Жорум

Алың жеткени эле дааватчыбы, жаманым...

30 марта 2020 г. 15:57 10478

Кыргызстанда короновирус чыкканы элдин жектегени эле дааватчы, умрачы. Ак сакалы деле, көк сакалы деле, саясатчысы деле, агартуучусу деле асылганы ушул, бечара момундар. Көрсө аты эле айтып тургандай эле анык момундар ушулар тура.

Ыраматы болгур Манас Бердибековдун бир тамашасы бар эле. Кичине ичип алгандан кийин отуруштагы эң жоош, эң тынч отурган кишини карап секире баштайт деген. Азыр да ошондой көрүнүш болуп атат.

Мамлекеттин шалаакылыгына үн ката алышпайт. Себеби, ушу кошуна Кытайда эл кырылып атканда биздин мамлекет эч чара көрбөй, аягында кайра-кайра какшана бергенде араң Торугартка бир-эки киши коюп койгон. Манас аэропорту болсо татыратып эле киргизип-чыгарып атты.

Саламаттыкты сактоо министрлигине да сөз айта албайбыз. Болбосо, бул тикелей ошолордун жоопкерчилиги болчу. Каякты карап отурасың? Оору чыгып, таралып атканда эле чара көрүп, камданып баштасаң болбойт беле? Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чек араларды жабалы, дары-дармек, коргонуучу каражат дайындайлы деп койсоң боло. Жок. Дымырап отурат...

Андан кийин чек арачылар, күч түзүмдөрү... бажы...

Кыскасы, Кыргызстанда ким каалаган кирип, каалаганы чыгып эле атты. Анан эле ким күнөөлүү болду? Умрага баргандар, дааватчылар...

Кээ бирөө билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй эле ызы-чуу түшүп атат. Арасында чындап ачууланганы бар, же жөн эле табасы канып, кычуусу канып аткандар бар. Баарынан да ушул табасы кангандар күйгүзөт да. Булар элдин саламаттыгына деле күйгөн жок. Оорунун таралып атышын деле ойлобойт. Булар тек гана эзелтен бери багып келаткан арам ниетин, койнундагы котур таштарын сууруп чыгышты. Ушул жерден бир согуп калалы деген эле душмандык булардыкы. Кимдир бирөөгө күйгөнүнөн, ичи ачышканынан эмес, жеке пейилинин иттигинен жулунуп чыга башташты. Бирок, алар билбейт окшойт. Бул оору да бүтөт, буюрса. Ошондо эмне кылаар экенсиң, кургурум. Табааңды кандырып-кандырып ал, ушул бойдон көпкө чейин куйкаң курушуп, кажынарга эч нерсе таппай калышың мүмкүн...

Ал эми жалпы элге айтарым, маселени түшүнүү менен карасак. Оору умрага барбаган, дааватка чыкпаган Европада, Америкада деле күчөп атат. Түштүк Кореяда дагы катуу болду. Бирок, корейлей тигини-муну жектебей эле жеңип чыгышты. Батыш элдеринде дарысын издеп атышат. Андан көрө биздин кыйын илимпоздор эмне кылып атат, ошону сурабайлыбы? Же баланча дааватчы кайда, түкүнчө дааватчы кана деп катын ушак менен отурушабы? Эмнеге алардын дымы чыкпайт? Килейген Илимдер Академиясы бар го бизде? Килейген министрликтер бар го. Акчаларды болсо олчойто алышат. Улуттук коопсуздук кызматы деген неме бийликти кайтаргандан башка иши жокпу? Эмнеге ошолор кыймылдап иш кылышпайт? Улуттун коопсуздугун карачу ошолор эмес беле.

Жок. Алыбыз жеткени эле момун дааватчылар. А алар ким экенин билесиңерби? Алар биздин айылдарда калган карапайым агаларыбыз, инилерибиз, аталарыбыз. Колунан келишинче элинин саламаттыгы үчүн, элинин ак жолго түшүүсү үчүн күрөшүп аткан, болгондо да эч аспабы жок, эч каражаты жок, жылаңач колу менен күрөшүп аткан каармандарыбыз. Ишенбесеңер жакын барып ой-тилектерин сурап көргүлөчү. «Ушунтип жер кыдырып жүрүп депутат болоюн деп атам» дешпейт. «Жакында шайлоо болот экен. Ошого карата эл кыдырып жүрөм» дешпейт. «Соода кылып, акча топтоп алайын деп жүрөм» дешпейт. Кызмат кууп жүрөм, же той-аштардан акча таап, сахнада жүрөм да дешпейт. Себеби алардын тилеги андай эмес.

Алардын тилеги элди ичкиликтен, уурулуктан алыстатуу. Ыйманга чакыруу. Боордоштукка, биримдикке чакыруу. Мусулманчылыктын тилеги ушундай. Жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакыруу. Балким, сага алардын сырткы кебетеси жакпай аткандыр. Жүргөн-турганы, тазалыгы жакпай аткандыр. Бирок, билип койчу, акындарыбыз «эң негизгиси адамдын көңүлү, сырткы келбети эмес» десе кайра-кайра кайталап каласың го. Ушул дааватчыларды көргөндө да ошону бир эстеп койчу.

Анан дагы бир нерсе эсиңде болсун, алар да биздин карапайым калк. Аларга биз мектептен кыйратып билим бере алган эмеспиз. Жогорку окуу жайлары болсо тек гана убакыт менен акчаны жок кылуучу жер болуп калган. Маданият өкүлдөрүбүз интрига менен, канткенде сыйлыкка жетем, канткенде акча табам деп жүрөт. Жазуучуларыбыз болсо элди агартып, сабатын көтөрүп ийгидей китеп жазган жок. Аларда дагы ириңдеген ит оюн жүрүп атат. Кимди мактап ийсем, кимге жагынып ийсем туйтунам деп жаланып турушат. Журналисттерди болсо өзүң билесиң. Анан карапайым калктан эмнени күтүп атасың? Карапайым калктын ичинен чыккан дааватчылардан кайсы маданиятты, кайсы билимди күтүп атасың?

Баса, бирок, бир нерсени унутпа. Дааватчылар тууралуу, алардын кийим-кечеси тууралуу өйдө-төмөн сөзүңдү азайт эми. Балким балконуңан нары чыга электигиңен улам ушунтип жүргөндүрсүң. Себеби, азыр алар да баягыдай «шалбыраган» кийим кийбей калган. Азыр алар сендей, мендей эле кийинип жүрөт. Баштарында калпак, буттарында шым, туфли. Мечиттери да тазарган. Мечиттери тазарган десе тартып алыш керек экен деп кулкунуңду кулкулдатып ийбе. Аны кимдир бирөө өз эмгеги менен тапкан каражатына салып берди. Мамлекеттен бир тыйын кеткен эмес. Жулунуп каласың го, мектеп аз, мечит көп деп. Андай эле күйүнүп атсаң, мектеп салып ташта. Же тап демөөрчү. Бирок, бирөөнүн ишине ичиңди ачыштырба. Жукпайт андай эч кимге.

Кыскасы, мен дааватчы агаларыма ыраазымын. Бар болгула, бир боорлорум. Бир кезде айылдарыбызда арак суудай агып, бешиктеги баладан, бели бекчейген чалга чейин ичип калганда ушул акылдуусунуп сүйлөп аткан академиктер эмес, жазуучулар эмес, саясатчылар эмес, так ушул дааватчылар куткарып чыккан. Эки кишинин башы кошулса кечээ кантип ичкенин, ким менен ичкенин, кимди тооруганын, канча стакан жутканын айткандан башка сөз укпай калдык эле, ошол кепти, ошол адат-мадаты менен кошо дааватчылар жоготкон.

Мына азыр ушул эле дааватчылар бала бакчаларды, мектептерди салып баштады. Алар да эл менен бирге өсүп атат деген сөз бул. Бирок, алардын бир жакшы жери, беш сомдук жумуртка тууп алып ай-ааламга чаң салган тооктой кыйкырып чыкпайт. Момундук эмей эмне бул? А сен эң момунун таап алып тепкилей бер, жаманым...