Ара жолдогу мамлекет

Шарият сыйкырдуу дабаабы же укукпу?

29 января 2020 г. 1:27 293

"Жакында шарият орнойт!", - деген сөз коомдо эки анжы сезим жаратып келет. "Светтик" деп аталган философияны карманган тайпаларды чочутат. Ошол эле убакта исламчылар менен кээ бир мусулман тайпалары сагыныч менен күткөн нерсе.

Диний риториканы жеке жана топтук максатта колдонгон исламчылар шариятты, кайсыл жерде болбосун колдонсо, сыйкырдуу дары сымал бардык ооруга дабаа, идеалдуу саясий "режим" катары сунуп келет.

Бийликке келген исламчылар болсо шариатты кызыл камчы башкаруусун кол тийгис даражага чыгарууга, анысын легитимдештирүүгө колдонот.

Башында шариат кандай мааниде колдонулганын аныктап алалы.

Динбезер совет режиминен калган дүйнө тааным боюнча шарият "эскичилик", коомду артка тарткан диний тайпа чыгарган адаттар топтому катары кабыл алынат. "Шарият курушат!" деп элди коркутуп, колундагы саясий ресурстарын коруп келет. Алардан бийликти талашкан исламчылар болсо шариятты диндарларды сооротуп уктатуучу аспап катары колдонуп кирди.

Диний сөздүктөр шариятты "Курандакы аяттарга, Мухаммед пайгамбардын сөздөрүнө негизделген ислам мыйзамы, ислам укугу" деп аныктаган.

Куран менен хадистерде мамлекеттик система тууралуу түшүндүрмө жок. Мухаммад пайгамбар өлүмү жакындаганын сезип, мусулмандарды жыйнап Коштошуу осуятын айткан. Анысында да саясий режим жана башкаруу формасы тууралуу сөз кылган эмес.

Баардыгы күтүп турса да, өзүнөн кийин ким мусулмандардын башчысы болоорун да айткан эмес. Бирок укуктун негизги принциптери, коомдук турмуш жана кишилердин фундаменталдуу акылары тууралуу көп нерсе айткан. Мунусуна караганда, Коштошуу осуятын кишилик акыларды коргогон алгачкы нускалардын бири десе болот.

Осуятында Мухаммед пайгамбар "Оо, момундар" же "Оо, мусулмандар" дебестен, "Оо, инсандар!" деп кайрылган. "Кишилердин жаны, малы, өмүрү, намысы, абийири жана ариети куттуу жана кол тийгис" экенин кайра-кайра эскерткен. "Зулумдукка баш ийбегиле, зордукка барбагыла, зордоого ыраазы болбогула! Башкаларды жерибегиле, уруу жана уругуңар менен мактанбагыла!" -, деген. "Оо, инсандар! Силерге эскертем, ким болбосун өзү кылган күнөө үчүн гана жооптуу. Күнөөлүү бала үчүн ата айыпталбайт, күнөөлүү атадан улам бала айыпталбайт", - деп айткан.

Мындан сырткары "жумушчуларыңарга жакшы мамиле кылгыла", аларга "жегениңерден жедирип, кийгениңерден кийинткиле", "араптын арап эместен кандайдыр-бир артыкчылыгы жок", деп кишилердин тең укуктуу экенин баса белгилеген.

Адилеттүүлүк принциби кудайга ишенүү, пайгамбарды ээрчүү жана өлүмдөн кайра тирилүү менен бирге Курандын төрт негизинин бири экени көрүнүп турат. Алла Таала адилетүүлүктүн кудайдан коркуунунун эң негизги көрсөткүчү экенин айтат.

Демек Куран менен пайгамбар өрнөгү саясий режими же башкаруу формасы эмес укуктук мамлекет, башкаруучулардын өзүм билемдиктен алыс болуусу жөнүндө сөз кылат. "Кеңешип (шарият) кескен бармак оорубайт" деген кыргыз макалы шарияттын эң оболу - кеңеш жана коом кабылдаган мыйзамга баш ийүү экенин айтып турат.

Байыркы мусулмандар жогорудагы принциптерди карманып, мыйзам жана эрежелерди түзүп, аларды баарына бирдей колдонуп учурдагы батыш цивилизациясына өнүгүү булагы болуп берген.

Учурда бийликке умтулган исламчылар шариятты укуктун үстөмдүгү, мыйзамдуу мамлекет, эрежеге баш ийген жана өзүм билемдиктен узак башкаруу деп түшүнбөйт. Бийликке келгенге чейин карапайым калкка шариятты сыйкырдуу дабаа, бардыгын бир заматта оңдоп салчу башкаруу катары сунушат. Бирок бийликке келип, күчкө толгондон кийин шарияты өзүм билемдиги менен зулумдугун актаган курал катары колдонушат.

Саясий исламчылар, өздөрү таасирленген социализм, комунизм, капитализм жана башка "...измдерине" жараша, логика жана илимден алыс "куткаруучу" теорияларды ойлоп табышат. Бирок аларды "исламдын негиздери", "Курандын өкүмдөрү" катары таңуулашат.

Исламчылардын таасиринде калган диндар калк ислам менен шариятты идеология же саясий режим катары көрүп келет. Исламчылардын "...измге" негиздеген режим, болушунча мыйызам чегинде, болбосо күч менен киргизилсе, сонун ислам коому пайда болуп, адилеттүүлүк орноп, кылмыш менен күнөөлөр өзүнөн-өзү жок болот деп ойлошот.

Учурда өзүн "исламдык режим" жана шарият мамлекети деген Иран, Сауд Аравиясы жана Судан сыяктуу өлкөлөр бар. Бирок бул өлкөлөр Куран көрсөткөндөй, укук үстөмдүгү, кишилик акылар, мал жана жан коопсуздугу, коомдук адилеттүүлүк, соттун тарапсыздыгы жана эркиндиги, алсыздардын акылары, ачык-айкын башкаруу жагынан дүйнөнүн аркасында келет. Тескерисинче, өз калкына карата зулумдук, бузукулук, коррупция, зөөкүрлүк, чечим чыгаруу жана башкаруунун жабыктыгы боюнча алдыда.

Мусулман илимпоздорунун Куран принциптерине жараша исламдык индекстерди сактаган мамлекеттердин эң алдында Скандинавия жана башка батыш өлкөлөрү келет. Изилдөөдө каралган 153 мамлекеттин арасында мусулмандар көпчүлүктү түзгөн өлкө 40-орундан кийин гана пайда болот. Иран менен Сауд Аравиясы пайгамбарлык принциптерге негизделген шариятты карманган мамлекеттердин куйругунун учуна араң жабышкан.

Дүйнөлүк ачык-айкындык уюмунун 2018-жылдагы изилдөөсүнө караганда, 180 өлкөнүн ичинен бузукулукка жана арам кекиртектикке (коррупция) баткан, Судан 172, Иран 138, Түркия 78, Сауд Аравиясы 58-орунда калган.

2020-жылынын парламенттик шайлоосуна аттанган исламчылардын шарият түшүнүгү кандай экенин өлкөбүздүн ислам аалымдары, ойчулдары жана дин таануучулары калкыбызга түшүндүрүүсү зарыл.

Шарият исламчылар тарабынан көңдөйлөштүрүлгөн алаксытуучу аспаппы же Курандын фундаменталдуу принциптерине негизделген адилеттүү системабы? Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамы менен башка мыйзамдары исламчылдардын "шарият" түшүнүгүнүн кайсыл жеринде?