Жорум

Ислам молдо-сопунунбу же адис-кесипкөйдүн диниби?

25 мая 2020 г. 9:17 557

Аль-Азхарды бүтүрүп келген молдо менен жолугууга барган досум аны тосуп чыккан костюм-шымчан жаш жигитти көргөндө өзүн алдангандай сезген. Анткени орто жаш курагынан өткөн, селде-чапан, маасы-көлөч жана сакалчан, курсак салган кишини элестеткен.

Бул окуядан бери жыйырма жылга жакын убакыт өтсө да өз динине кайткан момун-мусулмандын көбү исламдагы үлгү катары жогорудагы сүрөттөмөнү элестетет. Мындан да жаманы, заманбап кийинип, жылма сакал койгон учурдун жаш молдо-сопунсунун көбүнүн аң-сезими менен дүйнө таанымы селде-чапан менен маасы-көлөчтөн али чыга элек. Мындан жа жаманы, заманбап молдо-сопулар тарбия-таалими он экинчи кылымдан бери өзгөрбөй келе жаткан устаттарынын өмүрүн өзгөртпөстөн жашап өтүүнү өздөрүнө парз кылып алгандай.

Учурдун бизнесмен, ишкер жана интеллигент момун-мусулманы жогорудагы сапаттарга ээ молдо-сопунун жыйырма жылдан ашык тарбиясынан кийин, башканы кой, өз балдарына да үлгү боло албай, мусулманчылыгы кийинки муунга өтпөй тургандай абалга келгенсийт. Себеби, XII кылымдын дин жоруму жана тажрыйбасы менен XXI кылымдын уул-кызына үлгү болуу, жакшы натыйжа берчү аракет эмес.

VI-VII кылымда прогресс эстафетасын башка ишенимдеги коомдордон алган мусулмандар XII кылымдан тартып жүрүшү басаңадап, XV-XVII кылымдарда байгени кайра атаандаштарына өткөрүп берген. Ошол кезден тартып батыш жана чыгыш дүйнөсүнүн социалдык, экономикалык жана саясий тажрыйбасын эң чабал түрдө кайталоо менен гана алек.

Жогоруда айтылган бейимчилдик жалпы мусулман дүйнөсүнө таандык. Бирок өздүгүн жоготпостон бытыш жана чыгыш менен интеграция боло алган айрым мусулмандар өткөн кылымдан тартып кээ бир коомдук-экономикалык жана илимий тармактарда лидерликке жете баштады. Алардын бир гана көйгөйү калды – селде-чапан менен маасы-көлөч аң-сезиминен чыга албай жаткан молдо-сопудан киндигин үзө албаганы.

Заманбап мусулман адистер жана кесипкойлөр молдо-сопуларынын “назарынан калуу”, “батасынан чыгуу” психологиялык комплексине кирип алган. Аң-сезими өткөн кылымда калган молдо-сопулар болсо аларга үлгү боло албай калгандыгынын сырын билгизбей келет. Мындан улам коомго падасын тийгизип келе жаткан бул эки тайпа ийри олтуруп түз кеңешип, ортолорундагы “коомдук келишимди” жаңыртып алуусу зарыл. Антишпесе өздөрү да кыйналат, аларды кыя албай эки көзү төрт болгон XXI кылымдын жаштарын да кыйнап коюшат.