Орусия

Эми балдар 14 жаштан жоопко тартылат

11 марта 2016 г. 14:10 7315

Жогорку Кеңеште экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмалары сунушталууда. Ага ылайык, 14-15 жашар жеткинчектин жанынан кандайдыр бир диний уюмдарга үгүттөгөн, Ислам Мамлекети сыяктуу топторду жактаган китепчелер, дисктер табылса, анда өспүрүм түздөн-түз түрмөгө жөнөтүлүшү мүмкүн. Мындай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Кыянбек Сатыбалдиев сунуштоодо

Баланы окутуу үчүн эмес, камоо үчүн акча бөлүндү

Эреже боюнча мыйзамдар алгач коомдун талкуусуна коюлат. Бирок депутат Кыянбек Сатыбалдиев эмитен эле өкмөттөн 50 млн. сом каралып жатканын, депутаттар бул мыйзамды кош колдоп колдоорун төмөнкүдөй билдирди:

- Азыр мыйзамды кабыл алып бердик. 50 млн. сом өкмөттөн каралып жатат. Атайын экстремизм, терроризмге байланышкан балдар үчүн 4 колония курганга, өзүнчө жер реконструкцияланып жатат. Булар башка жаза өтөөчүлөр менен бир абакта болушпайт. Анткени түрмөдө жатып алып да, башкаларды үгүттөшү мүмкүн. Алар күчтүү психолог болушат. 14-15 жаштагы балдарды курал катары пайдаланып жатышат. Ата-энеси карабайт, тарбия жок. Каалагандай кылмышты жасатат да, колго түшкөндө “жашы жете элек бала” деп мыйзамга шылтап коюшат. 14-15 жаштагы балдар адам өлтүрүп деле, зордуктап деле коюшууда. Ата-энеси баласын эмес, баласы ата-энесин тарбиялап коюуда. Интернет булактарында жалаң жаштар отурат. Алар бир эле күндө канча адамды кылтакка илип атканы белгисиз. 14 жаштагы бала терроризм, экстремизмге байланышкан иш-аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 226, 227 жана башка беренелердин негизинде жазасын абакта аткарууга милдетүү. Бала кимге гана баалуу болбосун. Мыйзамда баары так жазылып турса, ата-эненин жоопкерчилиги да арта баштайт. “Балам түрмөгө түшүп калбасын” деген коркунуч менен көзөмөлүн күчөтөт. Кокус далили менен кармалса “жашы жете элек” деген шылтоо жоопкерчиликтен сактап кала албайт.

Мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилигине 14 жаштан баштап тартылат. Бирок учурда жаза өтөөнүн ар кандай ыкмалары бар. Бала жаңылыштык менен алгачкы кылмышын кылса, жазаны айыппул менен же үй камагы менен өтөй алат. Ал эми бир эле кылмышка улам-улам барып, же кечиримсиз, мыкаачылык оор кылмыш жасаса, абакка жиберилиши мүмкүн.

Өспүрүмдүн тагдыры менен ойногонго болбойт

Бүгүнкү күнү өлкө боюнча Жайыл районунун Вознесеновка айылында орун алган жападан жалгыз өспүрүмдөр колониясы бар. Совет доорунан бери заманга ылайыкташтырылып оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөн колониянын азыркы акыбалы айтпаса деле белгилүү.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын байкоочу кеңешинин төрайымы Чолпон Өмүрканова абактын абалы менен жакындан тааныш. Аны андагы балдардын келечеги кейитет. Анткени айтылган абак эл аралык стандартка туура келбейт жана илим, билим берүү процесси жүргүзүлбөйт.


- Колонияда 14 жаштан 18 жашка чейинки эркек балдар жазасын өтөөдө. Маселен 14 жашында кылмыш кылса, 18 жашка чейин аталган колонияда камалып, 18 жашка толгондо кадимки эле чоңдор отурган түрмөгө которулат. Абакта оор кылмыш жасаган жана бир эле кылмышка кайра-кайра барган балдар отурат. Маселен, киши өлтүрүү, зордуктоо, уурулук, каракчылык ж.б. ушул сыяктуулар. Булар көбүнчө ата-энеси жок жетим балдар болушат. Эгер бала кылмышка биринчи жолу барса, анда ал жаза-аткаруу инспекциясы тарабынан учетко алынып, инспекциянын көзөмөлүндө болот дагы, административдик эскертүүлөр берилет. Эгер эскертүүлөрдөн кийин жаман жосундарын кайра-кайра кайталай берсе, анда ал балдар колониясына жиберилет. Ал эми балдар колониясында диний экстремизмге, же тероризмге байланышы бар деп айыпталган балдар жок. Буга чейин да катталган эмес. Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, анда баарын кылдат иштеп чыгыш керек деп ойлойм. Адамдын, өзгөчө баланын тагдыры менен ойногонго болбойт да. Өспүрүмдөр менен иштөө өтө оор. Аны келечекте коомго зыян эмес, пайда алып келгидей тарбиялоо керек. Бала абакта отуруп замандан артта калбай, илим-билим үйрөнүүсү зарыл.

Түрмө өспүрүмдүн келечегине балта чабат

Вознесеновка балдар абагында учурда 45-50 бала камакта отурат. Бирок 2008-жылга чейин абактагы балдардын саны 200дөн ашып турган. 2008-жылы жаза өтөөнүн ар түрдүү алтернативдүү ыкмалары колдонула баштаган. Мындай ыкмалар адамды эркиндикте эле жазасын аткарууга жол берген. Бул баланы түрмө менен оңдоп-түзөө, тарбиялоо иши жыйынтык бербегенинен кабар берет.

Психолог Самат Аалканов түрмө баланын келечегине балта чабат деген ойдо. Анын айтымында бала эмес, эс тартып калган улуу адам дагы түрмөдөн оңолбойт. Тескерисинче, бузулуп чыгат.

- 13-14-15 жаш баланын өткөөл курагы деп коёт. Ата-энеси менен ымалага келе албай, алар менен чырдашып, жашоону түшүнбөй турган, мындайча айтканда, өзүн таба албай турган чагы. Турмуштун оош-кыйышына алгачкы кадамдарын таштап аткан кез. Өспүрүмдүн жашоосу өзгөрүп аткандыктан ал көбүрөөк жан дүйнө кризисине тушташ болот. Аны ата-энеси башкара албайт. Бирок чоочун адам оңой эле ар кандай жолго салып коюшу мүмкүн. Статистикалык маалыматтарда кылмыштын басымдуу бөлүгүн 14-15 жаштагы бала жасайт. Бирок бул статистика Европа өлкөлөрүнө таандык. Бул кылмыштарды бала туюп, түшүнүп кылганына менин көзүм жетпейт. Абакка камоо менен адамды оңдоп-түзөө аракети турат. Бирок адам колониядан оңолуп чыкпайт. Муну статистика дагы көрсөтүүдө. Тескерисинче, баланын келечегине балта чабылып калабы деп корком, - дейт ал.

Терроризмди бала эмес депутаттар түшүнбөйт

Мыйзамга ылайык терроризм-экстремизмдик уюмдардын иш-аракеттерине катышуу, үгүтөө, куралдандыруу, окутуу, даярдоо кылмыштары 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Ошол эле жосундарга кызмат абалынан пайдаланып, жашы жете электерди колдонсо, мал-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейин камакка алынат.

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” бирикмесинин жетекчиси Динара Ошурахунова терроризм жана экстримизм бир эле бала камоо менен басылып каларына ишенбейт. Анын оюнча алгач чыгып аткан уюткуну табыш керек.

- 14 жаштагы бала кылган иш-аракеттерине кантип жооп берсин? Ага ата-энеси жооп бериш керек. Терроризм-экстремизм дегенди 14 жаштагы бала түшүнмөк тургай, ал сөздү жөндөп жаза албайт. Муну бала эмес ошол депутаттар да түшүнбөсө керек. Балдарды чоңдор тартып атат. Биринчи ошол уюткусун тапсын. Укугун коргой албаган, алсыз байкуштарды эле жоопкерчиликке тартканга кыйынбыз. Баланы камаганда эле терроризм-экстремизм маселеси чечилип калмак беле? Парламентте отуруп алып дин маселеси менен ойногонду качан коюшат? Жумушсуздук болуп атса бала эмес, көчөдөгү чоң кишиге деле акча берсе кете берет артынан ээрчип. Жанагындай диний уюмдардын китептерин, дисктерин тапса кармап кетип атпайбы катышы бар деп. Маселен, мен көчөдө кетип баратканда бирөө кагаз, китеп берсе ала берем да. Арабча түшүнбөсөм, жеткинчек эмес мен билип коюптурмунбу анда эмне деп жазылганын. Мектепте орун жок болсо, бир класста 55 бала отурса, балага кайдан көзөмөл болмок эле. Ал тентиреп көчөдө жүрүп ар кимди ээрчийт, мечиттерге барат, алданат. Биринчи атайы окууларды өткөрүш керек. Көчөдө жүрүүнү, колго тийген чоочун материалдарды талдаганды окутуш керек.