Борбор Азия

Ийгиликтин үчүнчү кадамы – Максат коюу

3 января 2020 г. 14:47 1448

Жашоонун максаты - максат менен жашоо

Робин Шарма

Пелем Гренвли:"Канчалык жашың өткөн сайын ошончолук алдыга максат коюп, алдыңдан акылдуусунуп чыккан адамга маани бербей аракет кылып жашоо керек экенин түшүнөсүң" - деп белгилегендей, эгерде келечекте ийгиликтүү инсан болом десеңиз, кайсыл тармакта, кандай ийгиликти канча убакыттан кийин жаратаарыңызды тактап жазып, аны максат кылып алууңуз керек. Мисалы, Марк Цукерберг дүйнөнү бир тармак ичинде байланыштырам десе, Джек Ма товарды интернет аркылуу сатам деген максат койгон.

Гарвард университетинде отуз студентке жүргүзүлгөн сурамжылоодо үч студент максатын жазып алганын, он үчү оюнда ойлоп жүргөнүн, он төртү болсо алдына максат коё элегин айткан. Он жылдан кийин кайра сурамжылаганда баштагы үч студент жазылган максаттарын ишке ашырганын, он сегизи максатын жазганын, калган тогуз студент максаты тууралуу ойлонуп баштаганын аныкташат. Бул жерде, келечекте ийгилик жаратам деген ар бир киши, максатын блокнотко түшүрүп, ага жетүүгө убакыт бөлүшү керек экени байкалып турат.

Максаты бар кишилер ийгилик жаратат, максатсыз кишилер болсо ийгилик жаратканды мындай кой, тескерисинче зыянга учурайт.

"Максаты жок адамдар,

Дарбаза жок футболдой.

Гол согоорун билишпейт,

Башаламан бут чозмой."

- деп Аалы Туткучев төккөндөй, башкасын айтпаганда эле адам токсон жыл өмүр сүрсө да убактысын пайдасыз коротуп, зыянга учурайт. Кайсыл жака кадам таштарын билбей стресске кабылып, ичкилик сыяктуу терс көнүмүш адатка берилип кетүү коркунучу да пайда болот.

Эгерде жашоодо анык койгон максатың жок болсо, кайсы китепти окууруңду, кайсы кесипке тапшырып, кайсы кесиптеги устатка шакирт болоруңду, кайсы семинарга барып, кандай кинолорду көрөөрүңдү билбейсиң. Бул нерсе ички мотивацияны жоготуп, адамды жалкоолукка алып келет. Жалкоолук болсо, жогоруда айтылган терс сапаттардын башаты.

"Максатым бар, бирок аракет жасагым келбейт."

- деген адамдарды да кездештиребиз. Ооба кээде босогодон нары бир кадам да шилтегиң келбейт, себеби:

«Жашоодо жалкоо адамдар жок, бирок аракетке арзыбаган максаттар бар.

Койгон максатыңыздын өзүңүз үчүн баалуу тарабы болгондой эле, элге, ата энеге, үй бүлөөгө, ж.б.у.с. кеңири чөйрөгө да пайдасы тийүүсү керек. Мисалы, «Максым Шорону» ойлоп табууда Таабалды Эгембердиев кыргыз эли үчүн улуттук ичимдик чыгарам деген болсо, “Гарри Поттерди” жазган Жоан Роулиңдин “апамды даарылатам” деген максаты болгон. Ошондуктан алар өздөрү чарчап, ишин орто жолдо таштап салгысы келген учурда да максатынын кеңири тарабы үчүн аракетинен баш тартышкан эмес. Максатыңыз бир тараптуу болсо, кыйынчылык келген бир учурда токтоп калуу ыктымалы жогору. Эгер андай ыктымалды жоём десениз, ойлонуп көрүңүз, максатыңыз сизден башка кимге, кандай пайда берет?!

Жашоонун максаты максаттуу жашоо

Ийгилик жаратпаган адамдар, колуңдан эч нерсе келбейт деп ишендирет

Максат койдуңбу, аракет жасап ага ЖЕТ, точка!

Жалкоолук бул дүйнөнүн кабыр азабы.

Жашоодо жалкоо адамдар жок, бирок аракетке арзыбаган максаттар бар.

Ийгиликтин биринчиси сыры бул шилтемеде, экинчи сыры бул шилтемеде