Батыш

Түрк имамдары Голландия мечиттеринде шпиондук кылган

24 февраля 2020 г. 12:49 294

148 мечиттин үстүнөн караган Голландия диний фондунун башчысы мечиттерде кишилерди аңдып, маалымат чогултулуп Түркияга жиберилгенин жана Түркия дин министрлигинин хутбалары голландия мечиттеринде окулганын моюндады

Өткөн аптанын этегинде Голландия парламенти тарабынан түзүлгөн парламенттик комиссия Голландия диний фондунун (ГДФ) башкы катчысы Мурат Түркмөндү чакырып, түрдүү суроо берип, бир жарым саат тердеткен.

Териштирүү убагында голландиялык түрктөргө тиешелүү 148 мечитте ислам динаятчысы Фетхуллах Гүленге жакын же анын идеяларын колдойт деген кишилердин аркасынан аңдуу уюштурулуп, алар тууралуу маалымат чогултулуп, кээ бир мечиттерде ГДФнын атынан “*ФЕТӨго таандык же аны колдогондорго мечитке кирип, анын кызматынан пайдаланууга тыюу салынат” деген жарыялар асылганы далилденген.

ГДФнын башкы катчысы териштирүү башталганда мындай окуялар болгон эмес деген, бирок парламенттеги бардык партиянын өкүлдөрү кирген комиссия далилдерди сунганда, фактыларды моюндап, “мындай иштерге мындан кийин жол берилбейт” деген сөзүн берген. Мурат Түркмөн эки аптадан бери бул ишти териштирген парламенттик комиссияга ГДФнын мечиттерине жана имамдарына мындай иштерди, Голландияда параллелдүү түрк диний фондун курган жана ошол эле учурда түрк элчилигинде дин иштеринин өкүлү болгон, Юсуф Ажар кылдырганын айткан.

Мындай иштерге аралашканы голландия ЖМКларына чыгып кетип, түрк элчиси Голландиянын тышкы иштер министрлигине чакырылганда, элчиликте дин тармагын жетектеген Юсуф Ажар тезинен Түркияга чыгарылып кеткен.

ГДФнын башкы катчысынын айтымында, мындай орунсуз иштерге тиешеси бар имамдар да жумуштан алынып, Түркияга кетирилген, түрк мечиттерин караган фонд түрк бийлигине эмес, Голландиянын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылаарына парламенттик комиссияны ишендирген. Убада сөзү учурунда 148 мечиттин эшиги каалаган кишиге, алардын арасында Фетхуллах Гүлендин идеяларын колдогондорго да ачык экенин айткан.

***

Кыргыз Республикасындагы түрк элчилиги биздин мамлекеттин дин гана эмес, кыргыз сотторунун иштерине да кийлигишип жатканы маалым. Түрк элчиси Мехмет Женгиз Фырат кыргыз сотторуна катышып, кыргыздарга тиешелүү соода борбору менен мектептерди талашып жүрөт.

Түркияны жакшы тааныган кээ бир аналитиктердин айтымында, түрк өкмөтүнүн мекемелеринин арасынан Түрк чалгындоо кызматы менен Түрк дин министрилигинин бюджеттери жыл санап көбөйгөнүнө караганда, түрк диний кызматы чалгындоо кызматынын эле уландысы. Учурда КРдеги түрк элчилигин жетектеген Женгиз Фырат да элчиге эмес, чалгын кызматынын кызыл камчыларына көбүрөк окшоп кетет.

Бул маселеде биздин парламет голландиялык кесиптештеринен үлгү алып, түрк элчилиги жана башында турган кишинин ишмердүүлүгүн териштирип, тиешелүү баа берсе болмок.

* ФЕТӨ (Фетхуллахчы террор өрүмү) – Түркияда террор уюму катары таанылган, көбүнчөсүн билим берүүгө багытталган, фонддорго түрк бийлиги тарабынан берилген аталыш