Материалы на русском

Касиеттүү Тоң жергесине 80 жыл!

25 августа 2016 г. 9:50 2329

20-август күнү Тоң районунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган чоң маараке өттү. Айтылуу Боз-Салкын өрөөнүндө болгон салтанат шаң менен өтүп, улуттук оюн-зооктор менен коштолду

Манасчылар Мекени болгон даңазалуу Тоңдун тарыхы

Тоңдун топурагында алтын, ташында күмүш катылып жаткан жер экен. “Адырына береке конгон, түзөңүнө ырыскы толгон, жайы салкын жанга жайлуу, кышы жылуу малга ыңгайлуу Кудай берген жер экен, ушул Тоңду туур кылалы, журтум”, - деп кезегинде Абдыраман ата айткан экен. XX кылымдын Гомери аталган залкар манасчы Саякбай Каралаевдин жана анын жолун уланткан Мамбет Чокморов, Каба Атабек уулу, Дөөлөт Сыдыков сыяктуу манасчыларыбыздын кичи мекени болгон касиеттүү Тоң өрөөнү 1936-жылы 10-августта Балыкчыдан бөлүнүп, өз алдынча район болуп түзүлгөн. Тоң жергеси Ысык-Көл облусунун Батыш бөлүгүнөн орун алган, райондун жалпы аянты 7,1 миң чарчы км. Калкынын саны 52 миң 551 адам. 30 айылды камтыган 9 айыл өкмөтү бар. Райондун борбору Бөкөнбаев айылы. Тоңдун эли 80 жылда болуп өткөн коомдук өзгөрүштөрдөн четте калбай, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жана кайра калыбына келтирүү мезгилинде, ошондой эле, кийинки демократиялык кайра куруу жылдарында кайраттуулукту жана чыдамкайлыкты көрсөтө алышкан. Райондун аймагында элге кызмат кылган жалпы билим берүүчү 30 мектеп, 1 кесиптик-техникалык лицей, 28 саламаттыкты сактоо мекемелери, 7 маданият үйү, 29 китепкана, 5 музей, 16 айылдык клуб, 2 балдар музыкалык мектеби, 18 спорт аянтчалары, 13 спорттук залдар, 5 пансионаты бар.

Тоңдун тоосу токойлуу келип чалкыган,

Торолгон эмгек баатыры анын даңкынан

Тоң жергесинен Социалисттик Эмгектин 8 баатыры чыккан. Республикадагы бир дагы райондон эмгектин 8 баатыры чыккан эмес. Тоңдон чыккан Советтер союзунун баатыры Григорий Алексеевич Петренкону кошкондо эмгектин 10 баатыры бар. Алар: Сүйүмкан Кожобекова, Имаш Базаров, Төлөсүн Исмаилов, Кожобекова Сүйүмбүбү, Кайыр Мукашева, Үмүткөр Рысманбетова, Макиш Саякбаев, Мамажан Түмөнов, Таштанбек Акматов. Жалпы кыргыз журтунун сыймыгы, кадырман аксакал Таштанбек Акматов Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры жана ошону менен бирге Кыргыз эл баатыры. Мындан сырткары, жазуучу, Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев, кыргыз кереметин жараткан режиссер Төлөмүш Океев, демократиянын жарчысы, Ала-Тоонун батыштагы бүркүтү атыккан Азамат Алтай, белгилүү музыка иликтөөчү, профессор Балбай Алагушев, бир катар сай күлүктөрү менен Тоңдун атын чыгарган “Элдияр” жылкы заводунун жетекчиси Замир Мукашев, көрүнүктүү мамлекеттик кызматкерлер Ишен Тойчубеков, Жумаш Эшперов, Болот Мамбетовдор да Тоңдун атуулдары. Орустун кыргыз балдары атыгып, кыргызча түш жоруган экс айыл чарба министри Александр Костюк, атактуу Юрий Бобков да Тоң жергесинин кулундары болот.

Салтанаттын жүрүшү

Маараке Тоң жергесинен чыккан кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү менен башталды. Андан соң райондун өсүп-өнүгүшүнө эбегейсиз зор салымдарын кошушкан район менен жашташ эмгек ардагерлери майрамдык парадды баштап беришти. Салтанаттуу жүрүштү улуулардын өрнөктүү жолун улаган Тоң жаштары жыйынтыктады. Шаңдуу параддан соң, келген меймандарга Тоңдун маданият бөлүмү Тоң районунун 80 жылдык тарыхын чагылдырган театралдаштырылган көрсөтүү тартуулады. Андан соң Тоң районунун 80 жылдыгына арналып тартылган видеофильм көргөзүлдү. Мыкты сапатта тартылган тасма көрсөтүлгөн кийин мааракенин салтанаттуу бөлүгү ачылып майрамдык куттуктоолор айтылып, райондун ардактуу атуулдарына сөз берилди.

Тоңдуктун демилгеси менен негизделген Салбуурун

Тоң районунун кулуну, “Салбуурун” федерациясынын жетекчиси Алмаз Акунов мырза Манас эпосунан салбуурунду таап чыгып, учурда чоң спорттун бир түрүнө айлантканын белгилеп кетүү керек. Мааракеде да Тоңдун сыймыктуу уулу Алмаз Акунов мырза баштаган топ, калың элге кызык тамаша куруп берди.

Ат чабыш

Кунан чабыш (аралыгы 8800 метр, байге фонду 77 миң сом, баардыгы 18 кунан чабылды

1-орун Ради (Ысык-Көл облусу, Түп району, Михайловка айылы). Байгеси-35 миң сом, ээси-Өмүралиев, саяпкери-Максим;

2-орун Костер, (Ысык-Көл облусу, Түп району, Михайловка айылы). Байгеси-20 миң сом, ээси-Кайрат, саяпкери-Кайрат;

3-орун Дубай (Сокулук району). Байгеси-10 миң сом, ээси-Сыдыков;

4-орун Гром, (Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы). Байгеси-7 миң сом, ээси-Жылкыбаев;

5-орун Айпери, (Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары). Байгеси-5 миң сом, ээси “Асанбек-Ата” жылкы заводу, саяпкери-Батыркулов Жеңиш.

Кунан жорго (аралыгы 4400 метр, байге фонду 42 миң сом), жалпы 12 баш жорго салынды

1-орун Герда Лок (Чүй облусу, Ысык-Ата району). Байгеси-20 миң сом, ээси-Тохтиев Тахир, саяпкери-Мохнин Николай;

2-орун Босс (Ысык-Көл облусу облусу, Тоң району). Байгеси-15 миң сом, ээси-“Элдияр” жылкы заводу, саяпкери-Асангазиев;

3-орун Арзуу (Чүй облусу, Ысык-Ата району). Байгеси-7 миң сом, ээси-Абдусалам, саяпкери-Сыймык.

Бышты жорго (аралыгы 6600 метр, байге фонду 60 миң сом), жалпы 11 баш жорго салынды

1-орун Акжолтой (Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары). Байгеси-30 миң сом, ээси-“Асанбек-Ата” жылкы заводу, саяпкери-Батыркулов Жеңиш;

2-орун Стрелка (Ысык-Көл облусу облусу, Бостери айылы). Байгеси-20 миң сом, ээси-Акбашев, саяпкери-Калыс;.

3-орун Берен (Ысык-Көл облусу, Тоң району). Байгеси-10 миң сом, ээси-“Элдияр” жылкы заводу, саяпкери-Асангазиев.

Топтон суурулуп чыккан Вулкан

Ат оюндарынын ичинен жорго салыш өзгөчө шаң менен өттү. Биринен бири өткөн суу чайпалбас жорголор атка ышкыбоз көрөрмандарды бөтөнчө кызыкка батырды. Акыры марага белгилүү саяпкер Токтосунов Мыктыбек таптаган Ысык-Аталык “Вулкан” аттуу жорго биринчи болуп келип, баш байге Жигули автоунаасын олжолоду. Экинчи болуп Тоңдук Замир Мукашевдин Плений аттуу жоргосу келсе, үчүнчү Нарындын жоргосу, ал эми төртүнчү болуп айтылуу жорго Барон келди.

Карат бул жолу да ээсине намыс алып берди

Аламан байгеде жалпысынан 35 күлүк чубатуудан өттү. Көпчүлүк күткөндөй эле былтыркы Тайторунун кубогун жеңген атактуу күлүк Карат бул ирээт да биринчи болуп келип, автоунаа утту.

P.S.Бир катар кызыктар менен Тоңдун 80 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде өттү.