Жорум

Молдокеге жетпей калган битир-садаганын сыры эмнеде?

27 мая 2020 г. 9:23 916

Муфтият ачкан электрондук эсепке жарытылуу акча түшпөй, мечиттерге садага-кутулары шашылыш койдурулуптур. Бирок андан да молдокелер үчүн жарытылуу майнап чыкпаптыр. Эл жылда берип жүргөн битир-садагасын быйыл кайда берди?

Социологдор дүйнө жүзүн каптаган корона вирусу, буга чейин ансыз деле куурап бара жаткан практикаларды биротоло жок кылып, бой көтөрүп келе жаткан тенденциялардын дүркүрөп өсүүсүн шарттайт деп келишет.

Мисалы 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йоркто эгиз мунаралар жардырылгандан кийин учак майдандарында коопсуздук артып, кирип жаткан багаж менен кишини текшерген жабдыктар коюлганы эсибизден чыгып кеткенсиди. Алардын дароо пайда болуусу, мындай коопсуздук жабдыктары айрым жерлерде ага чейин деле колдонулуп келгенине ишарат кылып турат.

Битир-садага корона вирусуна чейин, адатка жараша, мечиттерге берилип, айт-намазы окулган аянттагы садага кутуларына салынып келген. Аны түздөн-түз муктаждарга берсе болорун бардык момун-мусулман билип калгандыктан, быйылкысынын басымдуу көбү түз эле адресатына жеткиргени маалым болду.

Сураштырганда, карантин учурундагы битир-садага колу жука тууган, дос жана кошуналарга, көчөдөн жана соцтармактар аркылуу жардам сурагандарга берилиптир. Ашыкча батирин ижарага бергендер, бир-эки айлык ижара-пулун битир-садагасы же зекетинин эсебинен кечирип жибергени да билинди.

Демек, эмдиги жылы бул тенденция мындан да кубаттуу уланып, битир-садага менен зекет өз ээсин молдокелердин ортомчулугу аркылуу эмес түз эле таба баштарында шек жок. Ошондо, мечитте кызмат көрсөткөн сопу-молдого, элдин дартын угуп дем салуудан жана нике кыйып, кепин бычып жаназа окуудан түшкөн, чакан киреше гана калчудай. Нике менен жаназа дубаларын үйрөнгөн мусулман жакынкы жылдары ал кызматты да өзү көрсөтүп-суна баштачудай көрүнөт.

Бара-бара молдо-сопуга жергиликтүү калкка психологиялык жардам көрсөтүү менен бирге дем салып дартка дабаа болуу гана калчудай. Мечиттин дал ушул кызматы барган сайын бааланып, акысы да артып кете бериши мүмкүн. Ошондуктан мечит кызматкерлери педагогикалык жана психологиялык илим алып, тажрыйба топтоп, түшүнүксүз арапча сөздөрдү эмес, кесипкөй чөйрө колдонгон терминдерди өздөштүрсө пайдалуурак болмок.