Маданият/Искусство

Ар бир чыгарманын өзөгү болуш керек

15 сентября 2016 г. 11:45 812

Адабият адептен келет демекчи, бүгүнкү күнү адебибиз адабиятыбыз менен кошо аянычтуу абалда турган учур. Ушундан улам бул маселеге аз да болсо көңүл бөлүп, “Арзуу”, “Керемет дүйнө”, “Чөө жана адам” жана башка көптөгөн чыгармалардын автору, КТРКнын отличниги Суусарбек Тыналиев менен адабият тууралуу маектештик


Бүгүнкү күнү мисалы, “Кумтөр” маселеси абдан талаш-тартыш жаратып атпайбы. Бир жылы "Кумтөргө алынып бараткан химикат көлгө төгүлүп кетти" деп чыгышпады беле. Ошонун таасири миңдеген кишиге тийип, рак оорусунан жабыр тартышкан. Ошол көрүнүштү «Арзуу» аттуу чыгармамда чагылдыргам. Мына ошол химикаттын натыйжасынан ооруга кабылган кыз шаарга келип, бир окумуштууга жолугуп, экөөнүн ортосунда сүйүү сезими тутанып кетет.

Чыгармада мына ушул экөөнүн ортосундагы сүйүү чагылдырылат. Зыяндуу заттын экологияга тийген таасири, дүйнөлүк окумуштуулардын колдогону жана ушул сыяктуу негизги күрөштөр камтылган. Кумтөр окуясы аябай чоң маселе, канча депутат, канча министрдин арасында талаш-тартыш болуп, чечилбей эле келатат. Негизги маселе аны казбай эле кантип сактап калыш керек деген суроодо. Мисалы, ал жерде 10 миллиарддык иштетилбеген алтын турса, ошонун 50 пайызына инвестиция тартса, бизге 5 млрд. инвестиция келет. Ошол 5 млрддык инвестиция менен кыргыз элине завод, фабрика сыяктуу нерселерди куруп мамлекетти өнүктүрсө болмок. Аны казып, экологияны бузган менен канча адам андан жабыр тартып жатат. Ага канча чыгым кетет? Мына чыгармада жогоруда айтып өткөн окумуштуу ошол маселени көтөрүп чыгат. Андан кийинки аңгемелерде элдин турмушу чагылдырылган. Турмушту көркөмдөп чагылдырууда анын мааниси жаштарга тарбия бере тургандай кандайдыр бир философиялык ойлору болуш керек. Мындайча айтканда, адам чыгарманы окуганда таасир ала тургандай болушу керек.

Жаштар узун аңгемелерди окушпайт

Мисалы, Расул Гамзатовдун чыгармасын алып көрөлү. “Менин Дагестаным” деген чыгармасын кыска эле берген, бирок учурунда укмуш дүңгүрөгөн. Анткени ал кыска болгону менен аябай таасирдүү чыгарма. Дүйнөлүк адабияттарда, мисалы үчүн, Жек Лондондун жана Драйзердин чыгармаларын алып карасак, романдын ичинде адамдардын кетирген катасы чындыкты, ак ниеттүүлүктү, деги эле адамдын ички дүйнөсүнүн бардыгын чагылдырып көрсөтүп берет. Аны окуп атканда өзүң аралашып жүргөндөй болосуң. Таланттуулуктун касиети да мына ушунда эмеспи. Алардын чыгармаларын окуганда баш каарман кетирген каталарды сен өз жашооңдо кайталабашың керек. Андай болуш үчүн ал чыгарма сага таасирин тийгизиши керек. Негизи эле чыгарма деген нерсени адамдын күзгүсү десек болот. Анан окуганда да талдап окуш керек.

Мисалы, Ч.Айтматовдун “Жамилясын” карайлы. Бул чыгармада сүйүүнүн кереметтүүлүгүн, анын күчтүүлүгүн калем менен кагаз бетине төшөгөн. Кандай гана таасирдүү чыгарма. Бул чыгарманы да учурунда көп сындашкан, бирок баары бир дүйнөнү дүңгүрөткөн эки жаштын сүйүүсү ачык көрсөтүлгөн. Сүйүү жөнүндө дээрлик бардык жазуучулар жазып жүрүшөт. Негизи, сүйүүнү өзүң сүйгөндө билесиң деген чын. Сүйүп, сүйүүнү башыңан өткөрмөйүнчө так айтып берүү кыйын. Бүгүнкү күнү узун аңгеме жазбай, кыска-кыска аңгеме жазып калганымдын себеби - жаштар узун чыгармаларды көп окушпайт. Кыска болсо да таасирдүү кылып, философиялык ой менен берүүгө аракет кылгам.

Технологиянын өнүгүүсү жаштарды адабияттан алыстатты

Жаштардын адабияттан алыстап кетиши да чоң көйгөйлөрдөн. Алар эмне үчүн окубай, адабиятка, негизи эле китеп дүйнөсүнө кызыкпай атышат? Мунун бир нече себептери бар. Биринчи фактору – илимий-техникалык прогресс өнүккөн. Интернет деген нерсе пайда болду. Интернеттен карап, баарын ошол жактан алса болот деген түшүнүккө таянып алышты. Ал эми интернетте жаманы да, жакшысы да бар, ылгабай эле окуй беришет. Мурун азыркыдай сыналгыны көп көрүшкөн эмес. Азыр алаксытуучу нерселер көп болгондуктан да китептер окулбай калууда. Мындан өспүрүмдүн психологиясы зыян тартат. Адам баласы оң жакка караганда терс жакка тез оойт экен. Ал эми Советтер Союзунда цензура деген нерсе болгон. Терс мааниде жазылган чыгармаларды бербей, жакшы нерселерди гана чыгаргандыктан бары тең жакшы тарбия алышкан. А бүгүнкү күндө жаман-жакшынын бардыгы аралашып кетти. Көбүнчө жаман жактарга ооп кетип аткан учурдабыз. Азыркы адабият менен мурунку адабияттын айрымасы бир топ. Жогоруда айтып өткөндөй, цензура деген нерсе жок. Мурда цензурадан өтүп иргелип, тазаланып чыкчу. Азыр болсо акчасы бар, чөнтөгү калыңдар эле чыгарып атышат.

Азыр китепканаларда китеп батпай турат. Баягыда китепканага барсам китептин түрү көп. Саны бар, сапаты жок китептер көбөйдү. Грузин жазуучусу Шота Руставелинин бир кезде Алыкул Осмонов которгон “Жолборс терисин жамынган баатыр” деген чыгармасы бүгүнкү күнгө чейин таасирин жоготпой келет. Азыр чыгармачыл, талантуу жазуучулар деле бар. Бирок алар шартына жараша жазалбай жатат. Мисалы, кээ бирөөнүн акчасы жок болуп калат дегендей. Эми бардыгын акча чечкен заманга кептелип калбадыкпы.

Кээ бирлер болсо эл китепке кызыкпагандан кийин «кереги эмне» деп жазбай коюп атышат. Мурун мамлекет электен өткөрүп, анан бекер чыгарып, китеп чыккандан кийин калем акы төлөп берчү да. Азыр болсо андай эмес. Ар ким өзүнүн чөнтөгүнө карайт. Мисалы, 60-жылдарда адабият аябай өнүккөн. Негизинен атайын адабий мектептерди же болбосо ийримдерди ачып жаштарды окутуп такшалтсак жакшы болмок. Мына ошондо гана салмактуу китептер чыкмак. Бирок ага көп каражат сарпталат. Негизи мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, анан аракет кылынса жакшы натыйжасын бермек. Бирок муну демилгелеген адам жок. Адабиятка болгон кайдыгерлик деген ушул да.

Китепти тандап окуу кажет

Мурун устат-шакирт деген түшүнүк болгон, жазуучулар бири-бирине үйрөтүшкөн. Китепти тандап окуганга аракет кылыш керек. Китеп десе эле окуй берсең дагы болбойт. Эгер жеңил-желпи китеп окуп алсаң ал кайра адамды терс ойлорго жетелеп, терс тарбия бериши мүмкүн. Негизи китептен пайда гана алыш керек. Эми азыркы чыгармалардын баардыгын жаман дегенге да болбойт, жакшылары да бар. Бирок жанагы эптемей китептердин арасына сиңип кетип атат.

Дагы бир маселе - китептердин кымбат болушу. Кээде китеп алганга акчаң жетпей калат. Мисалы, китеп дүкөнгө барсаң китептен башың айланат. Эптеп бирөөнү тандап алайын десең 500 сомдон жогору турат. Биз го алып окуйбуз. Ал эми студенттер үчүн бул чоң эле акча болуп калат. Ошол себептен уламбы же башка себептерденби жыйылып турган китепти окуган адам жок. Мурда 40 миң, 100 миң тираж менен чыкчу. Ошонун бардыгы элге текши тарап, таланып кетчү. Азыр андай нуска менен чыгарган киши жок. Аз санда чыкса деле окулбай калып атпайбы.

Негизи ар бир аңгемеде логика болуш керек. Ч.Айтматов айткандай биринчи өзөгүн тургузуп алыш керек. Китепти окуп бүткөндөн кийин данек ала тургандай болушу шарт. Адам баласы өзүнүн башынан өткөндү жазса аябай таасирдүү чыгарма жаралат. Кээ бирөөлөр чыгарманы окугандан кийин “Ушуну эмне үчүн мен жазган жокмун?” деп ойлойт экен. “Оңой эле нерсени жазып койгон турбайбы” дешет, бирок өзү жаза албайт. Анткени жазылган, даяр нерсени окуп анан ошондой ойго келет. Таланттын күчү ошондо, ар бир адам окуса кандайдыр бир таасир алат. Негизи чыгармачыл инсандар менен көп аралашсаң, чыгармачылыкка жакшы таасир берет. Алар менен чогуу жүрүп кандайдыр бир шык аласың. Ошон үчүн чөйрөнүн да таасири күч. Жалкоо жазуучулар дагы болот. Таланты бар, бирок аракети жок. Мына ошолорго шык берип туруш керек. Бирок азыр тилекке каршы, ар ким өзүн ойлогон заман болуп калбадыбы. Бири-бири менен иши жок заман...

Айгүл Самидин кызы