Борбор Азия

Исламий жамааттар кыргыз демократиясын кубаттап бере алабы?

21 марта 2020 г. 10:29 159

Кыргыз Республикасы демократиялык мамлекет экени анын Конституциясынын биринчи беренесинде бекитилген. Башкача айтканда, демократия, баш мыйзамын толугу менен өзгөртмөйүн, кыргыз коомунун өзгөртүлгүс шарттарынын бири.

Кыргыз демократиялык коомчулугуна исламий жамааттардын оң же терс таасирин байкаш үчүн биздин демократияны чыныгы демократиялык коомдун шарттары, принциптери жана белгилери менен салыштыруу зарыл.

Чыныгы демократия жалпы, анын ичинде саясий жана диний маданияты, жогору коомдо гана ишке ашуусу мүмкүн. Мындай коомдун инсандары менен алардын көз-карандысыз бирикмелеринин социалдык жана саясий жааттагы активдүүлүгү жогору болгондуктан, алар демократиялык институттарды өзүм билемдикке азгырылган топтордон коргоп кала алышат.

Демократия, диний, расалык, улуттук жана башка өзгөчөлүктөрүнө карабастан, кишилердин тең укутугун жана эркиндигин моюндайт.

Демократиялык режим, социалдык структурасынын көбү турмуш шарты орточо деңгелдеги калктан турган, экономикасы эркин атаандашуу принцибине негизинделген өлкөлөрдө калыптанат.

Менчик формаларынын көп түрдүүлүгү, анын ичинде жеке менчиктин сөзсүз болуусу жана анын кепилдиги – чыныгы демократиянын калыптануусунун дагы бир шарты болуп эсептелет.

Заманбап демократия төмөндөгү белгилерге ээ:

1) Калкты бийликтин булагы жана эгемендиктин ээси катары таануу. Эл бийликтеги өкүлдөрүн өзү тандайт жана аларды маал-маалы менен алмаштыра алат;

2) Мамлекеттик бийликтин бутактары ажыратылып, бири-биринен керектүү даражада көз-карандысыз. Мындан улам бири-бирин тең салмактап, диктатуранын келип чыгуусуна тоскол боло алат;

3) Мамлекеттик органдар менен аткаминерлердин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгы. Коомчулук аларды эркин жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомдук бирикмелер аркылуу тосколсуз көзөмөлдөй алат.

Өкүнүчтүүсү, постсоветтик кыргыз коому да, өлкөбүздө калыптанган диний жамааттар да, акыркы отуз жылда сырттан кирген исламдык диний окуулар да чыныгы демократиялык коомдун талаптарына жооп берген эмес.

Союздук республикаларда сөз жүзүндө эле болгон элдик демократия, демократиялык коомдун негизин түзчү эркин инсанды тарбиялай алган эмес. Кудайдын бар экенин четке каккан динбезерлик коомдо мусулмандын инсандыгы репрессиялык жагдайдан улам туура эмес калыптанган. Ал же, атеисттик окуунун принциптерин кабылдап, диндарлыгын үйлөнүү менен жаназаны узатуудагы формалдуу жөрөлгөлөргө чейин тарыткан, же, өзүнүн чыныгы жүзүн жашырып, ишениминин милдеттүү талаптарын тымызын карманган. Натыйжада мындай кишилердин диний окуусу мурунку муундардын коомдук тажрыйбасын кайталоо менен чектелип, учурдун талабына жараша өнүккөн эмес.

Акыркы отуз жылдын ичинде сырттан кирген диний окуулар да чыныгы демократиялык коомдордо калыптанган эмес. Алардын көбү батыш мамлекеттерине каршы анти-оторчулук күрөш учурунда калыптангандыкан демократияны, исламдык принциптерди бурмалап жок кылууга багытталган, шайтандын система катары кабыл алган. Алардын катарына, тигил же бул деңгелде, Индия, Пакистан жана Бангладештин таблиги, Сауд Аравиясы жана Бириккен Араб Эмираттарынын ваххабилиги, Катар менен Египеттин ихванчылыгы, Ирандын шиилиги жана Түркиянын саясий исламы сыяктуу импорттолгон бардык исламдык диний теорияларды киргизсек болот.

Жогоруда аталган диний теориялардын бири да өз коомдору менен жуурулушуп, аларды демократиялаштырууга жигердүү катыша алган эмес. Алардын кээ бири бийликтеги топтун кызыл камчы башкаруусун колдосо, башкалары, саясий конфликттин тарабы катары, бийлигинин куугунтугуна кабылган. Акыркы жыйырма жылда мусулмандык демократиялык үлкү катары бийликке келген түрк исламчылыгы болсо жакында беткабын сыйрып ыргытып, өлкөсүнүн жаңыдан калыптанып келе жаткан демократиялык институттарын тебелеп, күн өткөн сайын үй-бүлөлүк жана топтук өзүм билемдик башкарууга айланып бара жатат.

Бирок буга карабай заманбап кыргыз коомунда чыныгы демократиялык коомун сыпаттаган шарттардын, принциптердин жана белгилердин үрөнү тамырлап, жашылданып бара жатканын көрсө болот. Алар таңууланган авторитетти кабыл албаган кыргыздардын примитивдүү көчмөн демократиясынан, совет доорунун шайлоо демократиясынын формалдуу процедураларынан өнүп чыгып, Кыргызстандагы эл аралык демократиялык институттарга, аларга таандык же алар колдогон ЖМК, чет өлкөлүк жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдарына таянат.

Жогорудагы жагдайлардан улам, постсоветтик кыргыз коомунда демократиялашууга алып барчу тенденциялар жокко эсе экенин жана Союз тараган кезде Кыргызстанда бирдиктүү исламдык окуу болгон эмес деген тыянакка келсе болот. Сырттан импорттолгон исламдык окуулардын да кыргыз мусулманынын демократиялык аң-сезимин жана коомдук демократиялык институттарды калыптоого көмөктөшө алуусу кыйын.

Мындан улам, "Кыргызстанда ишемердүүлүк жүргүзгөн исламий жамааттар кыргыз демократиясын кубаттап бере албаганы ислам динине байланыштуубу" деген суроо пайда болот.

Чынында, ислам дини, башка диндер сыяктуу эле, тигил же бул саясий түзүмдү сунуштабайт. Ислам кишинин төмөн, айбандык жана эгоисттик туюмдарын инсандык нукка бурган, Жараткан тарабынан берилген теория. Бирок, адамзат башынан өткөргөн саясий системаларды карап чыкканда, исламга коомдун демократиялык түзүмү эң жакын экенин көрүүгө болот.

Белгилүү болгондой, исламдын принциптери Ыйык Куран аркылуу берилген, аларды турмушка нускалуу ашыруу азрети Мухаммад пайгамбардын жана анын башкаруусун улаган төрт халифтин - Абу Бакр, Умар, Усман жана Али убагында байкалган.

Курандын тексти жалпы адамзатка, анын ичинде мусулмандарга, иудейлерге, христиандарга, бутпарастарга жана эки жүздүү кишилерге кайрылуудан турат. Демек, мындан улам, Жараткан адам баласы жашаган коомдун ар түрдүүлүгүнө уруксат бергенин жана ишенимди кабылдоодо “ динде мажбурлоо жок” принцибин негиз катары сунганын билсек болот. Себеби, кандай болбосун ишеним ниет деңгелинде кабыл алынары баарына маалым. Куран аяттарынын биринде Алла Таала кааласа кишинин баарын өзүнө ишенгендей кылып жарата алмак, бирок бул кудайдын адам баласын сыноо принцибине туура келбейт деген мааниде аят бар. Аң-сезим менен акыл-эс берилген жандык катары, башка тандоолор сыяктуу эле, кишиге кудайга да ишенип-ишенбөө тандоосу да берилген. Албетте, бир өңчөй болуусу эч качан мүмкүн эмес болгон эркин коомдо, кишилер өзүн-өзү башкаруу ыкмасын да өздөрү тандап алуусу шарт.

Кудай Тааланын мындай көздөмүн коомдук жашоого ишке ашыруу максатында Мухаммед пайгамбар өзүнүн алгачкы коомдук келишимин Медина шаарынын иудейлери менен, экинчисин Мекке шаарынын бутпарастары менен түзүп, бул келишимдердин бир да беренеси мусулмандар тарабынан бузулган эмес. Биринчи келишимге ылайык Мединанын тургундары Мухаммед пайгамбарды шаар-мамлекетинин башчысы катары кабыл алышкан, экинчи келишимдин шарттары боюнча ал Араб жарым аралында тынчтык жана кызматташтыкты камсыздаган эки күчтүн биринин жетекчиси катары кабылданган.

Асман-жерди Жараткан заттан ыйык кабарларды алганына карабастан, пайгамбар эч качан жеке бийлик орнотуп, калкын кыңк эттирбей башкаргысы келген эмес. Коомдук башкаруу принциптерине келгенде, жаш мусулман жигиттер жана кыздар да аны менен тартышууга барган.

Мухаммед пайгамбар, диндештери чоң жоготууга учураарын билип турса да, кеңеш учурунда, добушу катуу чыккандыктан, жаштарды колдоп, душманды шаардын көчөлөрүндө тосолу деген өзүнүн чечиминен баш тартып, асердик кошуунун ээн талаага алып чыккан.

Мусулмандардын бири, арабдардын ал кездеги салты боюнча ачуусуна алдырып, келинчегине “сен мага энем сымал арамсың” деп айтып, жубайынан алыстап туруп алат. Бул жагдай боюнча арыз келгенде, Алла Тааладан бир нече убакыт аят күткөн соң, пайгамбар мындай шарттагы ажырашууну кабыл алууга мажбур болгон. Бирок жаш келин, Алла Таала мындай адилетсиз салтты колдошу мүмкүн эмес деп, пайгамбар менен макул болбой койгон. Бир нече убакыттан кийин, ажырашуунун мындай шартын четке каккан аят келип, “сен мага энем сымал арамсың” деген кишиге компенсация катары же кулду азаттыкка чыгаруу, же бир ай орозо тутуу, же 60 кембагалды тойгузуу буйрулган.

Азрети Мухаммедден кийин башкарууну уланткан төрт адилеттүү халифтин бири да өздөрүнүн коомдук оппоненттерин куугунтуктаган эмес, эч кимди исламды кабыл алууга мажбурлаган эмес, кишини же кандайдыр бир топту динине, расасына, улутуна же башка өзгөчөлүктөрүнөн улам басмырлаган эмес.

Исламды туура эмес жоруунун негизинде пайда болуп, динди саясий курал катары колдонгон жана улуттук же кландык өзгөчөлүк ташыган теориялар, башында оппоненттерин саясий куугунтукка алып, кийин диний жана этникалык негизде репрессияларга өтүп, акыры башка коомдук тайпалардын ичинде, өздөрүнүн конъюктуралык көз-караштарын колдобогон мусулмандарды да толугу менен кырып, жок кылуу аракеттерине өткөн.

Учурда мамлекеттер демократиялык эркиндик, мажбурлоосуз тандоо, инсан укуктары, адилеттүүлүк принциптери сакталган жана алар кармалбаган коом жана мамлекеттерге бөлүнгөнүн көрүп жатабыз. Эркин эмес коомдордо шайлоо жараяны жана коомдук пикир менен ойнолуп, жарандар бийликте “түбөлүк” калгысы келгендерди тандоого мажбурланып келет. Мусулман мамлекеттердин көбүндө шайлоо жана тандоо түшүнүгү да жок.

Жогоруда келтирилген жүйөлөрдү эске алганда, кыргызстандык мусулмандар исламдын талабына жараша коомдук ымала жана келишим, демократиялык институттарды бекемдөөгө көмөктөшүп, чыныгы демократиялык принциптердин орноосу үчүн мамлекеттик мекемелер менен кызматташуусу зарыл. Мындай жардам жана кызматташуу жалпы, анын арасында диний жана саясий маданияттын жогорулоосуна шарт түзөт. Натыйжада кыргыз коомунда демократиялык принциптер менен институттарды коргой алган инсандар жана алардын көз-карандысыз бирикмелери калыптанат.