Ара жолдогу мамлекет

​Аткаминерлердин майнапсыздыгынын аудити: аракетсиздик – бул да зыянкечтик

8 сентября 2020 г. 20:00 204

Майнапсыздык – бул колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөр!

Аракетсиздик – бул зыянкечтик!

Коомдо, мамлекеттик башкарууга карата реалдуу жана натыйжалуу реформаларды жүргүзүү суроо-талабы калыптанган. Бирок мамлекеттик кызматкерлер үчүн конкреттүү, ачык-айкын натыйжаларга караганда “кызуу ишмердикти имитациялоо” көз-боёмочулугу маанилүү болуп калгандай. Андан да жаманы, көпчүлүк аткаминерлердин майнаптуу иш кылууга компетенциясы жана жөндөмдүүлүгү жок. Ошондуктан имитаци – бул алар көнгөн жана жасай ала турган жалгыз иш.

Буга байланыштуу өлкөдө реформалар жайлап, өнүгүү потенциалы төмөндөп, кризистерге жооп кайтаруу жөндөмү жок. COVID-19 дүрт эткен учурда эмне болгонун баарыбыз көрдүк. Мындан улам көптөгөн жакшы, атүгүл деталдуу ойлонулган, демилге менен долбоорлор ишке ашпай жатат.

Айрыкча, экономикалык стагнация менен регрессти алдын алып, антикризистик башкарууда жаӊычыл идеяларды ишке ашыруу үчүн ыкчам жана эрктүү чечимдер зарыл.

Мамлекеттик кызматкерлердин шалаакылык фактыларын тыкыр анализдөө, аларды “майнаптуулук аудитинен” өткөрүү, жыйынтыкка караганда “процессти” маанилүү деп эсептеген майнапсыз аткаминерлерди люстрациялоонун маанилүү кадамдардын бири болуп эсептелет.

Аракетсиздик – бул да зыянкечтик!

Өлкөдө “майнапсыз” аткаминерлерге люстрация керек. Мисалы, алардын бюджетти толтуруу, мамлекеттик программаларды ишке ашыруу, жарандардын көйгөйлөрүн чечүү сыяктуу иш-аракеттерине анализ жүргүзүп, терс таасирлерге алып келген системалуу каталарын оӊдоо зарыл.

Мамлекеттик кызматкерлердин аракеттерине гана эмес, мамлекеттин кызыкчылыктарына, эң биринчи кезекте, экономикалык кызыкчылыктарына терс таасир тийгизген аракетсиздигине да көӊүл буруу маанилүү. Аларга колдон чыгарылган пайдалар же ишке ашырылбай калган мүмкүнчүлүктөр да кирет.

Тилекке каршы, күч органдарынын ашкере шектенүүсүнө кабылбаш үчүн, көптөгөн ак ниеттүү жана майнаптуу мамкызматкерлер да эч бир мамлекеттик чечим ыкчам кабыл алынбаган, жүздөгөн макулдашуусуз эч бир долбоор ишке ашпаган, эч бир көйгөй тез чечилбеген жалпы эрежелер боюнча ойношот.

Парадокс!

Эгер аткаминер милдетин так аткарса, кандайдыр бир көйгөйдүн жолун тапса, аны жактырбаган көздөр менен карашат, ал аз келгенсип, алдын ала жаман ойдо болгон деп текшеришет! Тескерисинче, эгерде аткаминер компетенттүү болбогонунан же майнапсыздыгынан улам, же атайын эле кайсы бир маселенин же көйгөйдү чечүүнү созсо, аны эч ким текшербейт, тилдебейт, жазалабайт. Аракет үчүн жазаланат, аракетсиздик үчүн – эч нерсе болбойт!

Пассивдүүлүгү атүгүл жетишкендик, туура сапат катары кабыл алынат. Мындай аткаминерди “тажрыйбалуу аппаратчы” деп макташат. Натыйжада, эӊ позитивдүү жана ойлонулган долбоорлордун ишке ашуусу, жалпы эле өлкөнү реформалоо потенциалы төмөндөгөн.

Чындап айтканда, өлкөдө реформаларга жана өнүгүүнүн ар кандай стратегиялары менен долбоорлоруна карата бюрократтар тарабынан атайын мамлекеттик зыянкечтик механизми калыптанган.

Мындай пассивдүүлүк менен зыянкечтиктин белгилери кайсылар?

Биз аларды өлкө боюнча күнүгө көрөбүз:

- Иш кылбай эле анын ордуна отчет жазабыз. Мамкызмат үстүртөн жүргүзүлүп калды, анын критерийлери кагазга жазылган тонналаган отчётторду баалоо менен аныкталат.

- Сансыз ирет макулдашылган кагаздарга кол коюу. Мамкызмат өтө эле ийкемсиз жана пассивдүү болуп калды. Көптөгөн демилгелер ички бюрократия менен түрдүү шарттардын алдына көмүлүүдө.

- Жаӊы министр – жаӊы адамдар. Жетекчилик алмашкан кезде маморганда кризистик өткөөл мезгил башталат. Бардык жараяндар токтоп, органдын натыйжалуулугу кыйла төмөндөйт.

- “Мага эмес, тигил жакка баргыла”. Маморгандар жарандарды бири-бирине жолдоп эрмектешет. Башкача айтканда, кандайдыр бир маселенин чечүүнү башка органга же башка кызматчыга артат.

- “Мен жаӊымын, көйгөй мага чейин болгон”. Жетекчилерди улам жана тез алмаштыруу, дээрлик бардык жетекчилердин “жаӊы” болуп, эч ким эч нерсеге жооп бербеген абалга алып келди.

- “Атайын жумушчу топ түзүлдү, күтүп туруӊуз”. Бул, бардык нерсе бир нече айга созулат дегенди билдирет.

Буга чейин мамлекеттик кызматкер жакшы аткаруучу болууга, нускамаларды так аткарууга, жол-жоболор менен иштөөгө, жогору турган жетекчиликтин буйруктарына талаптагыдай баш ийүүгө тийиш деп эсептелчү. Бирок учурда бул майнапсыз болуп калды.

Чечимдерди өз алдынча кабыл алуу, демилгечил болуу, нускамаларды карап отура бербей стандарттуу эмес чечимдерди таба билүү сыяктуу сапаттуу трансформациялоо аркылуу мамкызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу зарыл болуп турат.

Коом мамлекеттик кызматтын форматы, кадрларды тандоо жана алардын ишинин майнаптуулугун баалоо түп тамырынан өзгөргөнүн көргүсү келет.

Пассивдүүлүк адистик жүрүм-турумдун калканы жана стратегиясына айланып, иштин жыйынтыгы мамкызматкер ойлогон акыркы нерсе болуп калды. Натыйжада, демилгелүүлүк жана майнаптуулук жүрүм-турумдун түпкүлүгү коркунучтуу моделдери катары бири-биринен системалуу деӊгээлде ажырайт. Ошентип өлкөдө мамкызматтын параличи башталат.

Аяз Баетов, юридика илимдеринин доктору, мамлекеттик саясат магистри, КЭУ вице-президенти, ABA ROLI регионалдык программалардын жетекчиси (Борбордук Азия), Эл аралык уюмдардын эксперти (укуктук жана policy аналитика)