Жорум

​Же демократия, же ислам деш туурабы

25 марта 2020 г. 16:09 258

Ислам менен демократияны бири-бирине карама-каршы келет, экинчиси биринчисине зыян деген пикир туура эмес экенин дароо эле айта кетели.

Исламдын эки негизи болгон Куран менен Пайгамбардын жашоосу ишеним жана сыйынуу, адал жана арам, адеп-ахлак маселелерин кеңири караган. Бирок бийлик, башкаруу жана мамлекеттик түзүлүшкө келгенде так эреже койбостон ар түрдүүлүктүн жолун болушунча ачкан.

Ислам бийликтеги адилеттүүлүккө жана, анын сакталышы үчүн, башкарууга жөндөмдүү кишилердин келишине, маселелердин кеңеш менен чечилүүсүнө катуу көңүл бурган.

Динде үй-бүлөдөгү укуктар, келишимдер, соода алакалары, жазалар жана адилеттүү сотко негизги көңүл бурулуп, бийликке келүү, аны колдонуу жана чектөө маселеси дээрлик каралган эмес

Албетте, мусулман аалымдары жана ойчулдары саясатка тиешелүү китептерди жазып, түрдүү теорияларды иштеп чыгышкан. Аларда көбүнчө мамлекет башчысынын өзгөчөлүктөрү, анын бийликке келүүсү канчалык зарыл экени жана башкарууга келүү жолдору жазылган.

Андан сырткары бул чыгармаларда ал кездеги саясий системаны баалоо, паракорлуктун себептерин аныктоо, башкаруучуну заалымдыктан тосуп, адилеттүү система орнотууга көмөктөшүү маселелери да каралган. Жалпысынан алганда аларда негизги көңүл саясий системага эмес, башкаруудагы адеп-ахлак көйгөйлөрүнө бөлүнгөн.

Баш мыйзам менен башкаруу системасы тууралуу өкүмдөр көбүнчөсүн Куран менен сүннөткө эмес, төрт адилеттүү калпанын дооруна таянган. Чечимдердин көбү ошол кездеги коомдук жана саясий турмушка тиешелүү болгондуктан, алардын баардык заманга жарап берет деп айтуу кыйын.

Куран менен Пайгамбар үлгүсү баардык коом жана доорго тиешелүү мамлекет түзүлүшү менен башкаруу системасын калтырган эмес. Алланын элчиси өзүнөн кийин кимдир бирөөнү жетекчи катары дайындабаганы, андан кийинки төрт калпанын ар бири ар башка жол менен бийликке келүүсү муну тастыктап турат. Өз доорундагы падышаларды исламга чакырып, мусулмандыкты кабылдаса, бийликте кала берүүсүн кепилдеген Пайгамбарыбыздын каттары да буга далил.

Жогорудагынын баары исламдын негизги максаты – бул таза инсандардан турган таза коом куруу экенине ишарат кылып турат. Башкаруу системасынын формасы ошондой талаптарга жооп берген инсандардын кеңешине жана эркине калтырылган.

Ошондуктан кандайдыр бир радикал топ же саясий партиянын “ислам мамлекети” деп башкаларга таңуулап жаткан системасы исламды туура эмес түшүнүүдөн келип чыккан тар мүнөздөгү теория гана экени шексиз.

Мусулман жамааттарынын исламды демократияга каршы деп таанытуусу жана “ислам мамлекети” демократиядан жогору турат деп айтуусу негизсиз. Анткени ислам демократияга альтернатива болчу башкаруу системасын иштеп чыккан эмес.

Ошондуктан “бар нерсени уратып салалы, анан эмне кураарыбызды ойлонобуз” деген пикир анархия менен хаостон башка эч нерсеге алып барбасын жакшы түшүнүү керек.

“Же ислам, же демократия” дегендин ордуна, адилеттүү коом курууда экөөнү бири-бирине кубат берген түшүнүктөр катары кароо эң туура болот.