Кытай/Индия

АКШнын сенатынан «Уйгур» долбору: Кытай бийлигине чаралар

15 мая 2020 г. 15:26 448

АКШнын Сенаты Кытай коммунисттик партиясынын (ККП) жетекчилигине карата Синзян-Уйгур автоном облусундагы кылмыштары үчүн «Уйгур адам укутары долборун» кабылдады

Белгилүү републикачыл сенатор Марко Рубио сунган бул долборду, АКШнын парламентинин төмөнкү палатасы бир добуштан кабыл алды.

Долбордо уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулман жарандары үчүн уюштурулган концлагерлеринен улам ККП жетекчилиги айыпталып, буга карата катуу чараларды көрүү сунушталган.

Кабыл алынчу мыйзам боюнча Синзян-Уйгур автоном облусундагы мусулман калк кабылган укуксуздуктардан конкреттүү кытай аткаминерлери айыпталып, АКШ президенти Дональд Трамптын өкмөтүнө аларга карата санкцияларды колдонуу тапшырмасы берилмекчи.

Мындан сырткары АКШнын Тышкы иштер министрлигине Синзян-Уйгур автоном облусундагы адам укуктарынын тебеленүүсү тууралуу атайын баяндама дайындоо тапшырылды.

2019-жылы даярдалып башталган бул мыйзам долбору АКШ парламентинин жогорку палатасында колдоого ээ болгон соң, президенти Трамптын кол коюусуна жиберилмекчи.

Haley Byrd, CNN, АКШ