Жорум

​МЕКТЕПТЕГИ РЕФОРМАЛАР – АКЧАНЫ МЕКТЕПКЕ ЭМЕС ОКУУЧУЛАРГА БЕРҮҮ

5 марта 2020 г. 14:42 234

Коомдук активист жана “Китепстан” басма үйүнүн жетекчиси Бакыт Абдуллаев, Грузиянын 2004-2012-жылкы реформаларын жетектеген Ника Гилауринин “Практикадагы экономика” китебинен, билим берүүгө тиешелүү үзүндүсүн сунат

Саясатчылар билим берүү системасын реформалоого кѳз жумуп коюшат, анткени алар бийликтен кеткенге чейин бир нече шайлоо циклинен өтөт. 2000-жылдын башында Грузияда кѳпчүлүк мектептер жарытылуу каржыланбай, мугалимдер тыңгылыктуу айлык акы алчу эмес. Натыйжада билимдин деңгээли түшүп, дипломдор кызылдай акчага сатылып калган.

Реформа башталганда окуучуларга каалаган мектепте колдоно алгыдай ваучер бериле баштады. Кызмат кѳрсѳтүүчүлѳр арасында атаандаштык пайда болду да, билим берүү сапаты дароо жогорулады. Андан сырткары, жакшы жетишкендиктерди кѳрсѳткѳн мектептерге сыйлык берүү системасы жолго коюлду.

Кандай гана мамлекет болбосун, билим берүү системасын заманга ылайык үзгүлтүксүз жаңылап, мыктылап турмайын анын гүлдѳп-ѳсүүсү тууралуу сѳз кылууга болбойт. Бардык мамлекетте мугалим жаркын келечекти камсыздоочу кесип болуп саналат.

Дээрлик бардык ѳнүгүп келе жаткан мамлекеттерде мугалимдер дарыгерлердей эле коомдук пикир жаратып келет. Кѳпчүлүк үчүн, айрыкча айыл аймактарында, мугалимдер ѳзгѳчѳ кадыр-баркка ээ. Д. Д. Сэлинджер айткандай: «Бир нерсе кылгысы келген мугалимди токтотуу кыйын. Алар оюндагысын жѳн эле кылып коюшат».

Ошол эле учурда, мугалимдер саясий жактан активдүү келет. Ѳнүгүп келе жаткан ѳлкѳлѳрдѳ, билим берүү системасындагы кандайдыр бир реформа автоматтык түрдѳ саясий башаламандыкка алып келет. Ишти андан да татаалданткан нерсе – бул билим берүү системасындагы реформалар жемишин бергиче бир топ убакыт талап кылынгандыгы. Башка тармактардагы реформалар кыска мѳѳнѳттө ишке ашып, аны баштаган бийликке саясий артыкчылык алып келет.

Адатта, кайсы гана реформа болбосун, башында колдоо тапмак турсун, ачык эле каршылыкка кабылат. Эл жаманбы, жакшыбы, кво-статусуна кѳнүп алган. Ал адамдарга жагыныш үчүн, реформаторлор 2-3 жыл ичинде жакшы жыйынтыктарды кѳрсѳтүшү керек. Бирок билим берүү системасында чыныгы жыйынтык алуу үчүн ондогон жылдар керек. Бул мѳѳнѳт орточо саясий циклден эки эсеге кѳп. Ошондуктан саясатчылар билим берүү системасын реформалоодон чочулашат.

Кандай гана ѳзгѳрүүлѳр болбосун, айрыкча мугалимдер аларды жактыра бербейт, ал эми реформадан пайда кѳрѳм деген саясатчылар жаңы саясий циклдин келиши менен баштаган реформанын жемишин татыбай калам деп коркот. Ошондуктан ѳнүгүп келе жаткан же ѳнүккѳн ѳлкѳ болобу, билим берүү системасын ѳзгѳртүү аракети баары үчүн өзгөчө саясий чакырык болуп калат.

Мектептерди каржылоо: акча окуучуну ээрчийт.

Өкмѳт мектептерди каржылоону колго алды. Реформага чейин, ал мектептин мүдүрү менен билим берүү министрлигинин ортосундагы жеке мамилелерге кѳз каранды болуп келген. Дээрлик бардык параметрлер, жада калса тиги же бул мектепке бекитилген мугалимдердин санынан ѳйдѳ министрлик тарабынан жактырылышы керек болчу.

Мындай система акыры жемкорлук айлампасына айланды. Мектеп мүдүрү бюджетти бекиткен тѳбѳлдѳр менен акча бѳлүшүп калган. Бул нерселер ѳнүгүп келе жаткан ѳлкѳлѳрдѳ азыр деле кадыресе кѳрүнүш. Реформа бул көйгөйдү эң эле жѳнѳкѳй чечти.

Реформга чейин акча каражаттары мектептерге жѳнѳтүлчү. Келечекте акча каражаты окуучуларга берилмекчи болду. Мамлекеттик мектеппи же жеке менчик болобу жана жашаган аймагына карабастан, окуучу менен анын ата-энесине ѳлкѳдѳгү каалаган мектебине баруу эркиндиги берилди. Бир да мектепке артыкчылык таанылган жок.

Ар бир окуучу мамлекеттен ваучер алып анын өзү тандаган мектепке тапшырып калды. Анын ваучерине карап, мамлекеттик бюджеттен мектепке накталай акча берилди. Окуучунун кѳбү жакынкы мектепти тандап, алгачкы атаандаштык аймакка жараша болду.

Бирок айрым учурларда, айрыкча шаарларда, окуучулар күчтүү мектептерде окугусу келген. Ашыкча жүктү азайтуу үчүн, ар бир мектеп өзү кабыл ала турган окуучунун санын чектеди. Андай чектөө мектептин аянтына жараша аныкталды. Биринчи класска окуучулар «биринчи келген, биринчи тейленет» деген принциптин негизинде кабыл алынды. Атайын тиркеме да паракорлуктан арылууга жардам берди.

Бул реформа мектептердин ортосунда чыныгы атаандаштыкты жаратты. Акча каражаты окуучуларга берилерин билген мектеп жетекчилиги жакшы мугалимдерди ишке алып баштады, анткени окуучу менен ата-эне мыкты мугалимдерди тандаары белгилүү.

Окуучу ваучерин мамлекеттик гана эмес жеке мектепте да колдоно алгандыгы реформанын эң маанилүү ѳзгѳчѳлүгү болду. Албетте, ваучердин баасы жеке менчик мектебинин чыгымдарын толугу менен жапбагандыктан, калган чыгымдары ата-энеге калтырылды.

Бардык мектептин тегиз атаандашуусунан жакшы жыйынтык чыкты. Андан улам сапаттуу жаңы мектептер пайда боло баштады. Үч жылга жетпеген убакта, жеке менчик мектептердин үлүшү 1,5%дан 14%га чейин ѳстү.

Билим берүү министрлиги окуучуга бериле турган ваучердин баасын аныктоо үчүн атайын формула ойлоп тапты. Биринчиден, окуучунун жашаган жерине карата шаар жери, айыл жери, тоолуу жери деген үч негизги вариант каралды. Айылдагы жана тоолуу райондогу мектептерге кѳбүрѳк каражат бөлүндү. Тоолуу райондогу мектептер кыш мезгилинде жылытууга кѳбүрѳѳк акча коротот деген маселе да эске алынды. Ваучердин наркы баарына бирдей болсо, шаардан сырткаркы мектептер жетишерлик каржыланбай калмак.

*Китепти “Раритеттен” башка бардык китеп дүкөндөрүнөн таба аласыз. Каалагандарга орусчасы да бар.