Жорум

​Карантинде акылдан айнып кетпеш үчүн...

24 марта 2020 г. 15:22 336

Эртең Өзгөчө абалдан Өзгөчө кырдалга өткөнү турабыз. Демек кишинин көбү бала-чакасы менен бирге үй камагында отургандай болот. Мындай учурда “эски таарынычтар” эске түшүп, ызы-чуу же депрессия болуп кетпеш үчүн эмне кылуу керек деген макалалар чыга баштады

Франциялык психологдор Le Figaro гезити аркылуу беш сунуш беришкен:

1. Каршы чыгып, нааразы болуп, депрессияга түшпөстөн өзүң таасир бере албаган мындай абалды башынан кабылдоо. Учурдагы ишиңизге үңүлүп, келечектеги коркунучтар тууралуу ойлоно көп бербеш керек;

2. Бала-чакасы жок кишилер көбүрөк уктап алайын дешет. Бирок мындай адатты уланта берүү ден-соолукка зыян келтирип, күч-кубатты “соруп” жок кылат. Ошондуктан күнүмдүк тартип түзүп, аны так кармансак, стресске алып барчу абалдардын алдын алабыз. Белгилүү бир убакта туруп, бир убакта жатуу керек;

3. Башкалардын жагымсыз адаттары сыяктуу эле сиздин туура эмес иштериңиз да алардын кыжырын келтирет. Ар кай жерде калган байпак, жуулбаган табак... нервди жеп, ачуулантат. Ошондуктан, баары бири-бирине көнүп кеткенге чейин, жагымсыз көнүмүш адаттар тууралуу үндү жогорулатпай ачык-айкын сүйлөшүп алуу керек. Ачуубузду үйдөгүлөргө “жугузуп” албаш үчүн өзүбүздү көзөмөлдөгөндү үйрөнүү зарыл;

4. Тууган-туушкан, дос жана жакындар менен мамилени үзбөй, соцтармактар аркылуу сүйлөшүп, видео-байланыштарга чыгып туруу керек. Кары-картаң кошуналарга жардам берип, башкалардын жардамы үчүн ыразылык билдирип туруу маанилүү. Өз ара жардамдашуу жана мээримдүүлүк сыяктуу негизги баалуулуктарга кайтуу зарыл;

5. Сөздүн баары келип коронавируска такалбашы керек, анте берсек коркуубуз артып, жашоо жеңилдеп кетпейт. Андан көрө календарды ачып, келечектеги туулган күндөр, жайкы каникулдар, той-торополор тууралуу пладарды сүйлөшүү жакшы;

Узак мөөнөт космосто “камалууга” мажбур болгон америкалык космонавттар Time гезитине берген маегинде бир нече сунуш айтышкан:

- Дайыма бир нерсе менен алек болуу керек, бош отуруп калуу катастрофага алып барат. Үй менен короону тартипке келтирүү, роман жазып баштоо, үй-бүлөлүк сүрөттөрдү ирээттеп чыгуу, эски фото-альбомдогу сүрөттөрдү санариптештирүү, келечектин каржы планын түзүп чыгуу...;

- Бир эле кишилер менен дайыма отура берүү тажатат. Ошондуктан атайын ар бөлмөгө бөлүнүү, эшке чыгып сейилдеп келүү, башка кишилерди жана алардын жан-жаныбарларын карап отуруу бизди алаксытат. Албетте, ашкере сүйлөөк жана сынчыл болсоңуз өзүңүздү чектеп үйрөнгөнүңүз жакшы;

- Вирусту жаңы бир нерсе катары кабыл алып дүрбөбөш керек. Адам баласы пайда болгондон бери эле аны миң түркүн вирус коштоп келет. Башында иммундук системабыз менен гана күрөшсөк, учурда жүрүм-турумду өзгөртүү, дары-дармек, медициналык жабдыктар, дарыгерлер жана илим-билимдин жардамы менен күрөшө баштадык. Киши кандай болбосун вирусту акыры жеңип чыгат.

Suomen Kuvalehti гезитинде фин психотерапевти төмөнкү кеңештерди берген:

- Кишинин көбү мындай бир нече апталык чектөөгө оңой эле көнүп кетет. Тескерисинче, бул учурдун кесепеттери менен күрөшүү узак мөөнөттү алышы мүмкүн;

- Дайыма активдүү калуу маанилүү. Аң-сезимди жакшы маанай тартуулаган нерселер менен алектендирип, аны ийкемдүү бойдон кармап калуу зарыл. Ал үчүн учурда колуңан келчү жагымдуу нерселердин тизмегин түзүп чыгуу керек;

- Позитивдүү ойлорду жазып, аларды тынчсызданткан жана пессимисттик ойлорго каршы колдонсо болот. Реалдуулукту кабыл алып, аң-сезим менен акыл-эсти башкаруубуз керек;

- Тагдырга ишенүү маанилүү. Өзүбүз таасир бере албаган нерселерге ашыкча көңүл бурбоо керек.

- Мажбур түрүндө болсо да кишилер жакындары менен бирге болууда. Мунун өзү эле коопсуздук сезимин алып келет. Жаңы жагдайга баары чогуу көнүп кетишет;

- Үй-бүлө менен бирге түзүлгөн күн-тартибин сактап, “өргүү режимине” өтүп кетпеш керек. Иш, жакшы уйку, туура тамактануу, таза абаага чыгуу, активдүү жүрүм-турум жөнүндө унутпаган жакшы. Жагымдуу маанай тартуулаган нерселер менен баарыбыз бирге алектенебиз.