Жорум

​Постсоветтик, исламчыл аң-сезим жана COVID-19

10 апреля 2020 г. 19:47 513

COVID-19 коронавирусу пайда болгондон бери өлкөлөр ага түрдүү мамиле кылды. Кээ бир мамлекеттер баштапкы кайдыгерлигинен кайтып, илдетке каршы чараларын катуулатууга өттү.

Өлкөсүндө жеке бийлик орнотуп, жасалма жана ээрчиме оппозициясы бар авторитарлык лидерлер жана алардын коомдору COVID-19га карата бири-бириникине окшогон мамиле кылышты. Булардын мисалы катары Орусия, Белорусия жана Түркияны келтирсек болот. Мындай мамиле кылууга бул өлкөлөрдүн идеологиялык өтмүшү, учурдагы саясий элитасы жана экономикалык абалы түрткү болду.

Мисалы Орусия менен Белорусия батыш мамлекеттерине карата каршы турган дүйнө таанымдын авангардынын ролун ойноп жатат. Бул идеологиялык мурас аларга Советтик өтмүштөн калган. Түркияны башкарып турган исламчыл элитанын постколониалдык аң-сезими да Батышка каршы кайралып курчуган. Постсоветтик сыяктуу эле исламчыл дүйнө тааным да дайыма элдешкис сырткы жана ички душмандарды издеп турат.

Коррупцияга белчесинен батып, мамлекетинин экономикасын алсыраткан бул өлкөлөрдүн элиталары COVID-19 келгенде ага каршы чечкиндүү чараларга өтө алмак эмес. Анткени элинен ай сайын алып турган коммуналдык төлөмдөр менен салыктарсыз өкмөтүнүн каржысы токтоп калмак. Бир четинен бул илдетти батыш империалисттери кытай жетекчилиги менен сүйлөшүп, атайын ойлоп тапкан оюн катары да кабылдады. Кыскасы, бир нерсеге ишенгиң келсе, аргасыздан ишенесиң деген сыяктуу сөз болду.

Постсоветтик жана исламчыл дүйнө таанымдагы коомдор каржы туңгуюгуна тыгылган жетекчилигинин “биздин патриоттугубуз менен диндарлыгыбызды башкалар кызганып жатат” деген куру сөздөрүнө бекем ишенишет. Ошондуктан бийлиги чыгарган түрдүү фейктерге ынанып, аларды таратып эле тим болбостон, жалган же бурмаланган маалыматты өздөрү да өндүрүп интернетке жайгаштырып кирди.

Учурда интернетте дүрбөгөн постсоветтик жана исламчыл аң-сезим өндүргөн түрдүү кинотасма жана сериалдардан жулунуп алынган сценалар, атайын даярдалган видеоматериалдар, аудио жана видео үзүндүлөр тарап жатат. Бирок алардын баары акыйкатты алмаштыра албайт. COVID-19 бар жана аны менен күрөшүүгө банкрот болгон идеология эмес, күчтүү экономика менен саламаттык-сактоо тармагы керек.

Башында COVID-19га кайдыгер мамиле кылган Орусия менен Түркия бийлиги өлкөлөрүндө “өзгөчө кырдаал” киргизүүгө мажбур болушту, белорустар ойлонуп турат. Бирок мындай чукул чараларды таланып-тонолгон экономикалары көтөрө алабы, ал башка маселе.