Жорум

Ислам менен демократияны салыштыруу

23 марта 2020 г. 13:17 126

Дин, анын ичинде исламды талкуулоо барган сайын татаалдашып барат. Кишилер динди коомдук-саясий турмушка салыштырып карап баштады.

Бир тарабынан алганда дин инсандын ички дүйнөсүнө тиешелүү болуп, анын жашоосунун өзгөрбөс көрөңгөсүнө кирет. Башка тараптан караганда, кээ бир диндарлар динди акыл менен гана аңдалган принциптердин топтому катары карашса, башкалары, тескерисинче, сезим менен кыялдарды алдыга чыгарып, дин – бул дүйнөдөн толук баш тартуу деп билишет.

Исламга келгенде маселе ого бетер татаалдашат, анткени кээ бир мусулмандар аны саясий, социологиялык жана экономикалык идеология катары кабылдашат.

Ислам менен демократияны салыштырганда бирдей ыкмалар колдонулбаш керек. Дин жашоо-турмуштун өзгөргүс пайдубалына орногон. Саясий, коомдук жана экономикалык системалар же идеологиялар болсо турмуштун дайыма өзгөрүп турган жана салыштырмалуу чакан топту гана кызыктырган нерселерге негизделген.

Диндеги талаптар адамзат жаралганда кандай баалуу жана зарыл болсо, учурда да ошондой, келечекте да күчүн жоготпойт. Адам баласы ойлоп тапкан системалар болсо шарттарга жараша өзгөрүп, кыска мөөнөттүк таасирге ээ.

Исламдын Жаратканга, акырет жашоого, пайгамбарларга, ыйык китептерге, тагдырга ишенүү сыяктуу негизги принциптери доорго жараша өзгөрбөйт.

Ошондуктан динди демократия менен салыштырганда, демократиянын дайыма өнүккөн жана өзгөргөн система экенин унутпашыбыз керек. Ал доор жана өлкөгө жараша кубулуп турат. Ишеним болсо кудайга сыйынуу жана абийирге карата солкулдагыс принциптерди иштеп чыккандыктан, диндин коомдук турмушка тиешелүү тараптарын гана демократия менен салыштырып, өз ара ыкташтырса болот.

Исламдын негизги максаты менен акыйкаттары турмушубуздун өзгөргөн тараптарына дайыма таасир этет. Бирок динибиз башкаруунун өзгөрүүсүз формасын сунуштабайт, аны калыптоо аракетин да кылбайт. Ал башкаруунун жалпы мүнөзүн гана тактап, формасы менен түрүн мезгилдин шарттары менен талабына калтырат.

Мына ушул өңүттө гана исламды учурдун ийгиликтүү демократиялык системалары менен салыштырсак болот.

Америка (1776 ж.) жана француз (1789 – 1799-жылдар) ыңкылаптары учурда ийгиликтүү иштеп жаткан либералдык демократиянын башаты болуп берген. Бул саясий системада жалпы коомго эмес, анын негизи болгон инсанга артыкчылык берилген. Бирок абсолюттук өзүмчүлдүк чектелип, коомдук турмуш критерийлерине жараша инсан өз эркиндигин өзү чектеши зарыл.

Пайгамбарыбыз “бардык инсан тарактын тиштериндей тегиз” деген. Ислам кишилерди расасы, түсү, курагы, улуту же физикалык өзгөчөлүктөрүнө жараша бөлбөйт. Кудайдын акыркы элчиси: “Силер баарыңар Адамдан тарадыңар, Адам болсо топурактан. Оо, кудайдын пенделери бир-тууган болгула”, - деп буюрган.

Ислам, өзүнүн принциптерине ылайык, демократия да четке какпаган төмөнкү принциптерди туу тутат:

- Акыйкат күчтө эмес, күч акыйкатта;

- Адилеттүүлүк менен мыйзамдуулук зарыл;

- Дин эркиндиги, жашоо укугу, жеке менчик, ар-намыс менен абийир, жеке турмуш сыры жана инсан өмүрү кол тийгис;

- Эч ким өзү кылбаган кылмыштын айынан же башка биринин күнөөсү үчүн жоопко тартылбайт;

- Аткаруу бийлигинде кеңешип чечим чыгаруу;

- Бардык укуктар маанилүү жана бир кишинин акысы коомдук кызыкчылык үчүн тартылып алынбайт.

Ислам – коом акыл-эстүү инсандардан турат жана алар өздөрү жана жалпы коом үчүн жооптуу деп эсептейт. Ыйык Куран “кишилер өздөрүн өзгөртмөйүн Аллах алардын акыбалын өзгөртпөйт” дейт. Пайгамбар да “силер кандай болсоңор, ошондой башкарыласыңар” деп Курандын бул акыйкатын тастыктайт. Демократия да исламдын мындай негиздери менен приинциптерине каршы келбейт.

Башкача айтканда Куран да эзелтен баардык коомдорго кайрылып, заманбап демократиялар койгон талаптарды коюп келген.

Жарандар биригип, түрдүү мекемелерди түптөйт. Өкмөт бул мекемелердин башын бириктирет. Демек, ислам коомдук пикирди көздөгөн өкмөттү сунуштайт. Коом бул өкмөттү көзөмөлдөйт.

Жогоруда аталган фундаменталдуу принциптер жана ачык шайлоо алгачкы төрт халифтин убагында сакталган (632-661-жылдар). Алардын акыркысы, Азрети Али көз жумганда, ички араздашуу жана дүйнөдөгү абалга жараша, саясий система үй-бүлөлүк салтанатка айланган.

Ислам – адамзатты бириктирген дин. Ал бардык ааламдын жаратуучусу, өкүмдары, коргоочусу жана башкаруучусу болгон бирдиктүү кудайдын дини. Аалам бардык нерсени жана алардын өз ара алакаларын жаратып, тартипке салган кудайга толугу менен баш ийет.

Кудайды тааныбаган киши дагы каалап-каалабаса да ааламга коюлган жалпы мыйзамдарга моюн сунат. Анын материалдык өмүрү эмбрион кезинен баштап, сөөгү чирип күлгө айланганга чейин кудай түзгөн программага баш ийет.

Исламда кудай, жаратылыш жана адамзат бири-биринен ажыратылбайт, бири-бирине чоочун эмес. Алла Таала өзүн адамзат жана жаратылыш аркылуу чагылдырат. Ошондуктан инсан үчүн кудай да, жаратылыш да бөтөн эмес. Кудайдын адилеттүүлү белгилүү бир раса, түс же улут менен чектелбейт.

Исламдын өзүнө чейинки бардык диндерди кабылдаганы да өзгөчө маанилүү. Ал мурунку пайгамбарлар менен китептерди ыймандын негиздери катары карайт. Чыныгы мусулман Ибрахим, Муса, Давут жана Иса пайгамбарлардын да жолун жолдойт.

Ислам күч эмес укукка таянган, араздашууну четке каккан ыймандуу коомдук системаны колдойт. Укук биримдикти, жакшылыкты, бири-бирин колдоону, ыйман болсо бир-туугандык мамилени кепилдейт.

Демократия түрдүү этаптардан өтүп өнүккөн. Келечекте да өнүгүп, жакшырып кете бермекчи. Бара-бара ал ыймандуулукка жана акыйкатка негизделген гумандуу жана адилеттүү системага айланмакчы. Исламдын теңдик, сабырдуулук жана адилеттүүлүк принциптери, албетте, ага ыкташат.