Орусия

Конституцияда өзгөртчү нерсе көп

18 марта 2016 г. 10:35 1197

Алмазбек Атамбаев “Конституцияга өзгөртүү киргизбесе көйгөйлөр жаралышы мүмкүн” дейт. Ушундан улам “Конституцияга “точечный” өзгөртүү киргизүү деген эмне? Баш мыйзамды өзгөрткөнгө убакыт барбы?” - деген суроолор менен Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин Конституциялык укук боюнча ага окутуучусу Азамат Борончиевге кайрылдык.

- Акыркы эки жылдан бери КРнын Конституциясын өзгөртүү боюнча талкуулар күчөп барат. Бул маселе боюнча калктын көңүлү өзгөчө мамлекет башчынын пикиринин тегерегинде айланып турат. Бирок айтылган пикирлерде кандайдыр бир ток этер нерсе айтылган жок.

Былтыр июль айында президент акимдерди дайындоо маселесине өзгөчө токтолгон. Мен дал ушул маселе Конституцияны реформалоодо негизги көйгөй болот деп эсептейм. Анткени Конституцияда бул маселе боюнча талап кылынган шарттарды мыйзам аркылуу да ишке ашыруу мүмкүн эмес. Бул берене абалды туңгуюкка кептеп салган. Тактап айтканда, акимдерди жергиликтүү кеңештердин сунушу менен дайындоо деген – шымды башыңа кий дегендик. 2015-жылдын декабрында президент мамлекет башчыга каралган кеңири укуктардан чочуп турганын билдирди. Ошондуктан президент менен премьер-министрдин тирешүүсүн алдын-алуу үчүн ажонун ыйгарым укуктарын кыскартуу зарыл деген.

Жогоруда айтылган маселелер боюнча сиздердин көңүлдү эгер акимдерди шайлоодо чын эле ыкчам чечиле турган көйгөй бар болсо, анда мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын кыскартууга өтө кылдат мамиле кылуу керек. Өкүнүчтүүсү, бул эки маселеден сырткары да азыркы Конституцияда өзгөртүүнү талап кылган бир далай карама-каршылыктар бар. Ошондуктан эртели-кеч аткарылчу бул реформаны укуктун негизги тармактары боюнча илими жана тажрыйбасы бар кесипкөйлөр ишке ашыруусу зарыл деп эсептейм.

Мөөнөт жана тартиби тууралуу айтсак, конституцияны реформа кылуу Убактылуу Өкмөттүн (УӨ) декретине такалып турат. Бирок “бийликтин жалгыз булагы – эл» принциби менен «факт түрүндөгү конституция» түшүнүгүнө таянып өзгөртүү киргизсе болот. Мындан сырткары УӨнүн декретинин 4-беренесин аткарууга мүмкүн эместигин моюндоо керек. Анткени тарыхыбызда Конституцияга өзгөртүү киргизүү өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туңгуюктан чыгаруунун жападан-жалгыз жолу болуп, бир нече жолу жүзөгө ашкан.