Күчтүү жаран

Кытайлар атты арабанын артына кошуп баратышат

8 сентября 2016 г. 8:00

Кытайдын Нанжиң шаарында үч университетте англис тилинен сабак берип жетишип жүргөн мекендешибиз Каниет Курманбек уулу “Саресепке” келип “кылым журт” кытайдагы кыргыз жаштарынын билим алып жатканы тууралуу, кытайдын кантип оокат кылып жаткандыгы тууралуу бир эт бышым убак сөздүн аңгеме дүкөнүн эмес, базарын айлантып чыкты

Кыргыздар – намыскөй

Кытайга Кыргызстандан барган балдардын көпчүлүгү намыскөй. Окуу билим боюнча башка мамлекеттерден артта калбай, керек болсо, Европа, Америкадан келген жаштардан кем калышпай озуп тушуп окуп жаткандары сүйүндүрөт. Окууну бүтүп-бүтпөй эле Кытайдын компанияларында иштеп калып жаткандары андан да көп. Эмне себептен мындай болуп жатат дегенде, мен алып кете турган төрт-беш студент бала телефон чалып айтып жатышпайбы “Кытай элчилигинде ушундай тыгын болуп жатат. Визага кезекке туруп, мушташ чыгып кетип жатат. Кытайга кетүү үчүн күнүгө 150-160 киши кезекке туруп жатыптыр.” Көпчүлүгү билим алайын деп аттанып жаткандар. Кытай тараптан да бизге лимит (чектөө) киргизип жатат деп уктум. Азыркы барып жаткан балдардын дээрлик көпчүлүгү жакшы окуп жатат, арасында жок эмес, бирин-экин начарыраак окуган балдар болуп калат. Мисалы, башка шаарды айтпайм, өзүбүздүн Нанжиң шаарын айтсам, бул жерде 120га чукул кыргыз балдар бар. Алардын арасында иштеп жүргөндөрү да бар. Нанжиң кытайдын эң алгач түзүлгөн борбору. Өтө бай тарыхы бар шаар. “Нан” – деген кытай тилинен которгондо түштүк дегенди билдирет. “Жиң” – дегени борборду туюндурат. Бей – дегени “Түндүк”, “Жиң” – дегени борбор. Биз иштеп жүргөн шаар кытайдын түштүк борбору. Учурда калкынын саны 9 миллионго чукулдап барат. Бул жерде окуп жүргөн кыргыз балдардын ичинде окуудан аксап калгандары болот. Андай учурда сөзсүз мага кабар жетет. Алар менен жолугуп турам. Өзүмдү улуу катары эсептебесем да, алар мени улуу катары эсептеп, кеңешкени келишет. Былтыркы жылы демилге көтөрүп, “бири-бирибиз менен катташып жүргөн жакшы болот, Нооруз майрамын уюштуралы” деп балдар топтолду. Окууга барган он чакты аскер адамы дагы катарыбызды толуктап, жаз майрамы аябай жакшы өттү. Ошол жерден Кыргызстандын желегин көрүп аябай толкунданышты. Мындай иш-чара биз турган шаарда биринчи жолу болду. Чоңураак деңгээлде кылалык десек Кытайдын эрежелерине туура келбейт. Саясий иштер болуп кетпесин деп муну сөзсүз түрдө мыйзамдаштыралы дедик. Кийинки жылы мындан да чоңураак деңгээлде өткөрөлү деп ойлогонбуз. Нанжиңде кытайлык кыргыз балдар да окуйт. Кытай билим берүү тармагында өзүнчө милдеттемелери бар Шиңжаң автономиялык округунун аз сандуу этносторду колдоо боюнча атайы милдеттемеси коюлган. Аз сандагы улуттардан өзбектерди, казактарды, тажиктерди, кыргыздарды Нанжиңге алып барып билим беришет. Аларга ар кандай жеңилдиктер берилет. Мисалы, бизде Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) деп жатпайбы. Ал жакта жергиликтүү элге талап жогору болгону менен, сырттан келген балдар ылдыйлатылган упай менен окууга кабыл алынат. Аз сандагы элдерге квота берилет. Мен өзүм иштеген университетте кеминде 30дан ашык кытайлык кыргыз бала бар. Ошол балдар Нооруз майрамын уюштуруу үчүн жалгыз эле биздин шаар эмес, бизге жакын Шанхайдагы Пекиндеги кыргыз балдарды да чакырышты. Ошондо 200дөн ашык кыргыз аттуу Нанжиңге топтолду. Анча-мынча аттуу-баштуу кишилер дагы келди. Кытайлык кыргыздардын аты таанымал болуп калган искустводо жүргөндөрү бар экен. Сүрөтчүлөрү бар экен, аябай жакшы өттү.

Кыргызстандын желегин желбиреткем

2012-жылы Нанжиңге үй-бүлөм менен көчүп баргам. Биринчи барганда эле Нанжиң же болбосо илгерки аты боюнча айтканда, Нанкин университетинде англис тили боюнча мугалим болуп орноштум. Бүгүнкү күндө ага окутуучу катары ишмердүүлүгүмдү улантып келе жатам. Ал жерде иштегениме эки жыл болгондон кийин биздин Кыргызстандын желегин көргөзө баштадым. Бул жамааттагылар ага чейин Кыргызстан эмне экендигин билчү эмес. Бир күнү университет жетекчилиги расмий түрдө мени чакырып, Кыргызстан мамлекетинин жараны бизде иштегендигине байланыштуу, андан тышкары карым-катнаш түзүш үчүн Кыргызстандын желегин китепкананын кире беришине илишкен. Ал кезде университетте Орусиянын да, Өзбекстандын да желеги илине элек болчу. Ошондо эле биринчилерден болуп Кыргызстандан төрт студентти окууга алып баргам. Мен барган жылы 14 мамлекеттин өкүлү иштечү. Бир семестрде колуман 3 миңдей студент өтөт. 3 миңдей студент Кыргызстан жөнүндө аздыр-көптүр маалымат алат. Бул өзүбүздүн мамлекетти таанытуу жагынан кичине да болсо да салымым деп ойлойм. Эки жылдан кийин ошол жерде кыргызстандык студенттерди кабыл алуу боюнча бөлүм ачылган. Ал жерде Кыргызстандан барган студенттерге бир куратор шайланган. Мени “бол” дегенинен баш тарткам. Себеби, жумуштан кол бошобойт. Ал жерде куратордун жардамчысы катары магистратурада окуп жаткан кызыбыз бар. Андан кийин кыздарымдын мектебине байланыштуу шаардын башка четине көчүүгө туура келди. Ошол жактагы Нанжиң технологиялык институтуна жумушка кирдим. Ал жерде ага окутуучу да, чет өлкөлүк мугалимдердин куратору болуп да эсептелем. Ошол эле маалда дагы бир Кохай аттуу университетте эмгектенем. Бул Кытайдагы эң күчтүү университеттердин бири. Бул жерде билимге болгон талап абдан жогору. Быйыл ошол университетке алгачкы карлыгач болуп кыргыздан эки студент баратат. Буюрса, эртең-бүрсүгүнү алар өзүм менен чогуу кетишет. Бул университеттин Бизнес мектеби аябай күчтүү деп эсептелет. Мен айткан балдар ошол мектепке өтүштү.

Кытай тилинин 6 баскычы бар

Башында барганда студенттер бир жыл сөзсүз тил курсунан өтүшү керек. Ал жерде окуп жаткандарга "Эгер бакалаврга калам десеңер бир жылдын ичинде 4 баскычын өткүлө", - деп шарт коём. Кытай тилин өздөштүрүүнүн 6 баскычы бар. 6-баскыч чет өлкөлүктөр үчүн эң жогорку баскыч. Кытайлардын өзүлөрү үчүн талап башкача. Мамлекеттик кызматтарга алыныш үчүн да өзүлөрүнүн сынактары бар. Себеби Кытайда да 56 улут бар. Ар бир улутка бул кытай тилин кандай билет деген сынактары бар. Ошол 4-баскычынан өткөндөргө сөзсүз жардам кылып документтерин даярдайбыз. Мына ошол процессте көбүрөөк иштейм. Сынакка өзүлөрүнүн дил баяндарын кытай тилинде, англис тилинде жазып өткөрүшөт. Мен кытай тилине кийлигише албайм. Себеби кытай тилинде оозеки сүйлөгөнүм менен, жазуу жагын үйрөнө алган жокмун. Убактым да болгон жок. Үйрөнгөнгө убакыт жок дегенди куру шылтоо деп айтып койсом да болот. Иероглифти бери дегенде эле, беш миңди билиш керек. Окуп билим алуу үчүн Кытайдын ар башка шаарында ар башкача акча коройт. Ал шаардын экономикалык шартына жараша болот. Биринчи иштеген жерим окутуунун эң арзан курсу деп эсептелет. Доллар менен эсептегенде миңдин тегереги болот. Бул окуусуна корогон каражат. Андан тышкары, жатаканасына семестрге эки жарым миң юань төлөнөт. Январь-февраль эки ай окуу болбойт. Себеби кытайлардын жаңы жылы бул эки ай бою созулат.

Кытай студенттерди эмнеси менен тартып жатат?

Кытайда акыркы жыйырма жылдын ичинде болуп көрбөгөндөй өзгөрүү болду. Жылыга экономикалык жактан 11% дан өйдөлөп олтуруш тарыхта болуп көрбөптүр. Кытайлар экономикалык өсүштү атайы жасалма жайлатып жатышат. Себеби муну башкарып кетүү коркунучтуу абалга алып келет. Дүйнөлүк экономисттер да “Кытай бул бойдон кетсе акыры жакшы болбойт” деген божомолдорду айтып жатат. Менин көз карашымда да кытай экономикасы кичине жайлап бараткандай сезилет. “Арабаны астына коюп, атты артына кошуп” дегендей туюлчу болду мага.

Жөнөкөй эле көчө шыпыргычтын банкта эсеби бар. Жашоо шарты бир кездеги бир чыны күрүчкө жетпей жүргөн эл азыр болуп көрбөгөндөй өнүктү деп айтсак болот.

Кытайга барган кыргыздардын көпчүлүгү курулуш тармагын, медицина тармагын окуп жаткандар. Компьютердик технологияга кызыккандар да көп. Мындан алты жыл мурун “эптеп тил үйрөнүп келсем жан сактап кетем” дегендер көп эле. Азыр андайдан баш тарткандар көбөйдү. Биринчи семестр аяктап жатканда эле мага телефон чалуулар көп болот. Ошондо кайсы багыт боюнча келип окуйсуң деп сурайм. Көпчүлүгү так илимдерди айтышат. Ансыз деле тилди үйрөнүп жатпайбы. Талап ошондой, тил билбесең окуй албайсын. Экономиканы тандагандар көбөйдү. “Каржы, кытайдын экономикасын үйрөнөм” дегендер көбөйдү. Азыр магистратурада окуп жаткан балдар көп. “Кытайдын экономикасынын өсүшүнүн сырын аныктап билели” деген балдар көңүлүңдү көтөрөт.

Даярдаган: Жылдызбек Кубанычбек уулу