Борбор Азия

Ач көз элитаны төңкөрүү – жакшы көрсөткүч - 2

17 февраля 2019 г. 10:30 1159

Дарон Ажемоглу менен Жеймс А. Робинсондун «Өлкөлөр эмнеге ойрон болот» китебинин негизги ою – «Жакыр өлкөлөр элге чап кенедей жабышып, канын соруп алсыраткан чакан «элита» тарабынан башкарылат. Бул арам кекиртектер өлкөнүн экономикасын элдин эсебинен жашагандай кылып ыңгайлаштырат». Ушундан улам, Кыргызстанды башка өлкөлөр менен салыштырганда, бул теориянын чын төгүнү биз үчүн айкын болот деген ойдобуз

Бай жана жакыр өлкөлөрдүн чынжыры

Биз китебибизде дүйнөдөгү теңсиздиктин бир нече ачык-айкын көрүнүп турган өзгөчөлүгүнө көңүл бурабыз. Адамзат товарды массалык өндүрүү доорунун босогосун аттагандан бери экономикасы туруктуу өнүгүп келе жаткан өлкө - бул Англия. Ал XVIII кылымдын ортосунан тартып бир аздан өсө баштаган. Ушул учурдан кийин өндүрүштө пайдаланыла баштаган түрдүү жаңы технологияларга таянган жаңы ишкерлердин генерациясы англис экономикасынын тармактарын басып ала баштаган.

Батыш Европа менен Кошмо Штаттарынын ишкерлери да Англис экономикасынын жетишкендиктерин өздөштүп, өндүрүштүн жаңы ыкмаларын колдонууга киришкен. Британ экономикасынын жетишкендиктери Канада, Австралия жана Жаңы Зеландиядагы колонияларына тез жайыла баштаган.

Учурда эң бакубат жашаган өлкөлөрдүн катарына Жапония, Сингапур жана Түштүк Корея кирет. Анткени менен жогорудагы өндүрүш ыңкылабын ишке ашырган мамлекеттердин таасири буларга да тийгенин эч ким жокко чыгара албайт. Алар, өз кезегинде, экономикалык өнүгүүдө Гонконг, Тайвань жана кийинчерээк Кытай Эл Республикасына үлгү болуп беришкен.

Эң жакыр өлкөлөр да, эң бай өлкөлөрдөй эле, бири-бирине таасир этип, чынжырлаша уланып кеткен. Эгер эң жакыр жашаган Афганистан, Гаити менен Непалдын бийлик башындагы элиталарынын ниетин жана мүнөздөрүн салыштырсак, жакырлык боюнча алдыга чыккан африкалык өлкөлөрү менен олуттуу окшоштуктары бар экени байкалат.

Элүү жыл мурунку тарыхты карасак, эң жакыр жана эң бай өлкөлөрдүн тизмесинин анча өзгөрбөгөнүн көрөбүз. Албетте, ал кезде Сингапур менен Түштүк Корея бакубат жашаган мамлекеттерге кошула элек болчу. Өтө жакыр өлкөлөрдүн тизмеси да бир аз башкачараак эле. Бирок жалпылап караганда, бул эки тизмектин элүү жыл мурункусу менен азыркысы аябай эле окшош.

Убакытты жүз жылга, керек болсо, жүз элүү жылга артка түрсөк да, ушул эле көрүнүшкө кабылмакпыз. Тизменин жогору жагы менен төмөн жагына кайра эле ушул мамлекеттер жайгашмак.

Дүйнө картасы бай-жакырды кантип таразалайт

Бул карта өлкөлөрдүн ар бир жаранынын орточо кирешесин чагылдырып турат. Кара түстөгүлөр — дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөр. Тагыраак айтканда, бир адамдын бир жылдык орточо кирешеси 2000 АКШ долларына жетпеген мамлекеттер. Африканын дээрлик бардыгы ушул түскө боёлуп калган. Андан тышкары, Афганистан, Гаити жана Түштүк Чыгыш Азиянын Камбожа жана Лаос сыяктуу өлкөлөрү да кара түстүүлөргө кирет. Түндүк Корея да алардын арасына жайгашкан.

Ак түстөгүлөр болсо, ар бир жарандын бир жылдык орточо кирешеси 20 000 доллардан жогору турган чөлкөмдөр. Бул жерде деле таң каларлык эч нерсе көрүнбөйт. Түндүк Америка, Батыш Европа, Австралия жана Жапания ак түс алган.

Эки Американы салыштырганыбызда өтө кызыктуу туруктуулукту байкайбыз. Анда тизменин эң башына АКШ жана Канада жайгашат. Алардан кийин катары менен Чили, Аргентина, Бразилия, Мексика, Уругвай, азырынча балким Венесуэла турат. Анткени анын тизмедеги орду мунайдын баасына тыгыз байланыштуу. Андан кийин Колумбия, Доминикан Республикасы, Эквадор жана Перу жайгашат. Жогоруда аталган мамлекеттерден бир топ жакыр Боливия, Гватемала жана Парагвай тизменин төмөн жагында калышкан.

Эми эки Американын элүү жыл мурунку абалына көз чаптырсаңыздар ушул эле көрүнүшкө кабыласыздар. Жүз жыл мурун да ошо, жүз элүү жыл мурун да ошол. Маселени дагы жакыныраактан талдаганыбызда, АКШ менен Канаданын Латын Америкасына караганда бай бойдон кала бергени гана эмес, "Латын Америкасы" деп аталган аймактагы өлкөлөр да эч кандай өзгөрбөстөн, байыраактары байыраак, жакырыраактары жакырыраак бойдон калган.

Жакынкы Чыгыштын картасы эмне дейт?

Картаны караганда, дагы бир кызыктуу туруктуулукту Жакынкы Чыгыштан байкасак болот. Ал жерде мунайдын казысын тилип, бармагын жалаган Сауд Аравиясы жана Кувейтке окшогон мамлекеттерди көрөбүз. Алардын ар жаранынын жылдык кирешеси эң бай отуз мамлекеттикине жакын. Бирок мунайдын баасы кескин төмөндөп кетсе, бул өлкөлөр да тизменин төмөн жагына кулап түшөт.

Жакынкы Чыгыштагы - Египет, Иордания жана Сирия сыяктуу - мунайы жок же аз мамлекеттердин жарандарынын жылдык кирешеси Гватемала жана Перу элинин кирешесине чукул. Мунайы жок Жакынкы Чыгыш мамлекеттери жакыр болгону менен, Борбордук Америка жана Анд кырка тоолорунун тегерегинде жайгашкан өлкөлөргө окшоп, Сахарадан түштүк тарапты карай жайгашкан Африка мамлекеттерине караганда бир аз байыраак.

Кыска мөөнөткө байып, кайра аркага кеткен өлкөлөр

Жалпысынан алганда, тизмедеги бай жана жакыр мамлекеттердин орундары туруктуу болгону менен, мындай абал эч кандай өзгөргөн эмес деп айтуу да кыйын.

Биринчиден, биз буга чейин белгилеп кеткенибиздей, дүйнөдөгү экономикалык теңсиздик көбүнчөсүн XVIII кылымдын этегинде от алган өндүрүш ыңкылабынан улам пайда болгон.

Аталган кылымдын ортосунда, акыркы эки жүз жылга караганда, туруктуу келе жаткан теңсиздиктен сырткары, жарандарынын кирешеси жагынан да бай менен кедей мамлекеттер тизмекте бир топ башкача жайгашып турган. Мисалы, Америкада акыркы жүз элүү жылда туруктуу уланып келген абал беш жүз жыл мурун таптакыр башкача болчу.

Экинчиден, акыркы учурда, дүйнөнүн бир нече мамлекети экономика жаатында ондогон жылдар бою туруктуу өсүүгө жетишкен. Бул абал Түштүк Чыгыш Азия мамлекеттеринин бир тобунда байкалган. Акыркы учурда Кытай да туруктуу өсүүгө бет алган сыяктуу. Бирок аталган аймактагы мамлекеттердин көбү бир нече убакыттан кийин аркага чегинишкен. Мисалы, Аргентина 1920-жылдарга чейин экономикасын элүү жылдай эң жогорку ылдамдыкта өстүрүп, дүйнөнүн эң бай мамлекеттеринин катарына кирген. Бирок андан кийинки ондогон жылдары төмөндөөнүн гана үстүндө болгон. Мында да көңүл бурууга ылайыктуу мамлекет - бул Советтер Союзу. Ал 1930–жылдан 1970-жылга чейин өтө тез өскөн. Бирок андан кийин анын да экономикасы аксай баштаган.

Жооп талап кылган суроолор

Өлкөлөрдүн байлык жаатындагы эбегейсиз айырмачылыктары эмнеден улам келип чыкканын кантип түшүнсө болот? Экономикалык өнүгүүнүн ылдамдыгы менен туруктуулугунун сыры эмнеде? Эмне үчүн Батыш Европа мамлекеттери жана европалыктар көчүп барган колониялар XIX кылымдын башында коңшу өлкөлөргө караганда тез өнүгө баштаган? Эки Америкада жайгашкан бай жана кедей мамлекеттердин тизмеде туруктуу орун алуусунун себептери эмнеде? Эмне үчүн Жакынкы Чыгыш менен тропикалык Африканын көп мамлекеттери европалыктардай туруктуу өнүгүүнү камсыздай алышкан эмес? Ошол эле мезгилде, Түштүк Азиянын көп мамлекеттери дүйнөнүн бүйүрүн кызыткан ийгиликтерге кантип жетишти?

Дүйнөдөгү экономикалык теңсиздикке көңүл бурганыбызда, мындай адилетсиздиктин мыйзам ченемдүү себептерин таап чыкса болот эле. Бирок мындай болгон жок. Коомдук илимдердин өкүлү саналган окумуштуулар жана адистер сунуштаган баюу менен жакырчылыктын себептерин түшүндүргөн теориялардын көбү иштебейт. Керек болсо учурдагы абалды чечмелеп берүүгө да жараксыз.

(Уланды. Башкысы жана акыркысы мында)