Ислам дүйнөсү

Ислам жана исламдаштыруу

20 января 2020 г. 14:46 313

Малайзиянын бутуна туруусуна себепкер болгон төртүнчү премьер-министри Махатхир Мохамаддын "Өз өлкөсүнүн табыбы" аттуу китебинен, мусулман мусулманга бир-тууганча эмес душманча мамиле кылганы тууралуу үзүндү коюуну туура көрдүк

Мен мусулман болуп төрөлүп, мусулманча тарбия көргөм. Бала кезимен кантип намаз окушту жана орозо кармашты билем. Энем менен устазым Куран окуганды үйрөтүшкөн. Ыйманым күчтүү болуп, диниме толук берилгемин. Ислам менин диним болчу, ошондуктан кандайдыр бир башка идеологияны карманам деп ойлочу эмесмин. Мусулмандын өз дининен баш тартканы акылыма сыйчу эмес.

Үйүбүздүн жанында башка диндерди кармангандар да жашачу. Маңдайыбызда сыйынуу жайы кире беришинде жайгашкан кытайлардын дүкөнү бар болчу. Кудайынын айкелинин алдында ысырыктар сайылган кум салынган табактар турчу. Маал-маалы менен колуна ысырык кармаган улгайган аял кудайына жалбарып жатканын көрүп калчумун.

Жапон баскыны учурунда ачтыктан кыйналып жаткан кезибизде, үйүбүздүн жер төлөсүндө тамил үй-бүлө жашачу. Алардын сыйынуу жайы же кудайынын сүрөтү жок болчу, бирок табынуучу жайларында сыйынаарын билчүмүн.

Мектептеги досумдун бири католик болчу. Университетте, албетте башка диндердин өкүлдөрү менен бирге окудум.

Бул кишилерди таанып, алар менен достошконум диниме запкы берген жок. Бирок дин тууралуу алар менен эч качан сөз кылчу эмесмин. Мындай кептер талашып-тартышууга алып барып, мамилебизди бузаарын жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн сезип турчубуз.

Мен үчүн ислам башынан башка диндерге жана аларды кармангандарга сабырдуу мамиледе болгон ишеним, азыр да динимдин ошондой экенин билем. Кийин, Курандын малай жана англис тилиндеги котормолорун изилдеп баштаганымда, башка ишенимдерге карата ислам тууралуу жаңылбаганымды далилдеген бир нече сүрө жана аяттарды көрдүм.

Малайзияда, адилеттүлүктөн тайып кетпейли деп, шариаттын эрежелерин дайыма эле колдоно бербейбиз. Ооба, көп улуттуу өлкөбүздүн ар бир жаранына келгенде, биз башка мыйзамдарды колдонобуз. Мындай кылуу менен өлкөбүздү кагылышуу жана туруксуздуктан коруйбуз, ошентип исламдын рухуна жараша аракет кылабыз. Башка диндерге карата сабырдуулугубуз, өкмөтүбүздүн кылган ишинин баары Курандын жоболоруна негизделгени шексиз.

Демек, Малайзияны исламдык мамлекет деп атаганга толук укугубуз бар. Малайзия ислам баалуулуктарын кабылдап, өзүн исламдык мамлекет деп жар салганда, өлкөдө тынчтык менен туруктуулук орногон, ал өнүгүп гүлдөгөн.

Өкүнүчтүүсү, көптөгөн мусулман “аалымдарына” Куран талап кылган сабырдуулук жакпайт. Алар исламдын башка диндерге карата мамиледе катуу жана кайраттуу болушун жактырат. Бир билимдүү муфтий мага исламдан башка дин жок деди. Бул ой мени катуу чочутту. Курандын өзүндө Муса менен Исанын ишенимдерине шилтеме кылынып жатпайбы.

Диндер тарыхын окуганымда, диний окууларды жоруу өлкө жана доорго жараша өзгөрүп кетээрин билдим. Ошентип христиан дини православ, католик жана протестанттык деген негизги үч багытка ажырап кеткен. Исламда да ошондой нерсе болгон. Пайгамбар, Курандын аяттары менен аларды жоруган хадистерде берилген, бир эле исламды алып келген.

Бирок бүгүн динибиздин ичинде, өздөрүнүкүнөн башка агымдарды исламдык эмес же чала исламдык деген көптөгөн жамааттар бар. Алардын ортосундагы араздашуу ушунчалык курчуп, өкүлдөрү бири-бири менен согушуп жүрөт.

Ислам жамааттарынын көбүн, исламды жоруусу чыныгы жана туура экенине чын жүрөктөн ишенген, улуу аалымдар негиздеген. Чындап келгенде, жамааттардын исламды жоруганында айырмачылыктардын бар экени турган иш, анткени аалымдар да көз-карашында кемчилиги бар пенделер.

Натыйжада, бүгүн мусулмандардын, исламды өз билгениндей жоруган, сан жеткис жамааттарга бөлүнгөнүн көрүп турабыз. Исламдагы эң негизги эки агым – бул суннийлик менен шииттик. Ал экөө ичтеринде ар түрдүү имамды ээрчиген жамааттарга бөлүнгөн.

Ислам толеранттуу дин, бирок, буга чейин айтканымдай, анын кээ бир аалымдары диндин өтө эле сабырдуу жана жумшак болуусун каалашпайт. Айрыкча мусулман эместерге карата мамиледе катуулук байкалат. Исламдын принциптери менен эрежелерин, керек болсо күч менен, аларга да колдонулуу чакырыктары угулуп калат. Мусулман эместер мындан улам исламга сүйүүсү артпайт, тескерисинче динибизди жерийт. Башкача айтканда, исламга терс келген сабырсыз жүрүм-турум, ашкере катуулук жана фанатизм бул динди жаман көрсөтүп, анын жайылуусуна тоскоол болуп жатат.

Баштапкы мусулмандар ийкемдүү келип, башка диндердин өкүлдөрү менен чогуу жашачу. Ошондуктан мусулман өлкөлөрүндө христиандык менен иудаизм гүлдөп өскөн. Мусулмандар иудейлерге ушунчалык жакшы мамиле кылгандыктан, алар убагында европалык христиандардын куугунтугуна кабылганда, Түндүк Африканын жана түрктөрдүн өкүмү алдындагы Чыгыш Европанын аймактарында баш паанек таакан.

Учурда, бардык тарабынан исламдык мамлекет делген, Иранда ушул күнгө чейин иудейлер жашап, синагогалары мамлекет тарабынан корголот. Парламентинде да иудейлердин өкүлдөрү бар. Израиль жана Америка менен араздашканына карабай, ирандыктар бул маселеде Курандын талаптарын аткарып жаткан сыяктуу.

Бирок башка мусулман өлкөлөрдө, анын ичинде Малайзияда, азыр иудейлерди жактырышпайт. Мен Палестинада тынчтыктын орноосуна жардамдашайын деп, израилдик мектеп окуучулары менен крикет боюнча командасына Малайзияга келип кетүүгө уруксат бергенимде, малай мусулмандары мени катуу жемеледи.

Мусулман эместерге эле карата чыдамсыз эмеспиз. Мусулмандардын диний милдеттери менен жөрөлгөлөрүн кандай аткарып жатканына майдачыл мамиле кылабыз. Курандын, ислам ага ишенгендер үчүн жүк болуп калбасын дегенине карабай, мусулмандын көбү аны дал ошондой оор кылгысы келет.

Мусулмандар күндө беш маал намаз окушу керек. Бирок такыбасынган акылмандарга койсоң, намаз менен Куран окууну узартып кете бергиси келет. Бул кошумча жөрөлгөлөр менен окуулардын көбү милдет эмес, бирок аалымдар аларды милдеттүү кылууну каалайт.

Малайзиянын бирдиктүү улуттук уюмунун (МБУУ) өкүлү катары, Малайзиянын панислам партиясынын (МПП) чечендери Курандан аят келтире баштаганда, көп ирет тууралап турчумун. Алардын Курандын аяттарын арапча окуп, аркасынан малай тилине көркөм которуп киргени карапайым калкка жакчу. Көп окулган бир нече аят менен алардын котормусун жаттаганым менен, өзүмө анча ишене берчү эмесмин. Аяттарды туура окуганым менен арапчаны анча жакшы билчү эмесмин.

Ошондуктан Куранды мурункудан да жакшы окуп, аяттардын малай жана англис тилиндеги котормолорун салыштыра баштадым. Көрсө панислам саясатчылардын көркөм жорумалары чындыкка көп деле коошо бербейт экен. Кээде аяттын бир эле бөлүгүн окуп коюшат экен.

Малай жана англис тили менен салыштырып Куран окуу барган сайын кызыктуу боло баштады. Диндин негизи болгон фундаменталдуу жоболорун билейин деп Куранды бир нече жолу толук окуп чыктым.

Өзүм түшүнгөн тилде Куран окуу көзүмдү ачты. Диний устаздар Курандын котормосу чыныгы Куран эмес деп айтып киришти. Бирок мага сабак берип жатканда, жакшы түшүнүшүм үчүн, алар да Куранды арапчадан малайчага которуп берип жатышпадыбы. Демек, алардын котормолору деле Курандын накыл сөзү жана Алла Тааланын чыныгы ою эмес экен да.

Кийин биз эле эмес, эне тили арапча болгондор да өз алдынча Куранды түшүнө албасын билдим. Аларга да Куранды жоруп бериш керек экен, демек алар да аны жорумуна жараша түшүнөт экен. Башкалары болсо, аябай билимдүү болгону менен, пенде катары, биринен ката кетирип, башкасына караганда башкача кабыл алып, ал экөөнүн көз-карашы дал келбей, кээде карама-каршы да келип калышы мүмкүн.

Ошондуктан, айрыкча арапчаны билбей туруп же чала билип Куранды түшүнгүбүз келсе, бизге аны туура жоруп бергендер керек. Кандай болбосун, Курандын малай же англис тилиндеги котормосу Курандын өзү катары каралбаса да, исламды белгилүү бир деңгээлде түшүнүүгө жарактуу экенине ишенем.

Курандын аяттарынын бир бөлүгү которулуп берилсе, арапча билбегендер үчүн деле түшүнүктүү. Алардын мааниси жөнөкөй жана айкын, алар дайыма бирдей эле которулат. Мисалы Куранда: “Мусулман мусулманга бир-тууган” деп айтылат. Аны туура эмес түшүнүү же жоруу мүмкүн эмес. Дагы бир жеринде “Мусулман мусулманды өлтүрбөшү керек” деп турат.

Бирок буга карабай мусулмандар бири-бири менен согушуп, өлтүрүп жатканына күбөбүз. Алар күнөөгө баткан жокпу? Албетте, батты. Бирок алар душмандарын “чыныгы мусулман эмес” деп, демек, “мусулманды өлтүрбөгөнүм үчүн исламдын принциптерин бузган жокмун” дешет.

Мааниси апачык башка аяттар да көп. Алар мусулмандарга убада менен келишимдерди аткарууну, чынчылдыкты, пара албоону, билим алууну, эл-жерин коргоону, жетимдерге камкордукту, мурасты туура бөлүүнү, тынчтык сунушун кабылдоону, адилетти соттоону, алынган өкүмдө ачууга алдырбоону жана динге чакырууда күч колдонбоону буюруп турат. Мусулманды турмушунда багыттап гана тим болбостон, аны татыктуу жана адилеттүү киши болууга чакырган көптөгөн эрежелер бар.

Мусулмандын көбү “ислам – бул жашоо таризи” деп кайталаганды жактырат. Демек, ага сыйынуу гана эмес, кишинин бардык кыймыл-аракети кирет.