Спорт

Миллионду олжологон Талас командасы

2 сентября 2016 г. 10:50

25-августтан тарта ордо калаабыздагы Аккула ат майданында көптөн күткөн көк бөрү оюндары старт алды. Жылдагыдай эле оюнду көрүү үчүн төгөрөктүн төрт тарабынан агылып келген күйөрмандарды тосуп алган ат майданында улак ышкыбоздорунун черин жазган кайталангыс кызык оюндар болуп өттү

Быйылкы Президенттик кубок үчүн күрөшкө «Достук», «Талас», «Арашан», «Сары-Өзөн», «Ысык-Көл», «Бөрүлү», «Көк-Жал», «Сокулук», «Илбирс», «Ак-Суу», «Ысык-Ата», «Төш булак» командалары ат салышты. 25-августта старт алган оюндар жалпысынан төмөндөгүдөй жыйынтыктар менен аяктады:

25.08.2015

«Талас» - «Төш булак» - 20:4

«Ысык-Ата» - «Бөрүлү» - 0:5

«Достук» - «Ак-Суу» - 21:1

«Сары-Өзөн» - «Илбирс» - 17:3

26.08.2016

«Талас» - «Көк-Жал» - 10-2

«Бөрүлү» - «Арашан» - 0:1

«Достук» - «Ысык-Көл» - 17-3

«Сары-Өзөн» - «Сокулук (МВД)» 2-1

27.08.16.

«Көк-жал» - «Төш булак» - 8:2

«Арашан - «Ысык-Ата» - 11:1

«Ак-Суу» - «Ысык-Көл» - 10:7

«Сокулук» - «Илбирс» - 16:1

29-август - жарым финал

29-августта өткөн жарым финалдык оюндар жалпысынан мыкты деңгээлде өттү десек болот. Алгач «Талас» жана «Арашан» командаларынын ортосунда өткөн оюн көпчүлүк ойлогондой эле «Талас» командасынын пайдасына чечилди. Оюн башталган алгачкы 30-секундда атаандашынын тайказанына улак салып үлгүргөн «Талас» командасынын оюнчулары эсеп тактасына биринчилерден болуп аттарын жазуу менен баштан аяк оюнда үстөмдүк кылып турду. Анткени менен «Арашан» командасы жаңы түптөлгөнүнө карабай, атактуу атаандашы «Талас» командасына ири эсепте утулган жок, 13:9 эсебинде аяктаган оюн «Арашан» командасы да оңой эмес оюн көргөзгөнүн тастыктайт. Ушул жерден кезегинде атактуу «Кабыланда» ойноп кеткен «Арашан» командасынын оюнчусу Михаил Рабоев күжүрмөн курамда лидер болуп, кыжылдаган додону жарып чыгып жалпысынан 5 улакты атаандашынын тайказанына таштоо менен бул күндүн каарманы болуп көк бөрү сүйүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланды десек болот.

Кезектеги кийинки оюн «Достук» жана «Сары-Өзөн» командаларынын ортосунда жүрүп, 9:1 эсебинде аяктаган оюн айтылуу «Достук» командасынын пайдасына чечилди. Бул жерде калыстык үчүн «Сары-Өзөн» командасынын курамындагы негизги оюнчулары менен аргымактары Көчмөндөр оюнуна даярдыкта жүргөндүктөн команда жардамчы аргымактары жана жаңыдан телчигип келаткан жаш оюнчулары менен чыгып, атактуу атаандашы «Достуктун» оюнчулары менен буудандарына туруштук берип, теңтайлашууга мүмкүнчүлүктөрү болбогондугун белгилеп кетүү керек. Аз оюнчу менен чыкса дагы атактуу «Сары-Өзөн» салтты бузбай 3-4-орунга чыгышы бул өзү чоң жетишкендик болду. Албетте «Достук» командасынын бул күнкү жеңиши күйөрмандарын чоң кубанычка бөлөп, командасынын кийинки ийгилигине болгон ишенимдерин бекемдегендей болду.

Бөрүлүдөн үмүт чоң

Бул күнкү 5-6-орун үчүн болгон акыркы оюн «Сокулук» жана «Бөрүлү» командаларынын ортосунда болуп өтүп, 8:0 эсебинде аяктаган оюн «Сокулук» командасынын пайдасына чечилди. Мурда «МВД» азыр «Сокулук» деген жаңы ат менен чыгып жаткан команданын бул ийгилиги курамдын келечеги кеңдигинен кабар берет. Бир кездери эзели жеңилүү деген эмне экендигин билбеген легендарлуу «Бөрүлү» командасынын акыркы кездери алсырап кетиши күйөрмандарын кейитпей койгон жок. Убагында «Бөрүлү» командасынын ойноо тактикасына бир да команда туруштук бере албагандыгын эске алганда, карт тарыхы бар команда бир күнү болбосо да бир күнү өзүнүн жылдыздуу сааттарын кайрып алат деген үмүт оту ар бир күйөрманында бар.

Мыктынын мыктысы билинет

Ошентип бул күнкү жыйынтыктар финалда кимдер алдыңкы 4 орун үчүн ат салышарын аныктап берди. 31-августта 3-4-орун үчүн «Арашан» жана «Сары-Өзөн» командалары беттешет. Көпчүлүк демин ичине катып күткөн финалдык оюн «Талас» жана «Достук» командаларынын ортосунда болмокчу. «Достук» командасы спорттук калыбына келип турса, «Талас» командасы канчалык дымактуу экендиги жалпыга маалым. «Достуктун» күйөрмандары командасынын жеңишине ишеними күч болсо, «Таласка» жан тарткандар өткөнкү өчүн финалда алат деген ишенимде. Ортодо оюндун куну болуп көрбөгөндөй кымбат болуп, бири-бирине шайма-шай келген эки команда күйөрмандарына кызык оюн тартуулары талашсыз. Оомат кайсы командага оору, күч ченеми, мыктынын мыктысы майдан талаасында билинет.

31-август «Арашан» татыктуу таймашты

Көптөн күткөн финалдык оюндардын да кезеги келип жалпы улак ышкыбоздору бул күнү ат майданга агылдып келди. Алгач «Арашан» жана «Сары-Өзөн» командаларынын ортосунда 3-4-орундар үчүн болгон беттеш баштан-аягына чейин кызуу маанайда өтүп, командалар сапаттуу оюн көргөздү. 2:1 эсебинде «Сары-Өзөндүн» пайдасына чечилген оюнда «Арашан» командасы атаандашы «Сары-Өзөнгө» мыкты каршылык көргөзүү менен татыктуу түрдө 4-орунду алды. Ал эми «Сары-Өзөн» бул ирет 3-орунду камсыз кылып, 250 миң сом байге менен сыйланды.

Биринчи мөөнөт тең-тең

Бул күнү ат майданга «Талас» жана «Достук» командаларынын сүрөөнчүлөрү агылып келгени сүйүктүү командаларын бар алынча сүрөп жатканынан байкалып турду. Ошентип күйөрмандар чыдамсыздык менен күткөн миллиондук беттеш да башталды. Бири-бирине шайма-шай келген «Талас» жана «Достук» командаларынын ортосунда өткөн оюн алгачкы мүнөттөн тартып эле курч мүнөздө жүрүп жатты. Оюндун биринчи мөөнөтүндө эле «Талас» командасы активдүү чабуул коюп жатканы байкалып турду. Бирок атактуу «Достук» командасы да атаандаштарына өжөрлөнө каршылык көргөзүү менен тайказынына улак салдырган жок.

Кызыктын баары 2-мөөнөттө башталды

Кызыктын баары экинчи мөөнөттө башталды. Калыстын ышкырыгы жаңырып оюн башталаар замат «Достук» командасынын оюнчусу Кыяз Ниязов «Талас» командасына чабуул коюп, эсеп тактасына биринчи болуп атын жазды. «Талас» командасы каршылашынын бул соккусуна үстөккө-босток эки улак салуу менен жооп берди. Оюндун акыркы чечүүчү мөөнөтүндө «Достук» командасы канчалык активдүү аракет көрсө дагы «Талас» командасы мыкты коргонуп, эсепти теңөөгө мүмкүнчүлүк берген жок. Жалпысынан 3:1 эсебинде жыйынтыктыкталган оюнда «Талас» командасы быйылкы Президенттик кубоктун жеңүүчүсү болуп табылды.

Үчүнчү ирет чемпиондук

«Көк бөрү» федерациясы тарабынан бул турнирдин чемпиону болгон «Талас» командасына 1 миллион сом ыйгарылса, 2-орунду татыктуу түрдө олжологон «Достук» командасы 500 миң сом сыйлык байге менен сыйланды. Жалпысынан 3 жыл катары менен Президеннттик кубокту уткан «Талас» командасы өздөрүнүн намыскөй команда экенин атаандаштарына тастыктап бере алды. Ал эми «Достук» командасы ар бир оюнда кетирген катачылыгын оңдоп, талбай машыгууну улантса балким кийинки кубокту сөзсүз энчисине басаары талашсыз. Жалпысынан быйылкы Президенттик кубок үчүн өткөрүлгөн оюндарда командалар көк бөрү күйөрмандарынын черин жазган кызыктуу оюн көргөзүп беришти.