Борбор Азия

Ач көз элитаны төңкөрүү – жакшы көрсөткүч - 3

17 февраля 2019 г. 10:31 1541

(Макаланын акыркы бөлүмү. Башкы менен ортонкусуна ушул шилтемелерден кириңиз)

Дарон Ажемоглу менен Жеймс А. Робинсондун «Өлкөлөр эмнеге ойрон болот» аттуу китебинин негизги ою – "Жакыр өлкөлөрдү, калкка чап кенедей жабышып, канын соруп алсыраткан чакан «элита» башкарат. Бул арам кекиртектер, экономикасын элдин эсебинен жашаш үчүн, өздөрүнө жараша ыңгайлаштырган". Кыргызстанды башка өлкөлөр менен салыштырганда бул теориянын чын төгүнү айкын болот деген ойдобуз

Түштүк жана Түндүк жаштарынын кыялдары

Тигил же бул мамлекеттин экономикалык бакубаты өлкөдө калыптанган экономикалык эрежелер менен жарандарынын ишмердүүлүгүнүн кубатталуусуна байланыштуу. Эмесе, Түштүк жана Түндүк Корей өспүрүмдөрү келечектен эмне күтөт деп элестетип көрөлү.

Түндүк корей өспүрүмдөрү ишкердик эмне экенин билбестен, жакырчылыкта чоңоюшат. Алардын мектепте алган билиминин көбү - коммунистик режимдин эч нерсеге алмашкыс береке экенин таңуулаган үгүттөн башка эч нерсе эмес. Жансактоо үчүн алар кээде тыюу салынган соода-сатык менен алектене калышат. Бирок эч качан жеке менчиги болбоорун жана ишкерлик менен байып кете албашын бөркүндөй билишет.

Түштүк Корейдин жаштары сонун, заманбап билим алат. Экономикалык шарттар аларды мээнеткечтикке жана кесибин эрте тандоого түрткү берет. Ийгиликтүү ишкер же жалданма кесипкөй болушса, жашоосун каалагандай жакшыртууга, үй жана унаа сатып алууга, сапаттуу кызматтарды пайдаланууга мүмкүнчүлүгү болорун жакшы билишет.

Беркелүү экономика

Түштүк Корейде калыптанган экономикалык институттарды биз инклюзивдүү (англ. inclusive — «өзүнө сиңирген», «бириктирген») деп атадык. Инклюзивдүү институттарга жеке менчикти коргоо, адилеттүү сот системасы, экономикалык талаага жаңы оюнчулардын оңой кире алуусу, жарандардын каалаган кесибин тандап, карьера кылуусу кирет.

Инклюзивдик экономикалык институт - экономикалык бакубаттуулуктун эки негизги кыймылдаткычы болгон – технологиялык жаңылануу менен билимге шарт түзөт. Туруктуу экономикалык өсүү сөзсүз технологиялык жаңылануу менен коштолот. Себеби технология инсандын эмгеги, жер жана каражат деген экономикалык үчилтиктин берекесин арттырат.

Жеке менчикти коргоо, сот системасын ыңгайлаштыруу, коомдун жалпы экономикалык жагдайын жакшыртуу, келишимдерди түзүү жана соода жүргүзүү эркиндигин камсыздоо, тартип орнотуу үчүн күч колдонуу, уурулук менен алдамчылыкка бөгөт коюу, жеке же юридикалык тараптардын бири-бири менен түзгөн келишимдерин аткарууга мажбурлоо - мунун баары мамлекеттик мекемелердин иши. Ошондуктан инклюзивдүү экономикалык институттар күчтүү мамлекетке муктаж жана аны ийгиликтүү колдонушат.

Катаал экономика

Түндүк Кореянын укуктук системасы коммунисттик элитаны байыткан аспапка айланган. Биз инклюзивдикке карама-каршы келген мындай институттарга экстрактивдүү (англ. to extract - «сыккан», «сууруп алган») деп атайбыз. Тагыраак айтканда, алар коомдун калың катмарынын капчыгын сыгып, анын чакан бир бөлүгүнүн чатырап баюусуна шарт түзгөн институттар.

Кореянын түндүгү түштүгүнөн, Латын Америкасы Америка Кошмо Штаттарынан фундаменталдуу нерселерде айырмаланып турат. Инклюзивдүү институттар экономикалык ырыскынын молчулугуна, жумуштун берекеленишине жана жалпы бакубатчылыкка алып келет.

Мында жеке менчик укугунун корголуусу - өсүүнүн негизги өзөгү болуп берет. Анткени жеке менчиги мыйзам менен корголгон адам гана бул мамлекетке акча жумшап, эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттырууга киришет. Ак эмгеги менен тапкан нерсесин уурдатып, тарттырып жиберээрин, же көтөрө алгыс салыкты күткөн ишкердин мындай туруксуз өлкөгө акча жумшап жаңы техника сатып алуусун бул жакка кой, иштегенге да көөнү чаппайт.

Берекелүү жана катаал саясий институттар менен күчтүү бийлик

Түндүк Корейдин экомикалык институттарын 1940-жылы бийликти алган коммунисттер таңуулап келет. Демек, Түштүк Корея Түндүктөн саясий системасы менен айырмаланып турат. Эгер бийликтин эки тизгин бир чылбыры чакан топтун колуна берилип, анын өзүм билемдиги эч нерсе менен чектелбесе, анда биз абсолютташкан саясий институттарга кабылабыз. Мындай саясий түзүм экономикалык институттарды бул чакан топтун гана баюусуна ылайыктап, жеке бийлигин башкалардын эсебинен чыңдап кете берүүсүнө шарт түзөт. Анын тескерисинче, бийликти бийлик бутактарына жана коомдун ар түрдүү тайпаларына тең салмактуу таркатып, аны биринин колунда эбегейсиз топтолуусун чектеген институттар, кеңешип бармак кескен саясий системаларды пайда кылат.

Мындан сырткары, жетишээрлик борборлошкон күчтүү бийлик да олуттуу мааниге ээ. Эгер саясий талаада баарынын башын бириктирген жана эмнени кылса болот же болбойт экенин аныктаган күчтүү оюнчу жок болсо, коом башаламан жана элдешкис тайпаларга бөлүнүп кетет. Бийлик аламан байгедеги улакка айланган кезде, коом туңгуюкка кептелип, саясий жана мамлекеттик биримдиктен кол жууйт. Өкмөт экономика менен соода-сатыкта жетишээрлик тартипти орното албай, керек болсо, жарандарынын коопсуздугун да кепилдей албай калат.

Өлгөндүн үстүнө көмгөн болбосун

Экономикалык жана саясий институттар бири-бирин кубаттап турат. Экстрактивдүү саясий институттар бийликти "ак сөөкмүн" дегендердин колуна топтоп, аны колдонууну чектеген бардык шарттарды жокко чыгарат. Ошол эле убакта мындай элита өз кезегинде коомдун бардык тайпаларынын эсебинен жашаганга шарт түзгөн экономикалык институттарды негиздеп чыгат.

Мисалы, коммунисттер Түндүк Кореяда коомду баш көтөртпөй көзөмөлдөп, миллиондогон калкын жакырчылык туңгуюгуна кептеп, партиялык элитанын май-талканда жашоосун камсыздаган. Бул өлкөнүн бузулган саясаты менен былжыган экономикасы бири-бирин кубаттап, ак сөөктөрдүн алкымын барган сайын араандай ачырып, саясий талаада күчтүү жаңы оюнчулардын пайда болуусун жиптей бууган. Өз кезегинде экстрактивдүү экономикалык институттар арам кекиртек элитаны байытып, арам байлыгы менен саясий артыкчылыгын арттырып кете берүүсүнө өбөлгө түзгөн. Бирок алардын кош үн менен сайраганы муну менен эле чектелбейт. Экстрактивдүү саясий шарттарга карабастан, салыштырмалуу дурусураак атаандаш топ пайда болуп, алар бийликти мурунку элитадан тартып алган учурда да, буга чейинкилердин таз кейпин кийип, өздөрү да эч нерсе менен чектелгиси келбей калышы мүмкүн.

Ит жыгылыш деген жок

Инклюзивдүү экономикалык институттар инклюзивдик саясий институттардын иштөөсүнөн келип чыгат. Алар бийликти жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу институттары аркылуу жарандардын калың катмарына таркатып, чакан "элитардык" топтун биликти менчиктөөсүн чектейт. Кандайдыр бир топтун бийликти толугу менен тартып алуусун оорлоштуруп, коомдук пайдубалды мындай соккудан аман алып калат. Убактылуу жана чектелүү бийлик жүргүзгөн элита өздөрүнө гана кызмат кылган экстрактивдүү экономикалык институттарды түзө албайт. Инклюзивдүү экономикалык институттар болсо, киреше менен мүмкүнчүлүктөрдү өсүп-өнүгүп бара жаткан коомго тегиз таркатып, инклюзивдүү саясий институттарынын туруктуулугун камсыздайт. Мындан улам инклюзивдүү экономикалык институттар экстрактивдүү саясий институттардын натыйжасы да, негизи да болуп бере албайт.

Инклюзивдүү жана экстрактивдүү институттардын салгылашында бир тарап сөзсүз жеңип чыгат. Өзүн чектегиси келбеген бийлик иклюзивдүү экономикалык институттарды бара-бара экстрактивдүү институттарга айлантат, же экстрактивдүү саясий институттардын ичинде пайда болгон күчтүү экономикалык агым аны уратып, инклюзивдүү саясий институттардын негизделүүсүн шарттайт.