Ислам дүйнөсү

Калк инвестицияларды канткенде колдойт?

25 января 2020 г. 13:39 372

Малайзиянын бутуна туруусуна себепкер болгон төртүнчү премьер-министри Махатхир Мохамаддын "Өз өлкөсүнүн табыбы" аттуу китебинен, менчиктештирүү менен инвестицияларды карапайым калкка кантип колдоттурса болоору жөнүндө үзүндү коюуну туура көрдүк

Жергиликтүү калктын менчиктештирүүдө үлүш алуусу бизди дайыма ойлондурчу. Акцияларды алардын эсебине которуу татаал иш эместей көрүндү. Бекер таркатылып берилчү мындай акциялар фонддук биржага алгачкы жайгаштыруу учурунда (IPO) же компания улам кеңейип, кайра жаңы акция чыгарганда пайда болмок. Жергиликтүү калктын корпоративдүү сектордогу үлүшүн көбөйтүү үчүн алардын өкүлдөрүнө акциялардын 30%ы бөлүнчү.

Бирок жергиликтүүлөр таратылып берилээри менен акция гана эмес мамлекет берген атайын контракт менен лицензияларды да дароо сатып жиберчү. Алардын көбүнүн башка аргасы жок болчу. Капиталы менен башкаруу жөдөмдөрү болбогондуктан, өз алдынча эптеп кетчү бизнестин өзгөчөлүгүн түшүнчү эмес.

Бул тууралуу ойлонуп отуруп 1970-жылы, билим берүү министри болгон кезимде көрүп калган инвестициялык ыкма эсиме түштү. Бир кытай ишкери кайрымдуулук фондун өз ыктыяры менен башкарып, анын каражаттарын Куала-Лумпурдун фонддук биржасындагы акцияларга жумшачу. Ал кезде бизнес дүркүрөп өнүгүп, дивидент катары бир топ киреше тапчу. Маал-маалы менен, капиталды көбөйтүү үчүн акцияларды сатып, каражаттарды жаңы ийгиликтүү долборлорго жумшачу. Ал жетектеген фонд кеңейгенин көрүп, өкмөт да ушундай фонд түзүшү керек деп ойлоп койгом.

Андан мурун 1960-жылы Хасма экөбүз Гонконгдо өргүүлөп жүргөндө, гезиттен жаңы, үлүштүк инвестициялык фонддор тууралуу окуп калдым. Мындай фонддорду, карапайым калктын тобокелчилигин азайтуу максатында, кесипкөйлөр башкарчу. Алар ири суммалар менен ойноп, каражатты бизнестин түрдүү секторлоруна же бир сектордун түрдүү тармактарына тең салмактуу жайгаштырып, тобокелдикти болушунча азайтышчу. Кесипкөйлөр базарды жакшы билип, эксперттик маалымат ала алгандыктан, капиталды жайгыштырууда өтө аз ката кетирет деп жазылган.

Муну туура көрүп, 1960-жылдары Гонконгдун үлүштүк инвестициялык фондунун бирине бир аз акча жайгаштырсам, үлүшүм чын эле көбөйдү. Узак мөөнөттүк стратегиям жок болгондуктан, акцияларымды кайра сатып бир аз киреше алдым. Кыскасы, өзүм да малай болгондуктан, баягы эле катардагы малай кылчу ишти кылдым.

Премьер-министр болгон кезимде Борбордук банктын төрагасы Исмаил Мохамедалиге, жергиликтүүлөргө ажыратылган акциялар менен иштечү, үлүштүк фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көргүлө деген кат жаздым. Исмаил түзгөн жумушчу тобу, инвесторлорду жоготуудан болушунча коруган жана банктык пайыздан жогору жылдык киреше берчүдөй, үч деңгээлде корулган ыкма сунуштады. Өкмөт түзүлгөн бул каржы фондуна 200 млн ринггиттик баштапкы капитал которду. Бул фонд Улуттук инвестициялык компания (УИК) түзүп, жергиликтүүлөр үчүн акция сатып алууга каражат бөлүп берди. Ал акциялар үлүштүк инвестициялык фондунун башкаруусуна берилди. Бир инвестициялык үлүш 1 ринггитке бааланып, сатылып алынгандан кийин, жергиликтүү үлүшкөрлөргө берилди. Алар үлүшүнө жараша дивидент алып баштады. Үлүшкөрлөр акцияларын УИКке гана сата алмай болду.

Андан кийин бул үчилтик корпорацияга Тышкы соода жана өндүрүш министрлиги жергиликтүүлөргө айрылган 2,5 млрд ринггиттик акцияларды которуп берди. Корпорация 1 млрд ринггитке эң ири каучук плантациясы бар компанияны сатып алып, анын плантациядан сырткаркы активдерин 600 млн ринггитке сатып жиберди. Андан кийин түрдүү тармактагы алты ири ишкананы сатып алды. Бул корпорация ирилешип, кирешеси көбөйгөндө, дагы бир үлүштүк фондду башкарган компания түзүүгө аргасыз болду. 1990-жылы бул эки компания 4,3 млн жергиликтүү үлүшкөр менен иштеп калды. Ал жылы үлүшкөрлөрү 4,15 млрд ринггит дивидент жана 2,52 млрд ринггит атайын бонус алышты.

2008-жылы УИКтин фонддорунун үлүшкөрү баштапкы 1981-жылдагы 840 миңден 8,9 млн кишиге жеткен. Корпорация дүйнөлүк баалуу кагаздар базарына капитал жайгаштырып, инвестиция кылуу жөндөмдөрүн окутуп, жергиликтүү жаштардын жогорку билим алуусуна стипендия бөлүп турат. Ушул күнгө чейин ал үлүшкөрлөрүнө 60 млрд ринггит дивидент төлөп, 300дөн ашык компаниянын акцияларын башкарат.