Ислам дүйнөсү

Исламды билим берүүгө киргизүү

22 февраля 2020 г. 15:37 464

Малайзиянын бутуна туруусуна себепкер болгон төртүнчү премьер-министри Махатхир Мохамаддын "Өз өлкөсүнүн табыбы" аттуу китебинен, мектептерге ислам дини сабагын киргизүү канчалык туура экени жөнүндө...

Малайзиянын билим берүү системасын жакшыртуу зарыл экенин небак эле түшүнгөм. Бир-туугандарымдын арасынан жалгыз мен жогорку билим ала алдым. Билим – ата-энемдин мага берген эң улуу белеги, мен дагы ар бир киши мындай белек алса деп тилечүмүн.

Учурда бир дагы өнүгүп келе жаткан өлкөдө Малайзиядагыдай көп мектеп-интернат жок. Алардын тарыхы 1966-жылдан башталып, малай жана малай эмес ата-энелер бул жакшы жабдылган мектептерде тың чыкма балдарын окуткан. Ошол кезден тартып диний устаттар бул окуу жайларды диний билим берүүгө басым жасаган окуу жайларга айлантуу аракеттерин баштаган.

Мурун бизде мектепте окутуунун жалпы мамлекеттик системасы жок болчу. Алардын көбү англис оторчу администрациясы жана түрдүү христиандык миссиялар түптөгөн англис мектептер болчу. Жергиликтүү тилде билим берген мектептер улутуна жараша бөлүнчү. Мамлекеттик статусу бар малай башталгыч мектептери иштечү. Кытайда кабыл алынган методикаларды колдонгон башталгыч жана орто кытай мектептери жана тамилдердин чакан мектептери кызмат сунчу.

“Ата-бабасынын” тилинде сабак алган окуучулар башка этникалык топтун балдары менен аралаша алчу эмес. Бийлик колдогон бир нече англис башталгыч мектеби гана улутуна карабай кабыл алчу. Алардын биринде мен башталгыч жана орто билим алдым. Биздин класста ар этникалык топтун балдары окугандыктан, мен башка улуттун өкүлдөрү менен иштегенимде кыйналбастан тез эле достошуп кетчүмүн.

1955-жылы өкмөт малай тилинде билим берген башталгыч мектептерди куруу чечимин кабыл алган. Бул радикалдуу өзгөртүүлөр өкмөттөн жардам алган англис, кытай жана тамил башталгыч мектептерин да камтыган. Кытай коомчулугу буга каршы экенин дароо билдирген. Талашып тартышуудан кийин кытай тилинде билим берген мектептер улуттук мектептердин программасына шайкеш билим бермей болду.

Жалаң малай тилинде окуткан мектептер кытай гана эмес индус жана малайлардын да көбүнө жакпай, алар балдарын англис тилинде билим берген мектептерге которо баштады. Малай тилинде сабак берген жаңы орто мектептерде малайлардын балдары гана окуп калды. Англисче орто билим берген мектептер малай тилине өтөөрү менен кытай окуучулары толугу менен кытай мектептерине которулуп кетти. Ошентип башталгыч жана орто малай мектептеринде малайлар гана калды. Мындан улам малай балдар башка улутагы курдаштары менен сүйлөшө алчу акыркы аянтча жок болду.

Мамлекет колдогон кытай мектептерине жетиштүү каражат бөлүнбөй калгандан улам кытайлар балдарын заманбап жабдыктар колдонулган улуттук мектептерге жиберет деп үмүттөнгөм. Бирок кытай коомчулугу өз мектептерине керектүү кошумча каражаттарды чогулта койду. Бир аз убактан кийин алардын кээси улуттук мектептерди ар тараптан басып өтүп кетти.

Малай улутчулдары мектептерге диний сабак берилиши керек деген талабын күн санап күчөтүп кирди. Оторчулук заманында англис мектептеринде дин сабагы жок болчу. Миссионерлер түптөгөн мектептерде малайлар да Ыйык нусканы окууга милдеттүү эле. Эми өкмөт исламды өзгөчө предмет катары мектепке киргизди, исламды карманбагандар болсо адеп сабагын окумай болду.

Өкүнүчтүүсү, киргизилген программада кишинин мүнөзүн калыптаган мусулмандык адеп-ахлакка анча маани берилбей, формалдуу нерселерге басым кылынган. Ислам, эң биринчи кезекте, болот-болбойт, адал-арамга тиешелүү жөрөлгө жана эрежелердин жыйнагы катары сунулган. Анысы аз келгенсип, исламдын негиздерин окуткан мугалимдер Малай панислам партиясын колдоп, окуучуларга бул радикалдуу партиянын саясий идеологиясын таңулап баштады.

Диний устаттар мектептин көбүндө төмөнкү макамда болсо да таасири күчтүү болчу. Мектеп жетекчилиги динди сыйлабастыкка жатып калбасын деп, аларга эскертүү берүүдөн да чочулаган. Устаттар балдарды кошумча намаздарга тургузуп, түнү менен диний тексттерди жаттатканда мектеп жетекчилиги аларга унчуга алган эмес.

Диний сабак өткөндөр исламдын эрежелерине ылайык мектептик форма киргизүүнү талап кылып чыккан. Кыздар бара-бара спорттук оюндарга катышпай калган. Кээ бир мектептерде эркек балдар танапис учурунда да топу кийип жүрүүгө мажбурланган.

Улутчул устаттарын пир туткан малай окуучунун көбү малай тилин билүү жетиштүү деген бүтүмгө келген. Бирок өз тили болгондуктан, аны да окуунун эмне кереги бар дешкен. Өздөрүнүн диалектерин билип алса болду, заманбап малай тилинде окуп жазууну кийинкиге калтырса болот деп ойлошкон. Ошондон тартып малайлардын эне тилинин деңгели да түшүп кеткен. Англис тилин айтпай эле коелу. Ошол эле учурда кытай менен индустар малай жана англис тилдерин жакшы окуп, өз тилин да сонун өздөштүргөн. Мен билим берүү министрлигинен кеткенде бул тенденция ого бетер күч алган.

Мусулман цивилизациясын калыптаган арабдар өз убагында дин гана эмес турмуштун бардык тармагындагы илимдерди жакшы билген кишилер катары кабыл алынган. Тагдырдын тамашасы, европалыктар алардын тилин жанталашып үйрөнүп жаткан кезде мусулмандар динден башка эч нерсеге кызыкпай калган. Ошондон тартып араб тили тирүү жана жаңы билим тили катары кабыл алынбай баштаган. Анын ордуна латын жана башка европалык тилдер басып, араб тили байыркы өсүп-өрчүбөгөн диний жөрөлгөлөрдүн тилине айланып, коргонуу позициясына өткөн.

Учурда англисче сүйлөгөндөр эң жаркын ийгиликтерге жеткендиктен, дүйнөгө алардын тили тарап жатат. Жакында эле илим жаатында улуу ийгиликтерге жеткен Германия, Франция, Голландия, Орусия жана Италия дүйнө менен англис тилинде сүйлөшүп калды. Тез өсүп, жаңы илимий ачылыштарды кылган Жапония менен Түштүк Корея сыяктуу мамлекеттер да англис тилинде сүйлөөгө мажбур.

1990-жылдардын этегинде малай университетин бүткөндөрдүн арасында жумушсуз калгандар көбөйдү. Тактап келгенде, алардын англисчеси же жок, же аябай начар болуп чыкты. Акыры биз улуттук мектептерде так илимдер менен математиканы англис тилинде берүүнү чечтик. Анткени учурда тез өнүгүп жаткан илимдин баары англис тилин колдонот. Биз балдарыбызды англисче үйрөтсөк, алар каалаган окумуштуу менен сүйлөшө алат.

2003-жылы мен отставкага кетеримдин алдында так илимдер менен математика англис тилинде өкутулмай боду. Мунун канчалык ишке ашканын биле албайм, болгону мурун англисче сабак берип пенсияга чыккан мугалимдер кайра чакыртылганы тууралуу кабар алдым, бирок анча көп картаң мугалим чыгарына көз жетпейт.

Малай тилин колдогондор мени катуу сындап, так илимдер менен математика кайра малай тилинде берилиши керек деп чыгышты. Өкмөт буга бир нече убакыт каршылык көрсөтүмүш болуп, 2009-жылдын 8-июлунда улутчулдардын талабын кабыл кылды. Муну ката деп эсептейм. Билим берүүнүн максаты тилди гана кубаттоо эмес, бардык тармакта заманбап билим алуу да болушу керек.

Мамлекеттик жогорку окуу жайларга ар улуттун жаштары өтчү, бирок жатаканалары ар башка болчу. Диний устаттар башка диндегилер менен жатканада чогуу жашаганы мусулмандарды кирдетет деп эскертишчү.

Кытай студенттер да малай курдаштары менен бирге жашагысы келбейт. Алар жатаканада минтип бөлүнүшсө, окуу жайды бүткөндөн кийин коомду да бөлүп жарышат. Көп улутту мамлекетти бекемдегендин ордуна, башталгыч жана орто билим алуу учурундагы ажырымды ого бетер кеңейтет. Малайзиялыктардын ар бири өз арбайын сокпошу керек. Көп улуттуу өлөкөдө балдар жаштайынан бири-бирине жакын болуусу зарыл. Эгер бул көйгөйдү мектептен кийин университет чечпесе, аны эч качан чече албайбыз.

Малайдын көбү кытай тилин бизнестин тили катары көрүп, балдары аны үйрөнсүн дешет. Көптөгөн ата-эне кытай мектептеринде окуу жакшы коюлганын, мугалимдери өз кесибине олуттуу мамиле кыларын айтып келет. Малай мугалимдери болсо ишине ыкластуу мамиле кылбай, дайыма эле наалый берегенинен аларды айлык менен карьерадан башка эч нерсе кызыктырбайт окшойт деген ойго келесиң.

Билим алуу окутуу менен гана чектелбей инсандыкты да калыпташы шарт. Балдарга өзүнө ишенүү, зиректик, ойчулдук жана тапкычтык сыяктуу мүнөзүн бекемдеген, алардан лидерлерди чыгарган сапаттарды үйрөтүү керек. Аларга рационалдуу жана логикага негизделген дүйнө таанымы зарыл. Интеллект менен мүнөз бири-бирине байланыштуу нерселер, аларды ажыратууга болбойт. Рационалдуу ой жүгүрткөн киши өзүн абийирдүү алып жүрөт, адептүү киши акылга сыйбаган нерсеге барбайт. Жогорку адеп-ахлак принциптерин карманган, тунук жана туура ой жүгүрткөн кишини биз абийирдүү инсан дейбиз. Билимдүү, бирок туруксуз, пас кишиден коркунучтуу эч нерсе жок.

Малайзиянын мектептери менен университеттеринде дин жана адеп сабактары окутулганы менен окуучулардын адеп-ахлактуу инсан катары калыптануусуна жакшы көңүл бурулбай келет. Буга дин устаттары да олуттуу көңүл буруулары керек. Бирок иш жүзүндө андай эмес. Алар үйрөткөн нерселерди учурда колдонуу кыйын. Диний устаттар абийир эрежелерине жана негизги баалуулуктарга жараша ой-жүгүтүү, тандоо жөндөмүн калыптабастан, курулай жаттоону жана сыйынуунун сырткы формасын таңуулашат.

Ислам цивилизациясынын гүлдөп-өскөн доорунда мусулмандар кандай болгону тууралуу учкай эле кеп кылышат. Алар үчүн диндин сырткы талаптарын кылдат сактап, түбөлүк жашоо үчүн сооп топтоо эң маанилүү. Мындан улам кемсинүү комплексине жана өзүнө ишенбөөгө түрткөн жагалдануу мүнөзүн кубатташат. Башкача айтканда, өздөрү каалаган жана өз кебетелери менен чагылдырган, катып калган догмаларга толук баш ийген кишини жактырышат.

Муундан-муунга оң гана эмес терс сапаттар да берилерин түшүндүм. Ар бир ымыркай жана ар бир муун социалдык топ же улутунун баалуулуктарын кабылдайт. Кишинин мүнөзү ата-энеси жана мугалимдерине карата калыптанат. Дал ошентип жапондор жапон, англистер англис болуп, тыкан немистер тыкан бойдон калат. Теринин түсү менен жер шартынын мааниси жок, негизги чечүүчү факторлор – маданият менен баалуулуктар системасы.

Өкмөт жогорку билим берүүнү жеңилдеткенин малайлар баалап, туура колдоно албады. Алар окугандын ордуна шапар тээп, ойногусу келсе, малай эместерди четке чыгып күтө тургула десек адилетсиздик болмок.

Мындай адилетсиздикти жоюу үчүн менин өкмөтүм Малайзиянын университеттерине жөндөмүнө жараша кабыл алууну чечти. Малайлар берилген мүмкүнчүлүктөргө кайдыгер болуп жогорку окуу жайга өтүүгө даярданбаса, сынакты ийгиликтүү тапшырган малай эместер кабыл алынмакчы болду. Малайлар муну укканда ызы-чуу чыгарышты, бирок кийинки жылы ЖОЖдорго көбүрөк өткөнү байкалды.

Бул кандай болуп кетти деп таң калдым, көрсө малайлар менен малай эместерди кабыл алуу шарттарын ар башка кылып коюшуптур. Малайларды мектеп аттестатынын бааларына карата, малай эместерди сынак аркылуу алып киришиптир. Ошентип малайларды ойготоюн деген аракетимди малай студенттерине жардамдашам деген аткаминерлер жокко чыгарды.

Бийлиги алар үчүн өзгөчө эрежелерди киргизе берсе, малайлар эч качан тең-ата атаандашууну үйрөнбөйт. Ошондон улам малай жаштарынын көбү кылмышка жакын. Наркомандар менен көчөөдө мотоциклди өлөрүн билбей учуруп айдагандын дээрлик бардыгы малай.

Учурда жогорку билим алып жаткан жаштардын көбү кыздар. Эгер малай жаштарын кандайдыр бир жолдор менен университеттерге тартпасак, кыздарыбыз сыйга ылайыктуу күйө таппай кыйналат. Билими төмөн жигиттер жубайларынан аз акча табат. Балким малай эркектерине аялына көз каранды жана пассив болуп, иштегендин ордуна кофе ичип, мотоциклин учуруп айдоо жагат чыгар. Эгер алар энесинин этегине жашынып, жоопкерчиликтүү күйө жана үй-бүлө башчысы болгусу келбесе, анда башкаларга жол бошотуулары керек. Мындай абал малайлар үчүн кооптуу деп ойлойм.

Отставкам жакындаган сайын бул көйгөйлөрдү чечүү мөөнөтү да кемип кете берди. Мен башка эч нерсе кыла албадым. Премьер болгонумдан бери мындай көйгөйдүн кээ-бири ордунан бир карыш да жылбагандай көрүнөт.

Мен малайлар жөнүндө гана ойлонгон сыяктуу көрүнөм, бирок башка элдердин баары, индустар дагы өз жанын эптеп кетчүдөй сезилет. Дүйнөнүн көп жерлеринде медицинага жан талашкан индустарды жолуктурам. Биздин ЖОЖдордо өз улутубуз үчүн атайын орундар кармалганы менен малайлар документ тапшырып коеюн дешпейт. Мындан артык дагы кандай колдоо керек?