Жорум

Карантин учурундагы ата – бала мамилеси

19 апреля 2020 г. 14:43 418

Ата-бала мамилесинде буга күбөө болуудабыз. Буйругумду аткарбайт деп баласын сабаган ата мамиленин биринчи тепкичинен дароо бешинчи тепкичине секиргиси келгенин ашкерелейт. Антүүгө баласынан мурун өзү даяр эмес экенин билбейт

Адам баласынын өмүрү сыноолор менен өтөөрүн психологдор да, диний аалымдар да бир ооздон тастыкташат.

Алар бул сыноону түрдүү сөздөр менен атап келишет. “Азап”, “кыйналуу”, “такшалуу”, “жоготуу” ж.б.у.с. дешет.

Чындыгында өмүр жоготуу менен башталып, жоготуулар менен уланып, жоготуу менен аяктайт. Эненин курсагындагы комфорттон чыгуу да өзүнчө бир жоготуу. Ошондуктан комфорттон дароо хаоско түшүп калган ымыркай чыркырап ыйлайт. Өмүр бою сүйгөн жумушуңан, көңүлдөштөрүңдөн, акыры жакындарыңдын баарынан айрылып оо дүйнөгө сапар аласың.

Эң катуу сыноолор да жумушуңан, жактыргандардан, жакындардан келет. Кыргызда “жүрөлүчү көңүл оорутпай” деп айтылгандай, ансыз деле өтүп жаткан өмүрдө бактылуу жашоо үчүн эмне керек?

Сабырдуулук менен ийгиликке жеткен ар бир иш мээнин “депамин” затты бөлүп чыгаруусу менен натыйжаланат. Ал зат тулку бойго ыракат тартуулайт. Кишиде жаңы бир нерселерди үйрөнүп, ийгиликке жетүү шыгын жандантат.

Ошондуктан кээ бир аалымдар “Сабыр – эрктин жеңиши” - деген тыянак чыгарышкан. Бирок инсан кийинки тепкичтеги ийгиликке гана жете алат. Кудай Таала жараткан программанын бир нече тепкичин бир убакта секирип өтөм деген киши сабыр элегинен өтпөй калуусу мүмкүн.

Ата-бала мамилесинде буга күбөө болуудабыз. Буйругумду аткарбайт деп баласын сабаган ата мамиленин биринчи тепкичинен дароо бешинчи тепкичине секиргиси келгенин ашкерелейт. Антүүгө баласынан мурун өзү даяр эмес экенин билбейт.

Дайыма жумушта жүрүп карантин убагында үйдө отуруп калган ата баласынын тарбиясына киришет. Бирок мындай учурда ата баласы үчүн кадимкидей эле чоочун атаандаш. Сиз, мисалы, балаңыз үйгө келген чоочун кишинин ар буйругун аткара беришин каалабайсыз да. Бул коркунучтуу! Эволюциялык теориясын жерибеген диндар психологдор атаандашуу сезими 300 миллион жылдар мурун негизделген дешет.

Атаандаштык, артыкчылыкка жетүү сезими балада атаныкынан да курч болуусу толук мүмкүн. Анткени ата буга чейин ары бери урулуп, көп учурда уттуруп, анын артыкчылык үчүн күрөшүү сезими бир топ мокоп калган. Миллиондогон жылдар мурун негизделип, бала табиятында туубаса бар сезимди бир сабоо менен кагып чыгаруу мүмкүн эмес.

Ата үчүн бул өтө чоң сыноо. Ал сыноого карата кандай мамиле кылуусу керек? Биринчиден бала тарбиясында бир эле учурда кайдыгер болбошу жана аша чаап кетпеши зарыл. Антпеш үчүн бала тарбиясы боюнча жок дегенде минималдуу билими болушу керек.

Жакындары менен болгон ар бир конфликтти инсан бул дүйнөнү программалаган Жараткандан келген эскертүү катары кабылдаганы жакшы. Ошондуктан проблемага көз жумбастан, ага тике карап, сабырдуулук менен акыл-эске сыйган жана жакындарынын көңүлүн жубаткан жолдорду издеши керек.

Мамилелерди татаалдаштырып, чийелештирген бардык ашыкча нерселерден тазартып, жөнөкөйлөштүрүү жолдорун караштыруу абзел. Кандайдыр бир кичине көңүл буруу, маани берүү, өз колу менен тамак жасоо, чакан белек тартуулоо чоң натыйжаларга жеткирет.

Сиз проблеманы карап жылмайсаңыз, көбүнчөсүн, ал дагы сизге жылмаят. Балаңызды балээ катары кабылдасаңыз, ортодогу проблема тереңдеп, эки тараптын тең психикасын жабыркатышы мүмкүн. Капылеттен, кайдыгерликтен ойготкон проблемага туура мамиле кылсаңыз, ал ийгиликке айланат.