Маданият/Искусство

Талгат Молдалиев: “Ата-энемдин эмес, кыргыздын уулу болгонго аракет кылам”

1 сентября 2016 г. 13:00 1421

“Kyrgyz Union” уюмунун жетекчиси, жеке ишкер Талгат Молдалиев мырза менен маектешип отуруп, өлкөсү үчүн жан тарткан чыныгы патриот жигит экенин баамдадым. Көп жыл чет жерде ийгилик жаратып жүргөнүнө карбай, баарын таштап келген атуул менен ар тармактан сөз козгодук

Түшүмдө кытайча сүйлөп, иероглифтер кирип калган

Өзүм тамашалап “Бишкектин коду дагы 312, туулган күнүм дагы 312” деп айтып калам. Кичинемде “Бул бекеринен эмес. Бул мамлекетке, же жериме пайдалуу нерсе жасашым керек деген нерсе” деп ойлой берчүмүн. 7-класска чейин Бишкекте 39-мектепте окудум. Окуучу кезде көп мушташчумун. Муну ата-энем байкап калып, 67-мектепке которду. Ал жерди 2007-жылы алтын медал менен аяктадым. Андан кийин Улуттук университеттин кытай тили бөлүмүнө тапшырдым. Жарым жылдай окуп, кытай тилин жакшы өздөштүрдүм деп айта албайм. Мунун баарын сезип 17 жашымда ата-энемдин колдоосу менен Кытайдын Циян шаарына кеткем. Ата-энем кетип жатканда “Бир жыл убакыт беребиз, бир жыл ичинде өзүңдү тапсаң таптың, болбосо кайра келесиң” деп айтышты. Мындайча айтканда, чек коюп коюшкан. Ушуга байланыштуу ал жакка барганда күнүнө 12 сааттан окучумун. Түшүмө иероглифтер кирип, кытайча түш көрүп калгам. Жанымда жаткандар дагы “Кытайча сүйлөп тажаттың” деп тамашалап калышчу. Аракет кылып жүрүп Кудай Таалам берди окшойт, кытай тилинин деңгээли боюнча 6-деңгээлди өздөштүрүп, Шанхай финансы-экономикалык университетине грант утуп, аны 2014-жылы аяктадым. Кесибим эл аралык бизнес башкаруу болчу. Бирок ачыгын айтсам, 3-курста эл аралык байланыш менин кесибим эмес экенин сездим. Бирок ата-энем СССР учурундагы адамдардан болгондуктан, “Туугандар эмне дейт, бүтүр” деп болбой коюшту. Натыйжада азыр дипломатиялык академияда өз кесибим боюнча окуп жатам.

Чогулткан акчама Кытайда кафе ачтым

Кытайда жүргөндө котормочу болуп иштедим. Себеби Шанхай өтө эле кымбат шаар. Котормочулар бир күндө 100 доллар табышат. Тапкан акчамды топтоп 2014-жылы ал жактагы досторубуз менен Шанхайга биринчи кыргыздар кафесин ачтык. Аябай сыймыктанганбыз. Кафебиз кичинекей, эки кабаттык имарат болчу. Кечинде полун жууп жатып өзүнчө эле “Кафебиз бар” деп сүйүнө берчүмүн. Бирок тилекке каршы, 2015-жылы жаптык. Шериктеш эки досумдун көйгөйлөрү чыкты. Мен дагы апамдын ден-соолугуна байланыштуу 2014-жылдын жарымында Бишкекке келүүгө туура келди. “Апам ооруп жатса мага байлыктын эмне кереги бар?" деп бул жакка келе бердим. Өтө эле үлгүлүү баламын деп айта албайм, бирок апамдын жанында болгонго аракет кылам.

Кытайлык студенттер панар менен китеп окуп жатыптыр

Алгач, Кытай десе Джеки Чан, Брюс Лини элестетип келген болчумун. Циян өзү өтө деле өнүкпөгөн шаар. Келгенде эле эл көп экени байкалды. Кытайлар өздөрү дагы “Аба бар жерде кытай бар” деп тамашалашат. Терс жактарын айта кетсем, калк арасында маданиятсыздык орун алган. Өздөрүн таза алып жүрүшпөйт. Жакшы жактары болсо ата-энесине, убакытка кылган мамилелери, иштермандыгы. Бир максатты коюшса жеткенге аябай аракет кылышат. Мисал катары айтып кетсем, бир жолу түнкү саат үчтөрдө жатаканадан чыгып таза аба менен дем алып бара жатсам, көчөдөгү фонардын алдында кытайлык студенттер китеп окуп жатышыптыр. Себеби жатаканада жарык саат 11лерде эле өчөт. Ал жакта окууда атаандаштык күчтүү болгондуктан, эки эсе окуш керек.

Мыйзам жагынан чет өлкөлүктөр ээн-эркин жүрөт. Мыйзамдары иштейт. Алсак, менин мопедимди уурдап кетишкенде милиционерлерге чалсам, мени бөлүмүнө алып барып арыз жаздырып, кайра алып келип коюшкан. Чет өлкөлүктөргө аябай жакшы, сый-урмат менен мамиле кылышат. Кытайда жалпысынан жети жыл жүрдүм. Эми Кыргызстанга келгениме абдан сүйүнөм. Эрте келсем мүмкүн отурукташып калмакмын деп кез-кезде кейип калам. Себеби баары бир келечегимди Кыргызстан менен байланыштырам да.

Үй-бүлөмдөн алыстап калгам

Көп адамдар менен сүйлөшөм. Алар “Кыргызстанда эмне кылабыз? Чет жерде мүмкүнчүлүктөр көп” деп айтышат. Мени деле Шанхайга чакырышкан. Бирок чет жакта жүрсөң туугандардан алыстап кетесиң. Эң негизгиси Кыргызстандан алыстап кетет экенсиң. Бир жолу үйгө эки жыл келген эмесмин. Ал жакта каражат жагынан көп ийгиликтерге жеткем. Бирок бул жакта үй-бүлө, туугандык жактан артта калыпмын. Ата-энем, иним менен отурганда бөлөк адамдардын арасында калгандай болдум. Мисалы, алардын өзүнчө темалары, тамашалары бар. Азыр кичине аралашып калдым.

“Kyrgyz Union” уюуму өз баламдай болуп калды

Биздин “Kyrgyz Union” уюму 2010-жылы түзүлгөн. 2010-жылкы окуядан кийин түзгөнбүз. Ал учурда биз 19 жаштарда, Кытайда болчубуз. Бул жактагы окуяларды угуп алып ыйлаган күндөр болгон. Анан жөн эле отура бербей “Мамлекетибизге пайда алып келели, биригели” деп кытайда жүрүп уюм түзүп, иш-чараларды өткөрө баштадык. Ал кезде мен Экспо көргөзмөсүндө бекер иштечүмүн. Казакстан, Орусия, Кыргызстандык ишкерлер менен таанышып, визиткаларын алып, аларга котормочу керек болгондо жардам берчүбүз. Биздин уюмга ошол жактан каражат түшүп, система иштей баштады. Биздин кыргыз балдарга котормочулук жумушун таап беребиз. Алар бир күндө жүз доллар алса, он долларын уюмга калтырат. Ошол чогулган каражатка балдар үйүнө жардам бердик, дагы бшка көп иштерди жасадык. Бул система эки-үч жыл иштеди. Бирок биз кеткенден кийин балдар иштете албай коюшту. Уюмдун атынан 4-микрорайонго 100 миң сомдук балдар аянтчасын орноттук, марафон өткөрүп турабыз, футбол жаатында иш-чараларды уюштурдук. Андан тышкары, балдар үйүнө, карылар үйүнө отургучтарды коюп жардам бердик. Кыргызстандын жети облусун кыдырып тасма тартканбыз. Аны чет өлкөлүктөргө көргөзүп, Кыргызстанга туристердин көп келишин камсыздап жатабыз. Шанхайда Кытайдын 14 шаарынан кыргыздарды чогултуп, курултай өткөргөнбүз. Быйыл 7 дубан, 7 континенттен активдүү жаштарды чогултуп Дүйнөлүк жаштардын биринчи курултайын өткөрдүк. Эң негизгиси “Kyrgyz Union” менин жашоом болуп калды.

Китеп окубасам бузулуп кеткенсийм

Үч жылдан бери сол колум менен жазам. Сол кол менен жазуу кыйынчылык келгенде жол табууга, мээни жакшы иштетүүгө жардам берет. Жакындан бери эки кол менен бир учурда эки башка сөз жазууга аракет кылып жүрөм. Алсак, биз көп нерселерди белгилүү жолдор менен гана кылып көнүп калганбыз. Мен бул нерседен качам. Мисалы, бир жакка бара жатканда унаамды ар башка жолдор менен айдап барам. Кытайга кеткенге чейин кикбокс менен машыктым, ал жакта дзюдо менен шугулдандым. Бирок таймашка чыккан эмесмин, себеби үйдөгүлөр каршы болушкан. Бир айда эң аз дегенде эки китеп, көп болгондо 4 китеп окуганга аракет кылам. Китеп окуп бүткөндө ой пикирлеримди кагазга жазып коём, кээде социалдык тармактарга чыгарып турам. Чыгарганымдын себеби мактануу эмес, башка жаштарга үлгү болсун дейм. Себеби жаштар интернетте олтура берип, китептен алыстап кетишкен. Китеп окубай калсам өзүмдү бузулуп бараткандай сезе берем.

Апам “Кыргыздын уулу бол” деген

Жөнөкөй учурларда атам көп акыл-насат айта бербейт. Кытайга кетеримде “Башыңды иштет, өз тагдырың өз колуңда” деген. Ата-энеме абдан ыраазымын. Бүт мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип, андан ары өзүң аракет кыл деди. Апам болсо “Биздин уул эмес, кыргыздын уулу бол” деген. Коомдук иштерде иштөөгө апамдын ушул сөзү дем берет.

Кыргызстандан кетким келбейт

Жаштарга тажрыйбасы көп улуу агалар менен сүйлөшкүлө дейт элем. Өзүнө руханий жактан туура келген улууларды тандап алып, алар менен тыгыз байланышта болуу керек. Социалдык тармактарда көп олтурбай, адамдар менен таанышуу керек. Ар кайда иштеп, өзүңөрдү издеп көргүлө. Себеби жашоодо эң негизги нерсе - адам өзүн табышы керек. Азыр мени Шанхайга чакырып жатышат. Түшүмө дагы Шанхай кирет, бирок коркунучтуу түш сыяктуу чочуп ойгонуп кетип жатам. Ал жакка барсам кайра баарын башынан башташым керек. Ошондуктан мен Кыргызстандан кетким келбейт.