Ислам дүйнөсү

Диндин саясатка аралашуусунун пайда-зыяны

18 февраля 2020 г. 13:08 396

«Азаттыктын» «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышын ушул темага арнап, диндин саясатка аралашуусунун оң жана терс жактарын талкууладык.

Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен «Сарасеп» аналитикалык порталынын башкы редактору Эсен Өмүракунов талдоого алышты.

Канатбек Мурзахалилов: - Коомдо «ислам менен демократия бири-бирине карама-каршы келет, экинчиси биринчисине зыян» деген айрым пикирлерди учуратып жүрөбүз. Радикалдуу багыттагы уюмдардын исламды демократияга каршы деп таанытышы, «теократиялык мамлекет демократиядан жогору турат» деп айтышы туурабы же ага каршы кандай жүйөлөрүңүз бар?

Эсен Өмүракунов: - Ислам динине демократиянын эч кандай карама-каршылыгы жок. Белгилүү болгондой, демократиянын азыркы кезде иштеп жаткан эң негизги принциптери бар. Биринчиси - эл - бийликтин булагы жана эгемендик да элге таандык. Эл бийликке өз өкүлдөрүн тандайт жана маал -маалы менен аларды алмаштырат.

Экинчиси - бийлик бутактары бөлүнгөн жана бири-бирине болушунча көз каранды эмес болушу. Алар бири-биринен көз каранды болсо, кандайдыр бир бийлик бутагында диктатура пайда болушу мүмкүн.

Үчүнчүсү - мамлекеттик органдар ачык-айкын саясат жүргүзүшү керек. Анткени коом аларды эркин медиа жана коомдук бирикмелер аркылуу тоскоолдуксуз көзөмөлдөй алгыдай болушу керек. Ушул принциптерди башка бир «соодалашууга» кирбей колдонсок, алар исламдын талаптарына каршы эмес. Ислам дининдеги эң туура жашоо кечирген пайгамбарыбыздын жана «адилеттүү башкаруучулар» атыккан алгачкы төрт халифтин доору жогорудагы мүнөздөмөлөргө каршы келген эмес. Төрт халиф тең шайланган.

Азыркы кезде теократиялык башкаруунун формасы Иранда бар. Бул башкарууну «молдокелердин» бийлиги же «диний аалымдардын» бийлиги дейбизби, алар өздөрүн турмуштан алыс экендигин көрсөттү. Жашы улгайып калган, дүйнө таанымы өтө чектелген адамдар коомдун бардык суроолоруна жооп берүүгө аракет кылгандыктан, Иран коомунда жаштардын канча жылдан бери уламдан-улам көтөрүлүшү токтобой жатат.

Теократиялык бийлик сыртынан эч нерсе менен өлчөнбөйт. Ошондой бийликке жалаң эле диний эмес, дүйнөбий өлкөлөрдүн жетекчилери да умтулушат. Бул ислам дүйнөсүндө көп байкалат. Президенттик макамдан сырткары Элбасы, Аркадаг, Раис сыяктуу аталыштар учурайт. Ал эми, христиан дүйнөсүндөгү тоталитардык, жеке авторитардык бийликти орнотобуз деген коомдо деле «саясий кеңеш, мамлекеттик кеңеш» деген сыяктуу мекемелер түзүлүп жатат. Бул мекемелердин жардамы аркылуу бийликте калуу далалаты, башкача айтканда чектелүү гана адамдар бийлик бутактарынын баарын бириктирип, башкарууга болгон аракеттер бар.

Канатбек Мурзахалилов: - Малайзиянын өнүгүп кетишине себепкер болгон төртүнчү премьер-министр Махатхир Мохамад ислам динин өз кызыкчылыгына колдонгон саясий күчтөр менен электоралдык жоготууга учураса да бирикпей койгон. Мындай кадамга барууга бул кишиге кандай себептер түрткү болгон?

Эсен Өмүракунов: - Бул аябай жакшы суроо. Анткени исламчылар бийликке келген жана кандайдыр бир ийгиликке жеткен мамлекеттердин эң алдында Малайзия турат. Махатхир Мохамад ислам дининен алыс адам эмес. Жаш кезинен баштап намаз окуп, диндин эрежелерин толук карманган инсан. Малайзия Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Англиянын букаралыгынан чыгып, оторчулук саясаттан кутулуп жаткан кезде малай улутчулдугу аябай козголгон. Кытайлар бул өлкөгө бир-эки кылым мурда келген болсо да аларды келгин деп эсептешкен. Улутчулдук, динчил саясат аябай күчөгөн.

Махатхир Мохамаддын партиясы кытайлардын жана индустардын негизги партиялары менен биригип, «Улуттук фронт» деген альянс түзүшкөн. Ошол учурдагы панисламдык, ашкере улутчул саясат жүргүзгөн топторду четке кагышкан. Аларды бийликке келтирген эмес. Өздөрү бийликке келип, өкмөт түзгөнгө жетишпесе да, алар менен эч кандай коалиция түзгөн эмес. Бул көрүнүш - ошол учурда, ошол коомдо пайда болгон феномен. Анткени Малайзиянын жарымына жакын калкын кытайлар түзөт жана экономикалык кирешенин жарымынан көбү да ушул улуттун колунда болуп келген. Махатхир Мохамад тактикалык, стратегиялык көз караштын негизинде ушундай саясат жүргүзгөн. Бул өлкөнүн мисалынан биз ислам демократиянын түрдүү багыттары менен ыктуу иштеп, каалган күчтөр менен коалиция түзүп, каалаган күчтөрдү четке кагып, бийликтен четтеткен учурларды көрүп жатабыз.

Канатбек Мурзахалилов: - Шайлоо мезгилинде демократиялык ураандар менен катар эле ашкере диний риториканы колдонуп, өз саясий максатына жетүүнү каалган кишилер же партиялар саясий Олимпке жеткенден кийинки аракеттери кандай болушу мүмкүн?

Эсен Өмүракунов: - Демократияга ислам жамааттары үстүртөн караганы мамлекеттерде чоң түйшүк жаратып келет. Мисал катары үч мамлекетти алсак болот. Суданда «жалпы элдин кызыкчылыгына иштеп беребиз» деп келген исламчылардын өкмөтү бара-бара ашкере исламчылдыкка, анан улутчулдукка алдырып, христиан жарандарын бардык мүмкүнчүлүктөрдөн алыс четтеткен. Анын кесепетинен улам жарандык согуш чыгып, Судан өлкөсү түндүк-түштүк болуп эки чөлкөмгө ажырап, бөлүнүп кеткен.

Андан кийин Египетти карасак болот. Саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы менен толук эсептешпей, Египеттин элитасы, аскердик башкаруучулары, олигархиясы менен ымалага келе албай койгонунун кесепетинен Мохаммед Мурсинин өкмөтү шайлоодо элдин көпчүлүгүнүн добушун алып келгендигине карабастан, кадимкидей куралдуу төңкөрүштүн натыйжасында бийликтен кеткен. Азыркы кезде анын артынан ээрчиген жөнөкөй мугалимдер, ишкерлер жана башка жүз миңдеген адамдар камакка, куугунтукка алынган. Элдин добушу менен бийликке келген, бирок элиталар менен мамиле түзө албагандыктын кесепети ушунча адамга тийди.

Акыркы мисал - Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана анын «АК» партиясы. Башында, «эгерде Эрдоган байып кетсе, ал арам нерсе жеп жатат, билгиле» деген адам Түркиянын, дүйнөнүн эң бай адамдарынын бирине айланды. Азыркы кезде жеке кызыкчылыктарын коргойм деп жатып ички саясатта да, тышкы саясатта да чоң жоготууларга өзү гана учурабастан, элин, мамлекетин да түйшөлтүп жаткан кези.

Канатбек Мурзахалилов: - Кыргызстан эгемендик алгандан бери диний фактор, айрыкча ислам саясатка түз болбосо да кыйыр түрдө аралашып, түрдүү формада колдонулуп келе жатканы жашыруун эмес. Ушул өңүттө байкоо жүргүзүп келе жаткан эксперт катары диндин саясатка аралашуусунун оң жана терс жактарын санап бере аласызбы?

Эсен Өмүракунов: - Учурдагы саясий жагынан жигердүү мусулмандарды биздин коомдон сырткары, «башка планетадан» келгендей бөлүп караган эксперттик пикир бар. Негизинен аларды жалпы кыргыз коомунун сыртында кароо туура эмес.

1990-жылдан баштап 70 жылга созулган «дин безер» идеологиядан кутулгандан кийин коомубуз бардык тармактарда, айрыкча экономикада аксаган. Ошол кездеги жаш мусулмандар азыр саясий жактан жигердүү боло башташты. Бирок алар тил жагынан, билим жагынан, тажрыйба жагынан, тарбия жагынан чектелүү. Учурда биздеги аткаруу, мыйзам чыгаруу бийлигиндеги саясатчылар кандай «оорулар» менен ооруган болсо, саясий жигердүү мусулмандардын баары эле ошол «оору» менен оорушат.

Азыркы кезде алар да түрдүү уюмдарды түзүп, түрдүү жамааттар менен өз кызыкчылыгын коргоп жатышат. Мамлекеттик кызматкерлер бүт иштерди ачык-айкын бүтүрбөй, жең ичинен бүтүргөнгө көнгөн сыяктуу, алар да ушул ыкмага көнүшкөн. Шайлоо убагында добуштарды сатып алуу жана башка шайлоо технологияларына аралашып, өздөштүрүп жүрүшөт. Кыргыз коомунда кандай кыйынчылыктар болсо, саясий жактан жигердүү мусулмандар да ошолор менен «ооруйт».

Оң жагына келсек, 2019-жылы үч-төрт илимий изилдөө иштери менен элет жерлерин көп кыдырдым. Облустук борборлордо болобу, Бишкекте болобу, деги эле бардык жерде мусулмандар, ислам жамааттары элдин арасында кадыр-баркка ээ экендиги сезилет. Себеби, алардын кээ бир ислам эрежелерин кармангандыгы элге үлгү катары кабыл алына баштаганы көрүнөт. Ошол эле убакта, байкасаңыздар, кээ бир жерлерде эл диний ынанымдын негизинде бийликтин арачылоосуна да муктаж. Айрым аймактарда өтө эле радикалдашкан жамааттар өз ишин кызуу жүргүзгөндүктөн, жергиликтүү калк бийликтен кадимкидей эле ортого түшүп, маселени чечүүнү күтүп калган. «Радикалдашууну кандайдыр бир жол менен чектесе болбойбу? Кандайдыр бир туура нукка салса болбойбу?» деп күткөндөр да бар.

Канатбек Мурзахалилов: - Өлкөбүздүн Баш мыйзамына ылайык диний негизде саясий бирикмелердин түзүлүшүнө тыюу салынат. Бирок шайлоолорго конкреттүү динчил адамдын катышуусуна эч кандай чек жок. Быйыл октябрь айына белгиленген парламенттик, ага чейинки жергиликтүү шайлоолорго кайсы диний жамааттардын өкүлдөрү катышат деген божомолдоруңуз бар?

Эсен Өмүракунов: - Кыргыз Республикасында иш жүргүзүп жаткан бардык эле жандуу диний жамааттар белгилүү бир деңгээлде жергиликтүү, парламенттик шайлоолорго катышат. Буга чейин эле катышып, аралашып эле келе жатышат. Муну табигий көрүнүш катары баалаганыбыз туура болот.

Канатбек Мурзахалилов: - Булар кайсы жамааттар?

Эсен Өмүракунов: - Биринчиси - «Таблиги жамаат». Алар жергиликтүү аткаруу бийлиги менен алака түзүп алышкан. Учурда «таблигчилер» аткаруу бийлигине келбесе да көптөгөн мамлекеттик кызматкерлерге өздөрүнүн идеологиясын сиңирген, киргизе алган топ. Ирандын теологиялык типтеги мамлекетинин үлгүсүн айыл өкмөтүнүн башында турган адам колдогонун көрүп мен таң калдым. Бул нерсе алардын идеологиясынын башаты элге ушунчалык деңгээлде кеңири сүңгүп, кирип кеткендигинен кабар берет.

Мындан сырткары, «Мусулман агайындар» уюмунун, башкача айтканда «ихвандарды» айтсак болот. Булар ислам дүйнөсүндөгү эң күчтүү, эң тажрыйбалуу саясий топ экени айтылат. «Ихванчылардын» аракети Кыргызстанда да өтө белгилүү, көрүнүктүү. Диний имараттарды – мечиттер менен медреселерди салышат. Бирок аларга көп көңүл бурушпайт. Бүткөндөн кийин имараттарды башка жамааттардын өкүлдөрүнө тапшырып кетишет. Эң негизги иштеген тармагы - коомдук жана саясий тармак. Көп кайрымдуулук иштерин, жакшылык кылып жатканын көрөбүз. Бирок бул аракеттердин баары тең белгилүү бир деңгээлде шайлоо учурунда ресурс катары колдонулат.

Канатбек Мурзахалилов: - Сиз айткан ушул жамааттардын бийликке умтулушунун эң негизги себептери эмнеде деп ойлойсуз?

Эсен Өмүракунов: - 30 жылга чукулдап келген эгемендик жылдарында саясатчыларда бийлик жүргүзүү боюнча кандайдыр бир тажрыйба бар. Бул кишилердин бийлик сересиндеги орду кайра кайталанып эле келе жатат. Саясаттагы басымдуу көпчүлүгү олуттуу ийгиликке жете албагандыктан, элдин алдындагы аброю аябай эле төмөн түшүп кеткени белгилүү. Ошол эле айылдык, райондук, облустук, республикалык деңгээлде алардын ордун, таасирдүүлүктүн, абройлууулуктун «боштугун» диний жамааттар толтура башташты. Бул багытта акыркы парламенттик шайлоодон кийин, беш жыл аралыгында жамааттардын иш-аракеттеринде кардиналдуу өзгөрүү бар. Мисалы, кээ бир «саясаттан алыспыз» деп өздөрүн көрсөтүп келген жамааттар азыркы кезде тескерисинче: «Шайлоого биз барбаганда ким барат? Мамлекетти, бийликти биз оңдобогондо ким оңдойт? Саясатчылар бир канаттуу эле куш сымал, бир эле дүйнөбий билими бар. Динчил мусулмандар көбөйүп, электорат да көбөйдү. Биздин диний билимибиз, диний тажрыйбабыз болгондуктан, биз эки канаттуу кушпуз. Саясатка кирүүгө акыбыз бар», - деп калышты.

Канатбек Мурзахалилов: - Бул көрүнүш мамлекеттик түзүм үчүн жакшыбы же жаманбы?

Эсен Өмүракунов: - Эгер мамлекет ушул жамааттар менен кызматташпай, жолдорун тосуп, «жүдөтүп», кыска мөөнөттө мыйзамдарды чыгарып, кошуна өлкөлөрдөгүдөй жашыруун иш жүргүзүүгө мажбур кылса, анда алар радикалдуу түргө өнүгүп кетишет.

Кыргызстандагы 30 жылдык эгемендик саясатынын ийгиликтүү жагы диний саясат болду. Ошондуктан азыркы кездеги диний абалды табигый кандай кетип жатса, мыйзам алкагында ушул бойдон кармап туруу зарыл. Мисалы, «9-классты бүтмөйүнчө медресеге киргенге болбойт» деген сыяктуу абалды тескеген (тоскон эмес) мыйзамдарды киргизүү менен абалды бир нукка түшүрүү зарыл. Диний эрежелерди, диний маданиятты мамлекеттин өнүгүшүнө, улуттун өсүшүнө жакшылап колдонуп, иштетсек болот.

Азаттык үналгысы