй калса эле ар жактан жаалап үйлөнткөнгө аракеттене башташат. Өзүм аябай принципиалдуу кишимин. Өз оюма туура келгенче эч нерсе жасабайм. Жумуш убактысына убактымдын баарын арнап жүрүп жеке турмушум артта калды. Ооба, кийин буга өкүнүп калышым мүмкүн. Бирок анын ордуна жасап жаткан иштериме, жеткен натыйжаларыма эч качан өкүнбөйм. Мен тагдырга ишенем, ошол тагдыр мага бир күнү жолукчу адамымды алып келет болуш керек.

Кыргызстан деген ат ар бир ооздо угулду

Көчмөндөр оюнунун эки чоң максаты бар эле. Биринчиден кыргыз эли үчүн өлкөнүн төрт бурчун бириктирүү форматы. Оюн туралуу мамлекеттин ичинен идея жаралып, анын үстүнөн бир дагы жаран калбай күрөшкөн учур болду. Баарыбыз билгендей күрөшкөндө биригет. Ошол биригүү форматын биз оюн учурунда көрдүк. Он миңдеген стадиондордо, Кыргызстан деген аттын ар бир ооздо угулушу, элдердин ушунчалык Кыргызстан жөнүндө сүйүнүп, мекени туралуу ичинде намысы пайда болуп жатты. Көчмөндөр оюну улуттук оюндарга өздөрүн көрсөткөнгө чоң аянт болуп берди. Америкалыктар келип суктанып “Ушундай укмуш оюндарыңар бар турбайбы. Эмне үчүн көрсөтпөйсүңөр? Эмне үчүн биз аны ойнобойбуз?” деп айтышты.

Бул оюнда маалымат жагынан аксоолор болду

Көчмөндөр оюунун биринчисинде байкалган чоң кемчилик ипподром маселеси болчу. Анткени 7000 кишилик ипподромго эл батпай, дааратканалар, суулар жок болчу. Ошолордун баарын эске алып, бул оюнга аябагандай чоң эл аралык стандарттагы, ичинде баардык шарттары менен ипподром салынган. Быйыл болгон иш-чарадан дагы баарыбыз чогулуп, кандай кемчиликтер кеткенин талкууладык. Быйылкы чоң кемчилик түзүлбөгөн шартка ылайык Кырчын жайлоосунда болуп калды болуш керек. Коомдук дааратканалар, суулар, маалымат тактайларынын, брошуралардын көп жерде таркатылбаганы белгилүү болуп, маалымат жактан аксап жатты. Келээрки оюнда буларды эске алабыз.

Көчмөндөр оюну Бразилиядагы карнавал, Испаниядагы корида сыяктуу болот

Эми болсо олимпиадалык оюндар сыяктуу этно оюндар деген башка форматты өнүктүргөнү жатабыз. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну чоң туристик фестиваль катары Кыргызстанда калат. Дүйнө эли эки жылда бир келип, көчмөндөр турмушун ушул жерден көрөт. Көчмөндөр оюнуна 2016-жылкыдай кылып, чоң акча коротпошубуз мүмкүн. Бирок кийин туруктуу болуп калса, элдер бул жылы мен Кыргызстанга барам деп билип калат. Бул нерсе Бразилиядагы карнавал, Испаниядагы корида сыяктуу болот. Ошол себептүү оюн туристик фестиваль сыяктуу улантылат. Бирок спорт менен маданият бирге жүрөт. Ал эми дүйнөлүк этно оюндар олимпиада сыяктуу дүйнө кыдырышы мүмкүн. Мен ойлойм Көчмөндөр оюну кийинчерээк спорттук жагынан өз актуалдуулугун жоготушу мүмкүн. Себеп дегенде этно оюндар дүйнөлүк спорттордой укмуш оюндар эмес. Бул көбүнчө маданият менен жуурулушкан спорт. Алсак кушчулар деле жыл сайын ар өлкөнү кыдырышат. Аларга бири-бири менен мелдешүү кызык эмес. Аларга оюнду, маданиятты көрсөтүү, бири-бири менен таанышуу кызык. Бирок көчмөндөр оюндарынын өз оюндары калат. Ошолорду көргөнү туристер келет.