Жорум

АЛЫҢ ЖЕТКЕНИ ЭЛЕ ДААВАТЧЫБЫ, ЖАМАНЫМ - 2

31 марта 2020 г. 20:31 2365

Кечээки макалам соцтармакка чыккан соң ар ким ар кандай пикир айтты. Кээ бирөө алкап, мактап, ыраазчылык билдирип айтты. Кээ бирөө сөгүп-сагып, шылдыңдап айтты. Жеке инсандыгыма чейин асылып ийгендер болду. Ушундан улам, буга чейин мусулман журтчулугун жаман көрүп, радикал, сабырсыз деп аткан светтик коомдун өзү деле укмуш периште эмес экенин байкадым. Мен муну макаламда да айткандай болгом. Биз дааватчылар деп аткандар өзүбүздүн ичибизден эле чыккан эл дегем. Бул деген баарыбыз окшош элебиз деген сөз болчу. Туура эле айтылыптыр. Алар деле, булар деле окшош, бир камырдан чыккан элбиз.

Баарынан жаманы, биздин интеллигенция өкүлдөрү деле ошол карапайым элдей экен. Алар деле өздөрүнө сын айтылганда ит жебеген бокту жеп ийгенге даяр тура. Камаш керек, кырыш керек, жабыш керек деген радикал кадамдарга алар деле барганга даяр экен. Көптү көрүп, көптү окуган, аяк-биякка чыккан кишилер дегенибиз менен, алар деле кыйратып оңолуп кетпептир. Өз пикирин таңуулап, өзүнө кошулбагандарды бүтүндөй кемсинтип сүйлөп, ал тургай кестирип ийгенге алар деле даяр турат экен.

Анан бул жерде дагы бир күнөө – биздин журналисттик коомдо болду окшойт. Алардын бир кылыгы буга чейин да бул маселе болуп келген, азыр дагы ошонун кесепети тийди.

Айтайын дегеним, буга чейин кимдир бирөө кандайдыр бир окуяга дуушар болсо анын кимдигин жаап-жашырбай эле жалпы ММКга уруп ийишчү Ал тургай сүрөтүнөн бери салып ийише турган. Ал киши эртең эмне болот, кандай абалда калат, карашчу эмес. Кийин гана сүрөттөрүн жаап-жашырып калышты. Азыркы көйгөй да ошондон болду окшойт. Мисалы, кечээ Нарынга вирус жеткирди, дааватчы экен деп күнөөлөп аткан кишинин аялынын ватсапка ыйлап сүйлөгөн аудиосу тарады. Ал аял минтет: Биз күйөөбүздү карантинге алат го деп аэропортко тосуп алууга барган эмеспиз. Анан аңгыча эле күйөөм үйгө кирип келди. Таза экенсиң деп кетирип койду. Эгер бир нерсе болсо чакырышат экен деди. Ошентип Бишкекте төрт күн жаттык. Анан аңгыча карантин болот, кетчүлөр кеткиле дегенде кетип калдык дейт.

Эми ушул жерден кимди күнөөлөсө болот? Таза экенсиң деп кетирип ийген киши эмне кылыш керек эле? Кетчүлөр кетип калгыла дегенди уккан нарындык киши эмне кылыш керек эле? Анан аны той бериптир деп сөгүп атышкан. "Той берген жокпуз" дейт аял. "Дааваттан келиптир деп той берчү беле" дейт. Туура да. Дааваттан келиптир деп ким той берсин? Той бергенге деле убакыт болгон жок дейт. Андан көрө апабызга Куран окутмакпыз, ага да шарт болгон жок дейт. Анан бизди ак жерибизден дүң кылып элге жарыялап ийишти деп ыйлап атат.

Мына, маселе ушул жерде. Биринчиден иштин чоо жайын билбей туруп эмнеге таратышат? Экинчиден, айланайын, эртең деле күн бар го. Ал кишинин бала-чакасы эртең кантип жашайт? Көчүп кетеби эми ал? Же ошондон нары эле өлүп кеткени жакшыбы?

Мына ушул нерсе коомду экиге бөлүп койду. Окуянын чоо-жайын иликтебей туруп эле дааватчылар, умрачылар деп бүт жаманатты кылып салышты. А чынында дааватчылар аякка төрт ай мурун кетишиптир. Болбосо, төрт айды койдум, кечээ эле кирип чыгып жүрүшпөдү беле. Рейстер токтоп, эл кирип чыкпай калганына аз эле болбодубу? Андан дагы, жакында эле Түркиянын президенти Сауд Арабияны эмнеге вирус бар экенин айтып койгон эмес деп күнөөлөдү. Бул менимче туура кадам. Маселе ушунда да. Бир жерде оору бар экенин айтылбаса, катардагы карапайым жаран кайдан билмек эле? Маселени эмнеге ушул жагынан карап, түшүнүү менен кабыл алышпайт?

Бирок, мен бул жерден дагы бир нерсени байкадым. Бул чууну мурунку макаламда айткандай эле, мурдатан котур ташын койнуна катып жүргөндөр күчөтүп атат. Карапайым элдин башын ошолор айлантууда. Айрыкча өзүн укмуш акылдуу сезип алган улуу муундун кишилери. Мен ошолордон туура пикир күттүм эле. Бирок, алар СССР калыптап кеткен тар түшүнүктөн чыга алышпаптыр. Алар баягы эле коммунизм доорундагыдай болсо деп самай беришет экен. Ой пикир эркиндиги, ишеним эркиндиги деген дагы эле жете элек. Жеткенден эле жылаңач жүрүү менен кийим кийүү эркиндиги жетсе керек. Болбосо батышта эч ким биздегидей тигил жамаат, бул жамаат деп бөлгөн жок. Жалпы элге чакырык таштап отурат. Анан эле айткан мисалдары Тажикстан, Орусия, Чеченстан, Түркмөнстан... Айланайын, аякта диктаторлук орноп турат. Алардан үлгү албагыла. Биз эркин мамлекетпиз. Биз демократиянын аралыбыз.

Айтмакчы, Ат-Башыдан дагы эки «дааватчы» ооруканага жатпай, мечитке барып атыптыр. Алар милицияны да алдап посттон өтүп кетиптир деп атышат. Бул жанагы «коммунизмдин» кашаасынан чыга албай аткандарга майдай жакты. Бирок, алардын ким экенин дагы эле билише элек. Териштиришкен да жок. Баягы эле такталбаган чуу менен кетишти. Алардын якынчылар экенин, дааватчылардан бөлүнгөн топ экенин, муфтий тургай президентти да угушпай турганын, аларга качантан бери бийлик тыюу салып келгенин, бирок бир да дааватчы аларга болушпаганын дагы эле билишпейт. Булар деги бир нерсени окуйбу, таң калам. Жок дегенде өз элиңердин абалы, жашоо-турмушу менен кабардар болсоңор боло...

Кечээ ушунтип жазып койсом катуу арданып кетип, туш тараптан чыгып жазып атышат. Бүгүн дагы эле айтам. Себеби өздөрү ого бетер далилдеп атышат.

Эми жалпы момундарга кайрылуум. Момунум, дааватчы тууганым, боордошум. Сен мусулмансың. Сенин жолуң катаал жол. Сен дайыма эле жыргалчылыкта жашайм, элдин баары мени туура кабыл алат деп күтпө. Биздин жол ушундай катаал, тикенек чачылган жол. Душманыбыз да көп. Пайгамбарыбыздын убагынан бери ушундай болуп келген жана боло берет. Сенин бир гана айлаң – чыдоо. Бул биздин эл. Дааватка биринчи аттанган күнү эле ушул элдин бактысы деп аттангансың. Эми дагы ошону ойло да чыда. Маселени көбүртүп жабыртпа. Мейли, айтса айта беришсин. Бүгүн эле айтылып атты беле? Мындай кептер илгертен эле айтылып келетат. Болгону, ушундайларга алдын-ала даяр бол. Илимиңди, көз карашыңды, дүйнө таанымыңды кеңейт. Көп-көп оку. Элге сөз гана эмес, кыймыл-аракетиң, ишиң менен үлгү бол. Билем, сен мамлекет «Карантин, эч жакка чыкпагыла» деген күнү эле дааватыңды токтотконсуң. Сен ал тургай таштагың келбеген жамаат намазыңды да таштагансың. Апталык майрамың – жуманы да токтоттуң. Бирок, болбой эле сени каралап атышат. Мейли, эми. Чыда.

Жамаатыңдагы анча-мынча кызуу кандууларга да айт. Жалпы жамаатка доо кетирген кадамга барбасын. Баары тең бизди карап турат де. Башкалар чалынса да, жыгылса да унутулуп калат. Себеби, алардан андайды күтсө болот. Нормалдуу көрүнүш. Бирок, сен экөөбүздүн кенедей кылт эткенибиз дүң дей түшөт де. Себеби, бизден элибиз жалаң улуулукту күтөт. Биз улуу жолдогу кишилербиз де. Ошол милдетиңди сез жана мындан да бекем даярдан. Элдин бардык катмарынан кабарың болсун. Китептерди оку, газеталарды оку, макалаларды оку. Бардык билимдерди оку. Ошондо гана алар сени сыйлайт. Сенин алдыңда керек болсо сөз сүйлөй албай калган абалга жетет. Мүңкүрөбө. Басынтып караган, басынтып мамиле кылган абалга түшпө, боордошум. Бул мага да айтылган кеп. Бизге, баарыбызга айтылган кеп. Аманчылыкта, жакшылыкта жүз көрүшөлү. Жана эң негизгиси биздин жалгыз Жаратканыбыз, Аллабыз баарыбызга ыраазы болсун.