Спорт

Жеңилди, бирок тажрыйба топтоду

25 августа 2016 г. 9:15

Кечээ Риодогу акыркы спортчулар өз мекенине кайтып келишти. Алар коноору менен чакан жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти. 5–орунга ээ болгон Арсен Эралиев коло медалды өзбек спортчусуна алдырып жиберген себебин түшүндүрүп жатып, элинен кечирим сурап, көзүнөн жаш айланды. Ал эми балбан кыз Айсулуу Тыныбекова кабагы суз, капа болуп отурду. Кыз-келиндер курамасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен Грек-рим күрөшү боюнча Улуттук кураманын машыктыруучусу Канатбек Бегалиев кечээги жеңилүү жана эртеңки келечек туурасында өз ойлорун ортого салды

К.Бегалиев:

- Арсен Эралиев боюнча айтсам, эмне тоскоол болгонун түшүнбөй турабыз. Көптөр калыстык болбоду деп айтып жатышат. Бирок мен азыр соттук коллегия өзбек балбанына тартып, упай алып берди деп актана албайм. Андан пайда деле чыкпайт. Бармак тиштеп өкүнгөндөн көрө, эмки олимпиадага даярданышыбыз керек деп турам. Мыкты даярдык менен 2020-жылы Токиодо өтө турган оюнда ийгилик жаратууга күч жумшайбыз.

Кенжеевге лицензия башында берилбей туруп кийин кайра берилгени анын ийгилик жаратуусуна тоскоол болду. Ал беттеште өзүн толук эркин сезе алган жок. Царев болсо тренердик штаб коюп, даярдап берген ыкманы аткара албай койду. Рамонов жакшы күрөштү. Таймаштын биринчи бөлүгүндө орус спортчусун жеңип, кийинки бөлүгүндө топтолгон упайды толуктай албай, жеңишти колдон чыгарып жиберди. Бирок балбан али жаш. Үмүтүбүз зор. Кийинки оюндарда жакшы көрсөткүчтөргө жетет деп ишенип туралы. Баары бир спортчулар Лондон олимпиадасына караганда жакшы чыгышты.

Н. Изабеков:

- Айсулууга баары жетиштүү болду. Техникалык да тактикалык да, физикалык даярдыгы да мыкты болчу. Бирок ушундай чоң деңгээлдеги мелдештерге Айсулуу көп катышкан эмес да, ошон үчүн бир аз тажрыйба жетишпей калды. Ал болгону 23кө чыкты. Эркин күрөш менен машыкканына 5 эле жыл болду. Анын үстүнө, Улуттук курамага киргенине 2 жылдай эле болду. Мындай таймаштар анын тажрыйбасында көп болушу керек эле. Жеңилди, бирок тажрыйба топтоду. Эмкиде кайсы жагдайда кандай ыкмаларды колдонуш керектигин алдын ала билип калат. Айсулуу таймашкан видео жазмалардын баарын кайрадан карап, кандай ката кеткенин, кандай мүмкүнчүлүк коё берилгенин анализдеп жыйынтык чыгарабыз.