Борбор Азия

КЛДПнын атына заты каршы чыкты

3 февраля 2020 г. 12:16 659

Кечээ, 2-февралда Кыргыз либерал демократиялык партиясынын жыйыны өттү. Жаңыланган саясий партиянын төрт лидери бири-бири менен кеңешпегени, ошондуктан ар түрдүү пикирде экени билинди. Натыйжада кечээги жыйын коомдун маанилү тайпаларын чочуткандай болду

Башкы сөздү сүйлөгөн Сейтек Качкынбай “либерал” сөзүн жакшы түшүндүрдү. Бирок, кийинки лидерлердин сөзүнөн, кээ бир коомдук тайпалар эркиндикке анча татыктуу эмес экени билинди.

Мисалы эркиндикти эң жеңил киргизчү жана кыска мөөнөттө эң күчтүү таасир берчү тармак – бул экономика. Анктени менен, үчүнчү чыгып сүйлөгөн Жанар Акаевди уксаң, көпөстөр жана олигархтар тайпасы кыргыз аймагында эркиндикке татыксыз сыяктуу сезилип кетти.

Жаш депутаттын сүйлөгөн сөзү “Ата-Мекен” (солчул) социалисттик партиясынын трибунасына куп жарашчудай көрүндү. Жалпысынан алганда, КЛДПнын лидерлеринин көбү солчул көз карашта окшойт.

***

Төрт лидердин сөзүн жалпылап алганда, өлкөгө экономикалык пайда алып келгендерди: “жаратман”, “көпөс” жана “олигархка” бөлсө болот экен.

Жаратман – өз күчү, каражаты жана акылы менен өлкөдө же сыртта кандайдыр бир ийгиликке жеткендер. Дал ушундай кишилер КЛДПнын эсебине акча которуп, колдошу керек окшойт.

Көпөс – алып-сатар сыяктуу көрүнөт. Совет доорундагы жана, жалпылай алганда, социалист-коммунисттер соодагер тайпасын анча жактыра бербейт, алардан чочулап турат. Демек бул тайпа акча берсе берсин, бербесе кийинки олигархтар тайпасынын кебетесин кийет.

Олигархтар – санаалаш бийлер менен бирге мамлекеттин мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, элдин жалпы ырыскысына суук колун салып, мыйзамсыз каражатка маарыган байлар. Бул тайпанын акчасы КЛДП үчүн болбойт окшойт.

Өлкөнүн тизгини болбосо да чылбырын колуна кармаган олигархтарга айбат көрсөтүү КЛДП үчүн туурабы деген суроо келет. Жакынкы эле реформаторлор, армян Пашинян жана украин Зеленский бул күчтүү тайпанын “сазына” тыгылып, айласы кетип турат. Грузияда эң сонун, либералдык реформаларды жүргүзгөн Саакашвили аларга жеңилип, саясий бозгунга айланды.

Ошол эле “Республика” партиясындагы кишинин кимиси жаратман, кимиси көпөс, кимиси олигарх? Жаратмандыктын символу катары көрүнгөн, бирок “легенда” суулары мурдагы өкмөттөрдүн жыйындар дасторконунда жайнаган Табалды Эгембердиевдин канча пайызы жаратман, канчасы көпөс, канчасы олигарх эле?

***

Жалпысынан алганда, КЛДПнын кечээги съездинде терс популизм абаасы жыттанып турду. Алардын бири – динчилдик популизми.

Акыркы сөздү сүйлөгөн Медеткан Шеримкулов аксакал, өтө кылдат саясат жүргүзгөндүктөн, кыргыз тың чыкмалар арасында “түлкү” атка конгон. Учурда ал жөн эмес, “карт түркү”.

Элдар Абакиров менен Манас Саматов сөздөрүндө “кудайлап” жибергени жана залдагы жалпы атмосфера Медеткан-аксакалды чочутуп, “айланайындар, светтиктен жазбагылачы” дедиртти.

Ооба, аксакал кыргыз жергесинде исламсыз саясат жүргүзүүгө болбой калганын сезип турат, бирок аны саясатка колдонгон исламчылардан коркот. Ал, учурда биликтин чылбырын тарттырса да, тизгинин апчып отурган совет доорунда жетилген, кудайды тилинин учу менен гана айткан мамлекеттик аткаминерлер тайпасынын өкүлү.

КЛДП кечээги жыйынында чочутуп алган дагы бир тайпа, түрдүү жолдор жана ыкмалар менен “шайлоону тескеп” келген, окуу жайлардын, медицинанын жана жергиликтүү администрациялардын өкүлдөрү болду окшойт. Бул тайпага да, КЛДПчылар талап кылган, эркиндик анча жарашпагандай көрүнөт.

***

Жеке мен бул партиянын аталышын укканда сүйүнгөм. СДПК жана “Ата-Мекен” социалисттик партиядан башка партиялардын аты, кайсыл салттуу саясий багытты карманганы билинбеген, дайынсыз партиялар.

КЛДП жарыяланганда, алар чыныгы оң-борборчул же оң-радикал, башкача айтканда, экономикалык потенциалы күчтүү саясий багытты ар тараптуу колдоп, экономикалык демилгени советтик доордон калган мамлекеттик тескөөдөн куткарат деп ойлогом.

Кыскасы, экономикалык активдүү жаратман, көпөс жана олигархтарды колдоп, 2020-жылы бийликке атырылып жаткан, ислам динибизди саясий кызыкчылыктары үчүн колдонгон исламчыл тайпага альтернатива болот дегем.

КЛДП мындай партия боло албайт окшойт