Жорум

НАСЫПБЕК АСАНБАЕВ: Биз өз акчабызга өзүбүздү сатканы турабыз

13 сентября 2020 г. 17:03 270

Келчи боордошум өткөн-кеткенди эскерип кобурашалы. Иним, агам, эжем, карындашым, бери отурчу. Келчи мекенибиздин, элибиздин кечээги күнүн эстеп беш мүнөт ой жүгүртөлү

Эстеп көрчү, тууганым, кечээ биз эмнени гана көрбөдүк. Пандемия, кесел, вирус деп чырылдап-чыркырап, ар кимибиз өз башыбыз менен өзүбүз алек болуп, ооруганыбыз жер жазданып, оорубаганыбыз жол жазданып каражат издеп чыркыраган турмушту көрдүк. Эстедиңби? Бийлик теле-радиодон чындыкты бурмалап, жымсалдап айткандан башкага жарабай турганда, биз кимден кандай жардам алабыз деп туш тарапка жалдырап, ар кимден кайыр сурап куурабадыкпы. Эсиңдеби ошол? Айланайын сактап кал деп чырактай кыздарга, чырактай жигиттерге күнүбүз түшүп, эч бир даярдыгы жок, эч бир каражаты жок жаштарыбызды жалындап турган чокко сүйрөп кирип атпадыкпы. Айыл-айыл, көчө-көчө болуп чогулуп, баланча акча чогултсак, баланча жерге кислород алсак деп күйүгүп жүгүрбөдүкпү. Баарынан жаманы нечендеген кыраандарыбыздан, аалымдарыбыздан, жакындарыбыздан айрылып,боздоп-сыздап жерге берип чырылдап турбадыкпы? Унуттуңбу ошону, бир тууганым?

А биз ошентип турганда биздин бийлик эмне кылганы эсиңдеби? Оорукананы мындай кой, аппаратты мындай кой, эл өз каражатына сатып алчу дарыны дайындап бере албай делдиреп отурду го. Кыргызстанда дары сатып жашаган үч-төрт компания товарын асмандатып, элдин кайгысынан акча жасап туйтунду го. Ошол дары саткычтарга быш этип койо албай таш тиштеп туруп бербеди беле бийлик. Билесиңби ошону? Эстечи, эки килейген дары кампасы табылды деп айтарын айтып алып, кайра жаагы жап болгонун эстечи. Эл айласы кетип атканда “Мен эч кимге милдеттүү эмесмин” деп дулдуюп туруп берген кишини эстечи! Чырылдап чындыкты айтса баса калып кечирим суратып, жаш аккан элдин көзүнөн канын агызып аткан мамлекеттик машинаны эстечи. Айлыгым 3000 миң сом деген дарыгерди баса калып, “жок, кечиргиле, калп айтыпмын. Айлыгым төрт миң сом экен” дедиртип жаны тынган бийликтин желдеттерин эстечи.

Унуттуңбу ушунун баарын, тууганым? Орустун болбогон унаасын тез жардам деп 50 миң долларга алып келип, анысы жетчү жерине жетпей түтөп турганын унуттуңбу? Боордошторубуздун көрүнгөн чек арада катыган нан жеп, чатырларда күн кечирип турганын унуттуңбу? Көз жумуп бараткан агасын кучактап оорукананын оозунда боздоп турган жигитти унуттуңбу? Андан дагы эл ушунтип сыздап, күйүп турганда бири-бирине чепкен жаап, тебетей кийгизип узатышып аткан өкмөт эсиңен чыктыбы?

Бир эстеп көрчү, боордошум, бир эстеп көрчү. Ошондо ким кайда эле, ким эмне кылып атты эле, бир эстеп көрчү. Ким бизди башкарып, ким бизге сөз сүйлөп турганын эстечи. Ким кайсы жактан миллиондоп акча алып, ким ошол миллиондорду жок кылганын эстечи? Дүйнөлүк банктардан келген олчойгон каражатты бир жайда эмне кылып жоготуп, кимге коротуп салышканын эстечи. Же аны сага айтышкан жокпу? Балким чын эле айтышпагандыр. Анда билип кой, боордошум. Биз жан аргасын издеп оору менен алышып, жакындарыбызды жерге бере албай өкүрүп турганда, азыркы бийлик бир миллиарддай долларды карызга алып, дары да албай, оорукана да салбай туруп, бул биздин айлыгыбыз деп чөнтөктөрүнө салып койгон. Ушуну бир билип кой боордошум. Ушул эле атка минерлер, бүгүн сага келип асмандын башын айтып, эл үчүн күйүп ийем, элимди сүйүп ийем, мага добуш берип кой деп аткан атка минерлер, ошол сен экөөбүз жаныбызды тиштеп турганда бир-эки айдын маянасын албай койо алган эмес. Ал тургай эс алууга чыкчу акчасын да чөнтөгүнө сала кеткен.

А көчөдө кимдер жүрдү ошондо? Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек улан-кыздарыбыз жүрдү өлүм менен арбашып. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек улан-кыздарыбыз “колумдан үзүлүп кетти”, “сактай албай калдым” деп буркурап ыйлап атты. Буркурап ыйлап, өзүн-өзү тытмалап, өзүн-өзү жемелеп атты.

Бирок, бүгүн биз аларды унуттук...

Бүгүн биз эки күндүк акча үчүн баарына көз жумганы турабыз. Бүгүн биз бир байкенин айлыбызга коюп берген жарыгы үчүн бүткүл келечекти караңгыга чулгаганы турабыз. Бүгүн биз бир жигиттин беш тез жардамы үчүн, бардык жакындарыбыздын ден соолугун садага чапканы турабыз. Бүгүн биз бир мечит үчүн бүткүл үй-бүлөбүздүн ыйманын сатканы турабыз. Бүгүн биз туула элек, ал тургай туулаар-туулбасы белгисиз балдардын сүйүнчү пулу үчүн маңдайыбызда балбылдап отурган балдарыбыздын келечегин сатканы турабыз. Бүгүн биз өз акчабызга өзүбүздү сатканы турабыз. Чек арадан миллиондоп, миллиарддап түшүп турчу акчабыздын бир күкүмүнө беш жылдык тагдырыбызды сатканы турабыз.

Ким билет, минте берсек мамлекетибиз калар бекен? Чет-жакага чыгып калсак, биздин жерибиз, биздин мамлекетибиз деп айта турган өлкөбүз эгемен бойдон турар бекен? Мен корком, тууганым. Боору катуу Кытай көз жашыбызга карабай ата конушумду алып койобу деп корком. Боору катуу Кытай... Миллиарддаган аласасы бар Кытай... Жандуу-жансызды аябаган, элдүү-элсизди карабаган Кытай...

Корком...

Акыл-эстүү, билимдүү деген мугалим эже-агайларыбыз мамлекеттен алган айлыгын кайсы бир партиянын акчасы көрүп, ошол партия өз чөнтөгүнөн берип аткандай көрүп бири-бирин үндөп отурат. Бири-бирин коркутуп, Кудай берген, мыйзам берген тандоосун тыйып отурат. Окуган-чокуган деген мугалимдерибиз жалпы элдин салыгынан алган айлыгы үчүн өзүн белгилүү бир партияга карыздар сезип олтурат. Ошол мугалимдер окуткан балдар кандай абалда болду экен? Мен ошондон корком...

Урматтуу иним, агам, эжем, карындашым. Кел кичине ойлонолу! Балким, али да кеч эместир. Балким элин эмес, жерин эмес, ага-тууганын, куда-сөөгүн, тага-жээнин ойлогон бийликти тизгиндеп коюуга али кеч эместир. Балким, ушул жолу дагы беш жыл кейитпей, наалытпай, ыйлатпай турган улан-кыздарыбызды тандап аларбыз. Кел боордошум, кичине ойлонолучу...