Жорум

​Чоң атам, атасы жана мен

4 апреля 2020 г. 13:01 1435

Чоң атамдын колунда тарбиясын алып чоңойгом. Ошондуктан анын жакшы сөздөрүн, өзгөчө ойлорун угуу, мага аябай жагат. Кече да аны менен көпкө чейин сүйлөшүп отурдук. Ошол жерде мен:

- Чоң ата, кырдаал начар, эртең бир эки кап ун жана башка азык-түлүк алып келейин, - дегем.

- Эмне? Балам кайсы начар кырдаалды айтып жатасын? Эл Кытайга үркүптурбу, же согуш башталып жатат бекен? Же силер үчүн үйдөн чыкпай отуруу начар кырдаалбы?

- Жоок чоң ата...

- Балам, өзүң да билесиң, атам согуштан кайтпай калган, анын өлгөнү тууралуу кара кагаз 1942-жылы келген. Бирок билесиңби, андан кийин да согушка акыркы наныбызды, акыркы азык-түлүктү да жөнөтүп турдук. Ал жакта атам жок, азык-түлүк кимге барат, ал жакта биздин үй-бүлөдөн эч кимиси жок, ошон үчүн эми бербейбиз деп эч ойлонбоптурбуз. Эртен ач калабыз эки нанды алып калалы деген ой такыр келбептир. Оюбузда эртеңки келечек, келерки муун, Ата-Мекен, жалпы журт болчу. Оюбузда биргеликте душманды жеңүү, жерибизди сактап калуу гана болчу.

- Ата, айтып бергенсиз эсимде, бирок.

- Эмне бирок, эсинде болгону менен, аны аткарбасан эмне пайдасы бар? Унутпа, биз жерди бабаларыбыздан мураска эмес, урпактарыбыздан карызга алганбыз балам. Билесиң, жогору жактагы дүкөндү Союз учурунда 20 жыл, ал кулагандан кийин 10 жылдай карап жүрдүм. Союз тарагандан кийинки кыйынчылыкты айт, байпак жамап кийип, загара нан жедик. Бирок айылдын, элдин, мамлекеттин башына кыйынчылык түшкөндө азыкты кымбаттатуу, же аны катып эртеңки күнгө алып калуу деген арам ойлор башыма такыр келбептир. Эл кыйналып турган учурда мен кантип жыргайын, эл түйшүгүнөн мен кантип түшүм алып, кантип байып кетейин? Ага менин жүрөгүм чыдабайт, мен андай жашоодо жашай албайт болчумун.

- Ооба чоң ата, анткен менен азыр башка жашоо, башка заман да.

- Туура айтасың башка заман, себеби бул заманды биз курдук атамдар эмес, ооба башка жашоо, себеби өзүн гана ойлогон биз сыяктуу инсандар жашап жатышат. Жапырт жаман дебейм, Курманжан Датка энебиздин жолун жолдоп элге маска тараткан аялдар бар экенин, өзүнө калбаса да акыркысын берген эр жигиттер жок эмес экенин көрүп жатабыз. Алардын ар бирине жолугуп рахмат айтканы мүмкүнчүлүгүм болсо кана. Бирок көпчүлүк андай эмес да, ошон үчүн башка жашоо да, башка заман. Билесиңби, кээде ойлонуп кубанып кетем.

-Эмнеге?

- Жакшы, Кытайга биз үрккөн жокпуз, жакшы силер согушкан жоксуңар. Кытайга жетпей эле нан талашып кырылмакпыз, аскерге эч нерсе жөнөтпөй эле согушта уткузмак экенсиңер. Жакшы, эгемендүүлүк келген кезде силер жаш экенсиңер, андай болбосо баарын кымбаттатып, элди ачка кырып, мамлекет кайра жоюлуп кетмек.

Балам......

Уландысы бар.

Чыныгы кедейлик сени түшүнбөгөндөр менен жалгыз калуу.

Ынтымак бар жерде ырыс бар.