Орусия

Врач Нюта Ф.: "Жакшы өлүмгө да татыктуу болуш керек"

1 февраля 2020 г. 23:04 238

"Вера" - хоспистерге жардамдашуу фондунун негиздөөчүсү (Орусия), Паллиативдик жардам (оорунун азабын жеңилдетүү) борборунун жетекчиси Нюта Федермессер азапсыз, коркуусуз жана уялбагандай дүйнө салуу философиясын жактайт

Өлүм темасы менин өмүрүм. Бул менин сүйүктүү темам, сүйүктүү ишим, андан эч качан тажабайм, ал тууралуу дайыма ойлоном. Өлүм маселеси жекшы изилденбегендиги жана мистикалуу болгондуктан төрөлүү, жумуш сыяктуу эле кызыктуу.

Өлүм жөнүндө эч нерсе билбегенимен, ал тууралуу эч нерсе деле айтпайм. Өлүмгө узоо жөнүндө сүйлөйм, бул таптакыр башка маселе. Биз өлүм эмес, аны коштогон нерселер жөнүндө айтсак болот.

Өлүмдөн кийинки жашоо тууралуу, эч ким аны далилдебеген соң, хосписте канча көп иштесең да, өлүм төшөгүндө жаткан кишинин жанында канча көп турсаң да эч нерсе деп айта албайсың. Бирок өлүм жакындаган кездеги жашоо бар, дал ошол мезгил мени кызыктырат.

Кимдир бирөө өлүмдү ойлонот, башкасы андай ойдон качат. Ар бирибиз ал тууралуу ойлоно берсек, тажаткыр болуп, тимеле туура, такыба болуп калабыз. Бул болсо кызыксыз, тажатуучу жашоо болуп калат.

Өлөөр күнүмдү билбесем да, өлөөр жылымды билгим келет. Кандайдыр бир болжолдуу мөнөттү билип, күчүмдү туура чуктагым келет эле.

Мен, ар бир нормалдуу киши сыяктуу эле, азап менен алсыздыктан аябагандай корком. Күчтүү, иштерман киши катары алсыздыктан корком. Көзөмөлдү жоготуу мен үчүн акылга сыйбаган сыноо. Тегеретемде эмне болуп жатканын, кандайдыр бир жараяндарды көзөмөлдөй албай калсам, жаман кыжырым келип, дүрбөлөңгө түшөм.

Мындай абалды..., бир нерсени көз жаздымда калтырууну, күнүмдү же жолугушууну натыйжасыз өткөрүп жиберүүнү ойлоно да албайм. Ошондуктан мындай нерсе мени өтө катуу чочутат.

Мен көптөгөн жакындарымды жоготтум. Ата-энем узап кетти, чоң ата-чоң энелерим, аба-эжелерим..., эч кимиси жок.

Өмүрдөн идеалдуу узагандардан атамды айта алам. Аны баары аябай жакшы көрчү, ал энем каза болгондон кийин да толук кандуу жашады. Турмушу аябай бай жана бактылуу болду деп айтууга даай алам.

Ал инфаркт болду. Анастазеолог врач катары: "Жок..., тез жардам чакыруунун кажети жок. Мага эч нерсенин кереги жок. Сексен бешке чыктым. Болду",-деди. Мен: "Жок, ата, мындай болбойт. Биздин доордо инфарктан өлүү - уятсыздык", - дедим. 85 курагы өлүмгө себеп болбойт деп, биз бейтапканага бардык.

Ага аябагандай чеберчилик менен тез эле стенд коюшуп, бир нече күндөн кийин үйгө кетүүгө камынып калдык. Бирок өзүн кайра жаман сезип баштагандыктан компьютердик томография кылынганда, анын жүрөгүнөн чыккан аортасы бутунун тамырына жеткенге чейин жыдып баштаганы көрүндү. Мындай аневризмадан анын курагындагы кишинин бир нече секунддан бир-эки күндүк эле өмүрү калат.

Ошондон кийин ал үч жарым күн жашады. Ошол үч жарым күндүн ичинде бардык тууган-туушканы, достору келип кучакташып, өбүшүп, сагынычын кетирип, коштошуп, бир нерселерди эстеп каткырып, андан баалуу жолдомолорду алганга үлгүрдү.

Ооба, ал реанимация бөлүмүнөн кетти. Бирок бул бөлүмдө биз өзүнчө эле шерине өткөргөндөй эле болдук. Бизге эч ким, Кудайга шүгүр, ал жерде тоскоол болгон жок. Балдары, неберелери, күйө балдары, келиндери, кызыктуусу, учурдагылары менен мурункулары, баары керебетин тегерене чогулганда, мен: "Карасаң, сен баарыбызды жыйнадың. Биз туулган күнүңө мынча чогулчу эмеспиз" - дегеним жакшы эсимде. Айрыкча, ал өлө элек болчу да.

Ал чалкасынан жатып, баарыбызды бир сыйра карап чыгып: "Өлүм, көрсө, керебетиңдин башында баарын көргөнчөлүк, ушунчалык баалуу нерсе турбайбы", - деди.

Мен муну идеалдуу узоо деп айта алам. Сен азап чекпеген, каралган, кесипкөй медиктер тарбынан оорусуз абалга келтирилген абалды... Атабызга мен жана эки эжем карап жаттык. Атам болсо агабызды, уулун эң көп күтсө да, баары бир ага кыздары карап жатты.

Сени жакындарың тегеректеп, жалгыз калбаган, эч жериң оорубаган, алсыздыгың үчүн уялбаган абалда болсоң, жана мындай абал анча узабаса, муну идеалдуу окуя десе болот.

Мен дагы ушундай, атамдай, жашагым келет. Жумушуна жаны менен берилип, күйүп-бышып, катуу ооруп, анысына карабай акыркы күнүнө чейин ашмалтайы чыкканча иштеп өлгөн апамдай узагым келбейт.

Атам болушунча жашап, өткөн өмүрүнө кубанып, анын баардык оордугуна, адилетсиздигине, бардык кубанычына бөлөнүп кетти. Дал ушу..., мен да ушуну каалайт элем. Бирок, билесизби, буга татыктуу болуу керек.

Атам ушундай, кереметтүү жана бактылуу өлүмгө татыктуу болду да. Ооба, эч күмөнсүз, киши кандай жашаса, өмүрдөн так ошондой узайт. Бул оркестрдегидей, оркестр ойноп жатканда, акырында литаврлар бири-бирине урулат ко. Ошондой.

Өлүм - бул кетүү, аягына чыгуу. Албетте, ар бир кишинин өлүмү анын өткөргөн өмүрүнүн чагылуусу болот. Ооба...

Ошондуктан ар бир кишинин жакшы болууга мотивациясы (жөнү) бар. Бул деген жакшылык гана эмес, мүнөз, мамиле, бардык нерсе тууралуу...

(уландысы бар)

Азаттык үналгысы, "Картина маслом", Рахат Асангулова