Адабият/Тарых

Борбордук аянтта ооз ачуу чатыры

24 июня 2016 г. 20:16 688

Рамазан айы кирип келгенден тарта мечиттерде дасторкон жайылып, ооз ачууга келген мусулмандарга жык толо баштады. Мындай көрүнүш бир эле мусулман өлкөлөрүндө эмес, башка динди тутунган мамлекеттерде да жылдан-жылга кулач жайып барат

Германияда ооз ачыруу көнүмүш адат

Европа өлкөлөрүнүн аттуу-баштууларынын мусулмандарга арнап дасторкон жаюусу, келген адамдар менен биргеликте баарлашып, чогуу даам татуусу быйыл өзгөчө көп байкалып, кызуу талкууга түшүүдө. Жакында Германиянын президенти Йоахим Гаук Берлин районундагы калкынын көбүн мигранттар түзгөн, жашоо шарты начар Маобит кыштагына келип ифтар уюштуруп кетти. Гауктун мусулмандарга ооз ачтырып, алар менен бир дасторконго отурганы жаңылык деле болгон жок. Анткени, Европанын эң көп мусулман жашаган өлкөсү катары Германияда ооз ачыруу кадимки көрүнүшкө айланган. Йоахим Гаук мусулмандар менен тамактанып жатып: “10 саатка созулган илимий талаш-тартыштан көрө, 1 саатка созулган жөнөкөй отуруштар жүрөктөрдү жибитип, адамдын ыйманын бекитет” деген. Ал эми АКШнын президенти иптар тамагын туура Ак үйдүн өзүндө уюштуруп турат. АКШда мындай жөрөлгө салтка айланып баратат. Анткени Жорж Буштун убагынан бери бузулбаган ооз ачыруу салтын АКШнын башка президенттери да катуу карманышат.

Ошондой эле, Канаданын өкмөт башчысы Джастин Трюдо мусулман журтчулугу менен жакын ымалада экенин жашырбайт. Жыл сайын өзүнүн мусулман досторуна жана жалпылай мусулмандарга жайнаган дасторкон жайып, алар менен чогуу тамактанат. Бирок, дүйнө эли минтип мусулмандар менен кошо ыйык айды майрамдап жаткан чакта, калкынын 90 пайызын мусулмандар түзгөн коңшу өзбек бийлиги ооз ачтыруу аземине катуу тыюу салды. Буга чейин иптарлыкка мечиттерде, тойканаларда жана коомдук жайларда гана тыюу салынып келген болсо, эми катардагы жарандар үчүн да өз үйүнө конок чакырып, иптар уюштуруусу бир топ оорлой түштү.

Дээрлик бардык мусулман мамлекеттеринде жана айрым Европа өлкөлөрүндө иптар тамагы ачык асман алдындагы жайыл дасторконго тартылат. Узундугу 200 метрден 1000 метрге жеткен тасмалдан бир эле мусулмандардын жоон тобу эмес, башка динди тутунган ар улуттун өкүлдөрүнө да даам сызганга шарт түзүлөт. Аземди уюштуруучулар болсо дал ушундай ооз ачыруу ар улуттун жана ар агымдын өкүлдөрүнүн ортосундагы ынтымакты бекемдеп, Ислам динине сыйпалган кара көөнү өчүрүүгө көмөктөшүп, анын кереметтүүлүгүн даңазалайт деген ишенимде.

“Рамазан чатыры” долбоору башталды

Анткени менен биздин өлкөдө буга чейин коомчулукка ооз ачыруу мечиттерде, же тойкана, чайканаларда гана берилип келген болсо, быйыл ал дагы бир сонун саамалык менен көркөмдөлүп отурат. Кечээ, 20-июндан тартып Бишкектин борбордук аянтына да чатыр тигилип, калың элге дасторкон жайылды. 200 кишиге ылайыкташылган тасмалдан адамдар туткан динине, улутуна жана социалдык абалына карабай келип даам сызып кетсе болот. Уюштуруучулардын бири "Ыйман" фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков ифтар бир эле тамак берүү менен чектелбестен, маданий программа менен да коштолуп жатканына токтоло кетти.

- Орозо айы адамдардын мамилелерин жакшырта турган, ортодогу капалыктарды кетире турган, жүрөктөрдү бириктире турган ай. Ошондуктан ооз ачууга динине, этносуна, орозо туткан-тутпаганына карабай келсе болот. Биз ыйык рамазан айын бир эле диний майрам катары кабыл албашыбыз керек, бул айдын социалдык да, маданий да мааниси аябай чоң. Дал ошол себептүү атайы Тарых жана маданият жылына карата Рамазан чатыры долбоорун баштадык. Кудай Таалам да берекесин аяган жок. Ар күнү ар башка жамааттар, элчиликтер ооз ачыруу милдетин өздөрүнө алып атат. Адамдардын мамилелерин жакшыртуунун бир нече жолу болот. Алардын бири өз ара белек беришүү же тамакка чакыруу. Кафелердин толуп атканы жакшы көрүнүш. Бирок элге кафеге мүмкүнчүлүгү барлар гана ооз ачырбай, башка жөнөкөйүрөөктөр да сооп тапсын деп ушундай иш баштап атабыз.

Каражаты жетсе, ооз ачтыра берсин

Мындан сырткары, Нуржигит Кадырбеков ооз ачтыруу жөрөлгөсү мындан ары дагы өнүгүп-өсүп салтка айланат деген ишенимде. Анткени, адамдар орозо айынын маани-маңызын терең түшүнө башташты дейт ал.

- Эртеден кечке тамак ичпей жүрүү эле максат эмес экендигин, бул шарттардын бири гана экендигин, такыба болуу, бири–биринин көңүлүн көтөрүп, таарынычтар болсо кечирүү керек экендигин мусалман адам терең түшүнө баштады. Ошондуктан мындай жөрөлгө дагы өсүп-өнүгөт, аркага кетпейт деп ишенем.

Ифтар убагында бир эле мечиттер гана эмес, борбор калаадагы ресторан, кафелер да элге жык толуп, бир аз кечиккендерге бош орун калбай калууда. Анткени менен ооз ачуу аземи кадимки той-топурдун бир түрүнө айланып баратат дегендер да жок эмес. Бирок бай адамдардын катарын толуктаган Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова айым ооз ачыруу тойго айланып бара жатат деген пикирге кошулбайт. “Бай болсо, акчасы жетиштүү болсо, ооз ачтырып сооп алгандын эмнеси жаман” деген эл өкүлү өзү да рамазан айында кайрымдуулук иштерин көп жасаганын айтат.

- Ооз ачыруунун жаман жери жок. Мейли, бай болсо, каражаты жол берсе ачтырсын. Башка адамдын курсагын тойгузуу деле кайрымдуулуктун, боорукердиктин белгиси эмеспи. Той болуп баратат дегенге кошулбайм. Анткени 1 саатта тойго айланып кетиши мүмкүн эмес. Мен ден-соолугума байланыштуу орозо туткан жокмун, бирок бир аз болсо да мусулмандык парзымды аткарып коюу үчүн жакындарымды чакырып ооз ачтырып жатам. Андан сырткары, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, мечиттерге акча бөлүп жатам.

1000ден ашык үй-бүлө жардам алды

Рамазан айы кайрымдуулуктун, ток пейилдиктин, боорукердиктин айы деп бекеринен айтылбаган чыгар. Ыйык айда турмушу начар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кол сунуп, мээримин төккөндөрдүн катары көбөйүп баратат. Айтсак, көпчүлүккө таанымал болуп калган “Элим барсыңбы” кайрымдуулук фонду кайрымдуу адамдардын саны башка айларга караганда Рамазан айында көбөйгөнүн белгилейт. Фонддун мүчөсү Канимет Майрамбековдун айтымында ыйык ай жаңыргандан тарта, муктаждыктагы 1000ден ашуун үй-бүлөгө ар кандай материалдык жардам көрсөтүлгөн экен.

- Боорукер ага-эжелерибиздин жардамы менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1000 сомдук азык-түлүк баштыкчасын жана кийим-кече таркатылды. Андан тышкары, орозо туткан бир туугандарыбыз үчүн күнүнө Самира кафесинен 200 адамга ылайыкталган ифтар тамагы уюштурулууда. Иптарлык тамагы үчүн ар бир кишиге 250 сомдон бөлүнүп жатат, - дейт ал.

Кыскасы, жыл өткөн сайын минтип жаңы кубанычтар, жаңы жөрөлгөлөр кошулуп турганы жалпы момун-мусулмандын, ал тургай мусулман эмес жарандардын да дин Исламга болгон сый-урматын арттырып, жүрөктөрүнө жылуу илеп тартуулайт. Мурда ооз ачууну бир гана ачка жүрүү катары ойлогон атуулдарыбыз бара-бара анын бир туугандыктын, кайрымдуулуктун жана ынтымактын айы экенин түшүнө баштайт. Ооба, кимдир бирөөгө бир нерсени сөз менен эмес, ушунтип кылган ишиң менен түшүндүрүү кандай сонун! Ислам тынччылыктын, бейпилдиктин дини экенин эң сонун түшүндүргөн жана эң жакшы чагылдырган Рамазан айы бардык мекендештерибиз үчүн кут болсун! Кош келдиң, куттуу Рамазан!