“Согуш – бул тынчтык. Эркиндик – бул кулчулук. Билимсиздик – күч-кубат”. Океаниянын ушул урааны бир караганда жөнөкөй гана карама-каршылыктуу, ирониялуу көрүнөт. А бирок китепти окуй келсек, автордун таңгаларлыктай сергек ойчулдугуна күбө болобуз

Жорж Оруэлл бул романын 1948-жылы жазып бүткөн. Ал дүйнөдөгү коомдук-саясый, согуштук абалды таасын анализдеп, бийликтин, диктатуранын табиятын айкындап, бет пардасын сыйрыйт. Автор советтик Россиядагы пролетариат диктатурасы менен экинчи дүйнөлүк согуштун фонунда келечекке (мүмкүн алыскы) сереп салат.

Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттик түзүлүштүн ошондогу өнүгүү стадиясы шарттаган көп масштабдуу өзгөрүүлөр адам коомунда Гитлер, Сталин өңдүү диктаторлорду алып келди. Антиутопиялык чыгарманын автору тарыхтын өз заманындагы мындай жүзүнөн чексиз бийлик менен диктатуранын табиятын, анын келечектеги жүрүштөрү жөнүндө өтө тереңден көркөм анализ кылууга умтулат.

Диктатуранын барган сайын арааны ачылып, адамзат коомунда улам пайда болуп жаткан жаңы технологияларды өз максатына абдан эле ийкем колдоно алаар көркоо табиятын тастыктайт. Ага коллективдүү каршы туруп, эркиндик үчүн тынымсыз күрөштө болууга чакырат. Ансыз бура бастырбай, өз жарандарынын артынан түшүп алган бийлик жүрүп отуруп, масштабы ааламдык деңгээлге жетерин жана ал учурда күрөшүү такыр мүмкүн болбой каларын түшүнөбүз.

Чыгарма баш каарман, чындык министрлигинин (китепте) кызматкери Уинстон Смиттин өтө катаал жана эбегейсиз бийликтин укуругунан бошонууга аракеттенген диссиденттик ойлору, жан туйгуларын баяндоо менен башталат. Бирок бир партиялуу ырайымсыз мамлекттик түзүлүш өз кызматкерлерин өмүр бою бура бастырбай, артынан түшүп, аңдууга маш.

Дубалдарда мурутчан мырзанын эликтеп, ээрчип карап турган сүрөтү менен “Big brother is watching you” деген жазуу-эскертме жүрөктүн үшүн алып бүткөн. Өз бөлмөсүнүн чоло жерин калтырбай теле-экран тартып турат. (Бүгүнкүчө видео байкоого алып турушат). Жашырын катылган үн жаздыргычтар, үн аныктагычтар чын эле жарандар “чоң байкенин” дайымкы катуу көзөмөлүндө турарын билдирет. Уинстон Смит чоң байкенин каарынан жедеп, кантип кутулууну ойлойт. Ал керек болсо өзүнүн ушундай ойлорунан да коркот. Өз бөлмөсүнүн теле-экран тартпаган бурчуна жашынып, күндөлүк жазып баштайт. Бирок бул аракеттер эми өтө эле алсыз кейипке келгенин, эч майнап чыкпасын көрөбүз.

Уинстон Смит жана Жулия (Смиттин сүйгөнү, пикирлеши) жексур системанын тузагына капкачан эле кабылып калышканын билишпеди. Кантсе да ал экөөнү тиги узун укуруктуулар качандыр колго түшүрүшөрүн сезип жүрүшкөн эле. Алар экөөнү кармап алып, эң эле ырайымсыз кыйноолор менен адамдык “менин” сындырып коюшту…

Океания бийлиги жарандарды толук көзөмөлгө алып, керек болсо алардын оюн башкаруудан да кайра тартпай, анын бир катар инструменттерин ишке салышмак болушат. Маселен, жаңы сөз же жаңы тилди иштеп чыгуу менен мурда калыптанган тилдик каражаттарды жарактан чыгарып, тилди өтө эле примитивдүү деңгээлге жеткирүүнү көздөшөт.

Бийлик өткөн тарыхты тынымсыз бурмалап, теле-экрандардан партия бийликке келгенден тарта эл турмушу абдан жакшырганын байма-бай жарыя кылып турушат. Ал гана эмес Эммануель Голдстейн аттуу козголоңчуну (долбоор) ойлоп табышканын түшүнүүгө болот.

Партиялык, министрлик кызматкерлерди жасалма козголоңчунун сүрөтүн чоң экранга чыгарып алып, “эки мүнөттүк жек көрүү” каадасын күн сайын ишке ашырышат.

Тоталдык эрксиздик жөнөкөй калк (төмөнкү класс) үчүн анчалык деле каары катуу эместей көрүнчү. Караламан көпчүлүк китепте “пролдор” деп аталат. Пролдордун жашоосу абдан аянычтуу болучу. Бирок алардын партияга болгон сүйүүсү чексиз. Алар күнүмдүк пропагандага тынбай сугарылып турушат. Аларга мамлекет ичинде эркин орун которуп, каалагандай жашоого уруксат берилген. Өз пикирлештерин кесиптештер арасынан таба албай түңүлгөн Смит, “бир болсо үмүт пролдордо” деп ойлоп, эл аралап чыгат. Бирок ал тилеги да көп өтпөй таш капты. Пролдор жөнүндө ал Эмануелл Голдстейн жазды делген китептен (китеп ичиндеги китептен) окуйт. Анда минтип жазылган эле:

“Алар төрөлүп, ыпыластыкта чоңоюшат. Он эки жаштан иштеп башташат, күчкө толуп жетилүүнүн кыска учурун гана баштан өткөрүп, жыйырмага чыкканда үйлөнүшөт. Отузга чыкпай карый башташат. Ошентип алтымышында көпчүлүгү өлүшөт. Оор жумуш, үй-жайы үчүн, балдары үчүн кам көрүү, коңшу-колоңу менен майда-чүйдө уруш-талаш, кино, футбол, пиво, анан эң башкысы, кумар оюндары – болду, алардын дүйнө таанымына сыйчу нерселер ушулар эле.

Аларды башкарыш оор деле эмес. Бирок пролдордун саясатка болгон кызыгуусу күчөгөнү жагымсыз көрүнүш деп эсептелет. Алардан болгону примитивдүү гана патриотизм талап кылынат. Патриоттук сезимдерин ойготуу жумуш күндөрү узарганда, жарытпаган эмгек акысы кечиктирилгенде абыдан керек…”

Чыгармада дүйнө жүзү үч чоң супер державага бириктирилип, үчөөнүн бири-бири менен тынымсыз жүргүзгөн согуштук саясаты баяндалат. Тынымсыз согуш ал үч державанын өз ички саясатын каалагандай жүргүзүү үчүн абадай керек.

Согуш фронту маал-маалы менен өзгөрүп, өткөн тарых күн санап бурмаланып, теледен партия пропагандасы жарандардын аң-сезимин күн сайын ууктуруп, китептерди өрттөп жок кылып, керек болсо адамдын оюнан бери башкарууну, бийликти түбөлүк мурастоону көздөгөн ченде жок тоталитаризмдин чыныгы жүзүн “1984” романынан ачык көрөбүз. Ал тургай андагы айтылган ойлор бүгүн тастыкталып жатканына аргасыз күбө болуп атабыз…

P. S. Урматтуу китеп сүйүүчүлөр, эгерде Жорж Оруэллдин “1948-жылы” аттуу романын кыргыз тилинде окугуңуздар келсе, республикабыздын баардык китеп дүкөндөрүнөн сураштырсаңыздар болот! Аталган китеп “Китепстан” басма үйү тарабынан түпнускадан кыргызчаланган… 

Залкарбек Назарматов, ruhesh.kg