Борбор Азия

​Байлардын «капыстан» акылдуу боло калган балдары: «Гарвард» жана «Оксфорд» жөнүндө

8 сентября 2020 г. 10:52 257

Чет өлкөлүк белгилүү Университеттерде окуп жаткан же окуган көптөгөн жаш кыргызстандыктар тууралуу маалыматтардын ММКларда көп-көп чыгышы абдан кубандырат. Ошого карабастан, көпчүлүгүндө – бул жаштардын реалдуу ийгиликтериби же жөн гана байлардын сүймөнчүк “акылдуу” балдары үчүн ийгилик баянын “сатып алуу” аракетиби деген суроо туулат.

Балким мындай суроолор, коом кандайдыр бир жол менен чет өлкөлүк ЖОЖдордун студенттери же бүтүрүүчүлөрү болгон алсыз же пайдасыз мамкызматкерлерди ачык көргөндө, жаралып жатат. Сөз айрыкча шектүү бай аткаминерлердин балдары тууралуу болгондо, элдин көбү кандайдыр бир арам ой менен иштелген ишти жана жасалма манипуляцияны туюм менен сезишүүдө.

Андай балдардын атактуу ЖОЖго өтүүсү реалдуубу? Бул жеке ийгиликтүүлүктүн көрсөткүчүбү? Мындай жигит менен кыздардын карьерасында ата-энелеринин акчасынын таасири канчалык? Белгилүү университеттердин бренддери жеке ийгиликтүүлүктү пиар-легализациялоо жана жасалма бренддөө үчүн колдонулган жокпу?

Муну менен, реалдуу эмгек кылган, ийгилигинин тарыхы бар адамдарды, ата-энелеринин акачалары аркылуу же, тандоо маморгандар аркылуу жүргүзүлсө, коррупциялык жолдор менен чет өлкөлүк университеттерде жүргөн “ийгиликтүүлүктү” маскировкалаган адамдардан ажыратуу менен “данды топондон” бөлүү маанилүү. Кыргызстандыктардын айрым бөлүгү ийгиликке жеке мээнети, көп жылдык аракети жана реалдуу окуу/жумуш/изилдөө менен жеткенин жана ак ниеттүүлүк менен чет өлкөдөн алган билим-тажрыйбаларын өздөрүнүн жетишкендиги катары эсептей алат, андыктан бул эки тайпанын баарын бирдей карабастан, ажыратып түшүнүү керек.

БИРИНЧИДЕН, окууга өтүү үчүн документтерди ким даярдаган – абитуриенттин өзүбү же жалданган Агенттикпи?

Көбү (советтик логика боюнча), белгилүү университетке өтүүнүн өзү – бул ийгилик, анткени кандайдыр бир кирүү тесттерден жана сынактардан өтүү керек деп ойлошот. Жок, дайыма эле андай эмес, чет өлкөлүк ЖОЖго өтүү башкача түзүлгөн, аларда дайыма эле бирдиктүү сынактар боло бербейт. Университетке өтүү процесси көбүнчөсүн эки этаптан турат:

1) Документтерди тапшыруу – бул татаал процесс. Чынында анын өзү эле кирүү сынагы болуп саналат. Документтерди даярдоо, эссе жазуу же көйгөйдү сыпаттоо, рекомендацияларды чогултуу, кээде тилди жана атайын билимдерди билгендиги тууралуу сертификат талап кылынат;

2) Окууга кабыл алуу жана окуу акысын төлөө маселелери. Кабыл алуу критерийлери, арзандатуу жана финансылык колдоо, окуу жайга жетүү жол киреси, турак-жай жана тамак-аш төлөмдөрү ж.б.

Бул үчүн байлар уул-кызы үчүн бардык зарыл документтерди даярдаган жана аларды керектүү сертификаттар менен камсыз кылган атайын агенттиктерди жалдашат. Кыргызстанда буга тиешелүү дээрлик бардык документти табууга же жасоого болот.

Айрым жаштар мыкты окуп, сынактардын жыйынтыгы боюнча элчиликтердин программаларынын алкагында же глобалдуу стипендиялык демилгелер аркылуу ЖОЖдорго түз тапшырып өтөт. Андай кыз-уландар йгиликтүүлүктүн объективдүү көрсөткүчтөрүнө ээ.

Ошол эле престиждүү окуу жайлардын “контракт” бөлүмүнө өтүүгө көп эмгектин/акылдын кереги жок!

Ушул жерде негизги манипуляция жүрөт. Окууга өтүп жатканда Агенттиктин жардамы менен университеттен кандайдыр бир арзандатуу алууга мүмкүн, бирок стипендия алууга кепилдик жок. Университеттер көп учурда, айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жарандары үчүн, стандарттуу жарым-жартылай арзандатуу беришет, бирок студентке окуу акысынын бир бөлүгүн, жол киресин, турак-жайын, тамак-ашын ж.б. үчүн он миңдеген (кээде жүз миңдеген) АКШ долларларды төлөгө туура келет.

Ага карабастан, бай ата-эненин балдары ийгилигинин негиздүү экенин айтып “гранттык орундарда” окуп атабыз деп актанып, көрүнүктүү псевдо-студенттер/изилдөөчүлөр катары “стипендия” алышканын айтышат. Бирок, чындап келгенде, алардын “окуусу” ата-энелеринин “мыйзамсыз байыганынын” эле көрсөткүчү болуп эсептелет.

Муну эч ким текшербейт, антүүнүн эч кимге деле кереги жок деп эсептеп, жеке пиар максатында, 3-дүйнө өлкөлөрүнүн баарына бериле турган 25%дык арзандатууну көрсөтүп, толук стипендия (full scholarship/fellowship) өңдөнтүп койсо болот, бирок кошумча кетип жаткан ондогон жана жүз миңдеген долларлар тууралуу унчугушпайт.

ҮЧҮНЧҮДӨН, сөз чындыгында “Стэнфорддун”, “Гарварддын”, “Оксфорддун” өзү же ушул университеттердин алдындагы/жанындагы түшүнүксүз борборлор тууралуу болуп жатат. Тааныш юристтин бири белгилүү бир университеттин алдындагы эч кандай расмий статуска ээ болбогон Юридикалык мектептин алкагында кайсы бир техникалык котормо борборунда убакыт өткөрүп, кийин ушул белгилүү ЖОЖдун эң мыкты юрист-студенти катары түр көрсөткөн. Башкача айтканда, атайын пайда көздөө максатында белгилүү брендди пайдаланат!

Белгилүү чет өлкөлүк ЖОЖго коррупциялык акча же таасир аркылуу эмес, өз эмгеги менен өткөндүгүнүн жөнөкөй, бирок реалдуу көрсөткүчтөрү болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- институционалдык жана глобалдык стипендиялык программалар аркылуу өтүү (эң катаал атаандаштык жана күчтүү көзөмөл);

- Элчиликтин программалары аркылуу өтүү (элчиликтин кызматчылары тарабынан көзөмөлдүк бар);

- окуу, жол кире, турак-жай жана тамак-аш үчүн төлөөгө толук стипендиянын болушу (жетишкендиктерди жана окуу/жумуш көрсөткүчтөрүн баалоо);

- студенттин/изилдөөчүнүн расмий статусу, окуу программаларынын жана жыйынтыктардын болушу (диплом, сертификат, профессорлордон тастыктама кат, макалалардын долбоорлору, диссертациялардын тезистери ж.б.).

Калган башка бардык учурларды мыйзамсыз баюу белгилери деп түшүнүүгө болот. Айрыкча, “ийгиликтүүлүк сертификаты” (мисалы, TOEFL-ibt, IELTS тесттерди ийгиликтүү тапшыруу, супер-жыйынтыктуу ЖРТ, кесиптик ийгиликтер ж.б.) жок болсо, окуу чыгымдарынын басымдуу бөлүгү студент өзү төлөсө, окуунун/баруунун расмий программасы жана расмий статусу жок болуп туруп, аткаминерлердин балдарынын өтүшү Университетке түз багытталган учур (акы төлөнүүчү администрациялык системалар же коштоочу Агенттиктерди/эксперттерди жалдоо аркылуу) – бул көрсөткүчтөрдүн бардыгы көп учурда үй-бүлөнүн/кландын коррупциялык каражаттарын (же таасирин) пиар-легализациялоо же жекече ийгиликтүүлүктү жасалма брендөөгө аракет көрүлүп жаткандыктын белгиси.

Демек, чет өлкөлүк университетке өтүү жана окуу дайыма эле реалдуу натыйжалуулуктун жана ийгиликтүүлүктүн көрсөткүчү болбостон, жеке ийгилик тарыхын жөн гана “сатып алуу” аракетин көрсөтүшү мүмкүн!

Аяз Баетов, юридика илимдеринин доктору, мамлекеттик саясат магистри, КЭУ вице-президенти, ABA ROLI регионалдык программалардын жетекчиси (Борбордук Азия), Эл аралык уюмдардын эксперти (укуктук жана policy аналитика)