Ислам дүйнөсү

Махатхир М,: "Бакубат жашоодон да, атыңды булгабай сактап калуу маанилүү"

6 января 2020 г. 14:23 705

Малайзиянын бутуна туруусуна себепкер болгон төртүнчү премьер-министри Махатхир Мохамаддын "Өз өлкөсүнүн табыбы" аттуу китебинен, өлүмдөн коркуу сезимин жеңүү тууралуу үзүндү коюуну туура көрдүк

20 жыл врач болуп иштеген соң, көрсө, медицинаны биротоло таштаптырмын. Аткаруу бийлигине кирген соң, “кол ийрисине тартып кетти” болбош үчүн башка бардык иштен чыгасың. Ушундай жөнөкөй эреже бар экен. Мен бир аз өкүндүм, себеби колум менен иштеп көнгөм жана кишиге операция жасап же дарылап, оорусунан арылткандан кадимкидей ыракат алчумун. Бирок өлкөнүн ар тарабындагы көп кишиге жардам берүү мүмкүнчүлүгүм пайда болду деп өзүмдү жооткоттум. Кардарларым да кишини дарылоодон бүтүндөй өлкөнү айыктырууга өттүң деп кубатташты. Медицинаны канчалык сүйсөм да, өзүмдү толук тапшырчу ишке эми гана келгенимди сезип турдум.

Көптөгөн сабак берген медицинада иштей элек жаш кезимде, жакшы саясатчы болушум үчүн ага кирүүнүн эң жакшы эшиги – укук таануу деп ойлочумун.

Зарыл учурда коркуу сезимин эрк менен басуу керек экени медицина университетиндеги алгачкы алган сабагым болуп калды.

Мен дайыма өлүмдөн коркуу сезими менен жашадым. Кичине кезибизде ымыркайларды аңдыган желмогуздар менен жиндер жөнүндө жомокторду угуп чоңойдук. Улуулар мунусу менен караңгы кире электе үйгө келип калышыбызды максаттаптыр. Бул максатына жетишкен. Саат жети чамасында балдардын баары үйлөрүнө кирип кетишчү.

Мектепте кишинин скелети тартылган сүрөттөн коркуп, көзүмдү ала каччумун. Университетке кирген күнү эле анатомия кабинетинин жанында окуп калдым. Ак шейшеп менен жабылган денелерди көргөндө эле төбө чачым тикирейе түштү. Бул денелерди жакында кескилешим керек экенин ойлогондо үрөйүм ого бетер учту. Медицинага окуганда дал ушундай нерсе менен алектенээрим буга чейин оюма да келбептир. Врач болгон соң, кишилердин оорусун жеңилдетип, жардам берем дегенден башка эч нерсе ойлобопмун.

Университетте денелерди кескилешим керектигин билгенде, медицинага окубай эле койсомбу деген ой келди. Бирок кыздар да ушул эле иш менен алектенээрин эстегенде коркуум бир аз азайды. Алар табиятынан коркок болушу керек да, мен корккон нерседен алар деле коркушат да деген ой келди. Кыздардын шек алдырбаганын байкап, таң калдым. Эч кимиси өлүк денелерден коркконун бир ооз болсо да айтып, билдирген жок.

Өзүмдөн уялып, коркуумду басышым керек деп чечтим. Экинчи курстун студенттери анатомияны окуп жаткан лабараторияга кирип, бир өлүктүн үстүндөгү шейшепти сыйрып алуусун сурандым. Анын алдында формалин буруксуган кытай жатыптыр. Колумду анын денесине коюп, ичимден өзүмө “бул мага эч кандай зыян бере албаган өлүк гана” деп ишендире баштадым. Убакыт өткөн сайын коркуумдан аз-аздап арылып, өлүк денелерден чочубай калдым.

Экинчи курста окуп баштаганда аларды кебелбестен кескилегенге көндүм. Ал кезде студенттер окуусу үчүн пластик муляж эмес, кадимки кишинин скелетин алууга акысы бар болчу. “Өзүмдүн скелетимди” жогорку курстагы бир студенттен сатып алдым. Каникулга тараганда аларды үйгө ала кетчүбүз. Бажы кызматкерлери биздин багажыбызды карап жатып, сөөктөрдү көргөндө катуу чочушчу. Баш сөөктүн нервдерин жакшыраак жаттап калыш үчүн, төшөккө жатканда аларды бир сыйра карап чыккан соң, кошо ала жатмай адатым пайда болду. Колумда кармап жатып уктагандыктан, ойгонгондо эң биринчи көргөн нерсем ырсайган баш сөөк эле.

Өлүмдү дайыма ушунчалык жакын көргөнүмөн улам, бийликти баюу максатында колдонуу азгырыгы мага келген жок. Ошентип медицина берген сабактын бири – дүнүйөгө тиешелүү нерсенин баары бир күнү өтөт түшүнүгү болуп калды. Бир убакта айтылгандай, “кепиндин чөнтөгү жок”. Бай болобу, кембагал болобу, бардыгы, менин күндө көргөн кардарларымдай, бир күнү аянычтуу кебетени кийет.

Кээде врачтардын сезимдери сенейип, кесиптеши же жакыныны өтүп кетсе да анча кыжаалат болбой калат. Бирок менде андай мерестик жок, анткени өлүмдөн качып кутула албайсың. Ала жактан кайткан да эч ким жок. Өтүп кетсең да, сени эстеткен бир нерсе калгандай иш кылып жатканыңа ишенүү гана, өлүмгө моюн сундурат. Муну ойлоп, жигердүү өмүр сүрүү аракетинде болдум. Өзүнчө түтн булатып, балалуу болгум келчү. Кийин барган сайын динибизге көбүрөөк көңүл буруп, өмүрдүн канчалык баалуу белек экенин аңдадым. Өлөөрүмө кайыл болуп, өлүмдөн коркуу сезими бара-бара басаңдады.

Бакубат жашоодон да, атымды булгабай сактап калуу маанилүү болуп калды. Муну, баарынын алкышын күткөндөй өмүр, катары кабыл албаш керек, болгону балдарым менен неберелерим бул дүйнөдөн узаганымдан кийин менден уялбасын дедим. Бул үчүн колуман келген бардык нерсени кылдым деп ойлойм. Атымды булгагысы келген кишилер табылса да, абийирим таза. Мен бул тууралуу тынчсызданбай калганыма көп болду, калтырган мурасыман эч ким кызарып уялбайт.