Ислам дүйнөсү

Махатхир М.: "Такыбасынган саясатчылар мусулмандардын баам-парасатсыздыгын колдонуп келет"

28 декабря 2019 г. 12:24 516


Бул жерде Малайзиянын бутуна туруусуна себепкер болгон төртүнчү премьер-министри Махатхир Мохамаддын "Өз өлкөсүнүн табыбы" аттуу китебинен, ислам динин өз кызыкчылыгына колдонгон, такыбасынган исламчылар тууралуу үзүндү коюуну туура көрдүк

Менин Малайлардын бириккен улуттук уюму (МБУУ) партиям, электоралдык жоготууларга алып келсе да, жалаң исламчыл малайлардан турган Малай панислам партиясы (МПП) менен бирикпей койгон. Мындан улам кытай жана индус партиялары менен бирге Альянска кирген МБУУнун абалы солгундашып, анын малай эместерге көз карандылыгы арткан. Малайлардан сырткары улуттардын таламына да жооп берүүгө мажбур болгон МБУУ көз карандысыздыктын алгачкы он жылдыгында малайларга олуттуу көңүл бура алган эмес.

Идеологиялык жактан мага жакын МПП Малайзияда илгеркидей күчтүү ислам мамлекетин түзө алмак эмес. Ал мамлекетти башкаруудан да, өнүктүрүүдөн да алыс болчу. Бул партиянын түшүнүктүү планы, малайлар менен башка жарандардын турмушун жакшыртуу стратегиясы жок болчу. Малайлар көпчүлүк болгон, чакан Келантан штатын башкара албай ашмалтайы чыккан партия, көп улуттуу жана федеративдүү түзүлүшү бар Малайзияны толугу менен кантип башкара алмак эле?

Өз убагында, МППны түзгөн лидерлер МБУУдан бөлүнүп чыгышкан. Саясат барган сайын жакшы киреше алып келе баштаганда, такыбасынгандар өздөрүн “улама” деп атап, саясаттын сыртында калабыз деп чочулап, өзүнчө партия түзүшкөн. Алар бөлүнүп чыкканга чейин МБУУнун башка мүчөлөрү менен жакшы мамиледе болушчу, себеби баарыбызды малайлардын келечеги тынчсыздантчу. Бул бөлүнүү малайлардын биримдигине доо кетирди.

МБУУдан чыгып өз партиясын түзгөн уламалар ислам мамлекети жөнүндө божурай башташты. Исламдан кабары барлар муну куу саясий жүрүш катары бааласа, карапайым калк такыбасынгандарга ишеним артты.

Өзүн жарнамалоодо МПП, малайлар исламдык деп эсептеген символдорду, мисалы жашыл түстү, колдоно баштады. Мунун арты менен алар өз ишин бүткүл исламдык иш катары көрсөтүп, МБУУ сыяктуу саясий атаандаштарын исламдын душманы деп атай баштады. МППнын мүчөлөрү саясий митингдерде карапайым калк түшүнө бербеген Курандын аяттарын келтирип, аркасынан аларды жоруп киришчү. Бирок мындай жорумдар чындыкка коошуп-коошпогонун эчким териштирчү эмес. Жалындуу сүйлөгөн такыбасынган чечендер көбүнчөсүн аяттын маңызын аттап кетишчү. Карапайым калк териштирип жатпасын билген МПП, Куранды өз кызыкчылыгына жараша бурмалады. Мухаммад пайгамбардын өмүр таржымалы болгон хадистерге да ошондой эле мамиле кылышкан.

МПП өзүнө добуш бергендер бейишке, МБУУну колдогондор тозокко бараарын айканга чейин барды. Учурда да ушул эле ойлорду түрдүү сөздөргө ороп айтып жаткандарды кездештирсе болот. Азыр мындай апыртмаларды таратууда интернетти колдоно башташты.

Малайлардын калың катмарына Малай панислам партиясы исламдын дал өзү деп жеткирилип, МБУУга киргендер каапырлар деген ой таңуулана баштады. МБУУ башка партиялар менен кызматташкандыктан, ал исламдык деп эсептелбейт дешти. Кийин, саясий кызыкчылыгынан улам, 1990-жылы МПП ислам мамлекетин түзүү идеясын толугу менен четке каккан партия менен кызматташып киргенде, мен аябай күлдүм. Бул эбегейсиз эки жүздүүлүк болчу.

Исламды саясий курал катары колдонгон МПП, бул динди кармангандардан талап кылынган чыныгы баалуулуктар тууралуу үн катчу эмес. Ал баалуулуктар убагында мусулмандарга улуу дөөлөттөрдү түптөөгө жана көрүнүктүү инсандарды чыгарууга шарт түзгөн. МППнын лидерлери исламдын баалуулуктарын чындап колдосо, динди саясий күрөштө колдонуп, МБУУнун мүчөлөрүн каапыр дей алмак эмес. Анын ордуна алар элди бөлбөстөн, тескерисинче бириктиргенге мажбур болмок. Бирок динди колдонушпаса шайлоочулардын мээсин кантип жуумак эле? Өз ишин кантип ыйык деп атай алмак эле?

МППнын өзөгүн айылдык диний мектептердин мугалимдери түзөт. Калк аларды сыйлагандыктан, бул динчилдер окуучуларын ислам тууралуу сөздөрүн ооз ачпастан кабыл алгандай кылып тарбиялаган. Исламдын бир бөлүгүн гана түшүнөрүн жакшы билген катардагы эле киши экенине карабай, өздөрүн аалым жана Пайгамбардын мураскерлери катары таанытып келет.

Өкүнүчтүүсү, учурдун мусулмандары баам-парасатсыз жана ою чар жайыт. МППны колдогон динаятчылар динди бурмалаган саясатчылар аркылуу өз кызыкчылыгын гана көздөп, бул баамсыздыктан пайда таап, башаламандыкты жайылтып келет.