Борбор Азия

​КООМДУН РУХАНИЙ БААЛУУЛУКТАРЫ: ИСЛАМ жана ХРИСТИАНДЫК

4 декабря 2019 г. 13:46 239

КООМДУН РУХАНИЙ БААЛУУЛУКТАРЫНЫН КАЛЫПТАНУУСУНДА ИСЛАМ ЖАНА ХРИСТИАН ДИНДЕРИНИН ОРДУ

Алла Тааланан түшкөн ыйык Куранды өзгөрүүсүз сактап калган ислам дини менен Ыйык Куранда “Китеп ээлери” деп сүрөттөлгөн диндердин акыркысы болгон христиан дининин адамзаттын руханий баалуулуктарынын калыптануусундагы орду эбегейсиз чоң.

Бул эки диндин өкүлдөрү он беш кылымдын бери өз-өзүнчө да, бирок, көбүнчөсү бир коомдо өз ара ынтымакта жашап, кээде жакшылыкта атаандашып, кай бир учурда биргелешип олтуруп улуу маданияттардын калыптануусун жөнгө салып келе жатышат.

Мусулман менен христиандардын байыркы архитектурадан баштап, учурдагы киночеберчиликке чейинки санат менен маданияттын ар бир тармагындагы жетишкендиктери – бул эки диндин коомдун руханий баалулуктарынын калыптануусунда, аларды сакталып, өсүп-өнүгүүсүндө чоң роль ойноп келе жатканынын анык далили болуп саналат.

Эки диндин тең эң негизги жана өзөктүү руханий баалуулугу – бул бардык адамзаттын Жараткан Кудайы бир экенине болгон бекем ишеним. Ошондуктан эки диндин көрүнүктүү өкүлдөрү ким же кайда болбосун киши сырткы келбети, ата-теги же экономикалык жагдайынан улам башка кишинен Кудай алдында артык боло албасын билип, карапайым калкка мына ушуну түшүндүрүү аракетинде болуп келет.

Дининин өкүмдөрүн жана пайгамбарларынын өмүр таржымалын жакшы түшүнгөн мусулман менен христиандар коом менен мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн кандай гана адам болбосун, анын улуту, тутунган дини же идеологиясына, карманган саясий позициясына карабастан өз ара тил табышып, консенсуска барып, ошонун негизинде толеранттуу жашоо маданияты калыптанган.

Диндери талап кылган руханий баалуулуктарга жетүүдө, алардын формалдуу көрсөткүчү катары адамдын адеп-ахлагы, элдин үрп-адаты менен каада-салты, коомду тескөөчү эреже-мыйзамдардын калыптануусунда эки диндин тең өкүлдөрүнүн тутунган ишеним принциптери негизги ролду ойногон.

Жогоруда айтылганда адамзаттын жалгыз гана Жаратканы бар деген ишенимге негизделген Алла Тааланын элчилерине жана китептерине ишенүү принциптери да руханий баалуулуктардын калыптануусундагы башкы пайдубалдардын катарына кирет.

Пайгамбарыбыз Мухаммед да, Иса пайгамбар да “жакшыга жанаш, жамандан алыс бол!” деген баалуулукту өз өз жашоолоруна практика түрүндө таасын көрсөтүп бере алышкан.

Эки пайгамбар тең аз гана жашоосунда мурунку пайгамбарлардын жана алардын шертке бекем жакындарынын сөздөрү менен Жараткан Кудайга берилүүнүн жана коомго пайдалуу болуунун үлгүсү катары айтып жана көрсөтүп өтүшкөн. Алла Тааланын бул элчилери аркылуу түшүргөн Инжил менен Куран ошол күндөн ушул күнгө чейин адамзаттын тууралыкка бекем болуусуна өбөлгө түзүп келүүдө.

Алла Таала жараткан күнөөдөн таза жана буйрукту кынтыксыз аткарган нураний заттар болгон периштелер христиан жана ислам дининде Жараткандын жардамы жана көзөмөлү канчалык жакын экенин бизге кайра-кайра эскертип келет. Периштелерге жана адам баласынын көзүнө көрүнбөгөн башка позитивдүү жана негативдүү, акыл эстүү жана жоопкер жандыктардын бар экенине ишенүү да кудайга берилген кишинин руханий баалуулуктарынын калыптануусуна өбөлгө түзөт. Андай жандыктардын Жаратканга моюн сунуусу же тескерисинче Ага каршы чыгуусу жазылган ыйык тексттер (аяттар), кандай сапаттар Кудайына жакындатарын жана кандай жоруктар Андан алыстатарын адам баласына сонун түшүндүрүп берип турат.

Эки диндин тең бирдей негизги принциптерине кирген тагдыр жана жамандык-жакшылык Жараткандан экенине ишенүү да бир чети ал адамдын жеке өзүнө тиешелүү, экинчи тарабынан айланасындагы адамдар менен, ал тургай жалпы эле коом менен болгон алакаларындагы руханий баалуулуктардын калыптануусуна өбөлгө болуп, ар түрдүү психикалык жана социо-психологиялык көйгөйлөрдөн сактайт. Тагдырга ишенген киши мыйзамдары себеп-натыйжа эрежесине негизделген бул дүйнөгө тиешелүү бардык талаптарды аткарган соң өзүнүн эркинен сырткаркы нерсенин баарын Жаратканына таштайт. Анткени, бул кыска дүйнө менен түбөлүк жашоонун программасын бири-бирине байланыштырып түзгөн Алла Таала гана өзүнө моюн сунган пендеге кандай натыйжа пайдалуураак экенин так билет. Инсанга тактикалык жактан жакшы көрүнгөн нерсе стратегиялык мөөнөттө зыян алып келиши мүмкүн. Ошондой эле тескерисинче, бүгүн жаман көрүнгөн нерсе бүрсүгүнү оң натыйжа бериши толук мүмкүн.

Бул дүйнөнүн соңу болгон өлүмдөн кийин кайра тириле тургандыгына жана сурак күнү бар экенине ишенген мусулман менен христиандар, карманган ишенимдери, тутунган диндери тарабынан калыптанган руханий баалуулуктарын дайыма таза кармаганга аракет кылышат. Бул дүйнөнү акыретинин (аркы жашоонун) эгин талаасы катары көрүп, мүмкүнчүлүгүнө жараша дайыма жакшылык үрөөндөрүн себүү менен өмүрлөрүн өткөрүшөт. Ошондуктан мусулмандар менен христиандар Кудай жараткан бардык нерсе Сурак күнүнө анын жамандыгы менен жакшылыгы тууралуу маалымат жыйнап, мамилелешкен ар бир киши же аны жактап, же ага каршы күбөлүккө өтүүсү мүмкүн экенин билип өмүр сүрүшөт. Сурак күнүндө адамдын эң жашыруун аракети болгон ниетин да өлчөгөн тараза бар экендигин билет. Ошондуктан Жаратканына сыйынып жатканда гана эмес, турмушундагы бардык абал жана жагдайларда ниетин, сөзүн жана ишин бир нукка салып, Кудайынын, элдин жана өзүнүн алдында бирдей болгонго жан үрөп жашайт.

Биз Кыргызстандын жарандары катары карасак, мусулмандар менен православдар эзелтен бери өз ара мамилелешип жашап келишкен. Ооба, булардын өз мамлекеттүүлүктөрү калыптанган кезде түрдүү ката сезим, ишеним жана сөздөргө ишенишип, бири-бирин өз диндерине күч менен киргизип, бир өңчөй коом калыптаганга аракет кылган доорлору болгон.

Өз ара мамилелери күчөп, мамлекеттин бакыбаттуулугу жана жалпы коомдун кызыкчылыгы биринчи орунга коюлган кезден тартып, диндеринин канчалык бири-бирине жакын экенин жана бирдей руханий баалуулуктардын орногонун жакшы түшүнө башташкан.

XVII-XVIII кылымдардан тартып Орусия империясынын аткаминерлери мусулмандардын өздөрүнүн руханий баалуулуктарын кармануусу, христиандар менен бирге орус мамлекетүүлүгү менен орус коомунун бекемдөөсүнө жардам болоорун билишип, коомдук тилге Кавказ, Волга дайрасын жээктеген жана Орто Азия мусулмандарына “орус мусулмандары” деген түшүнүк киргизишкен.

Мисалы, 1833-жылы сенатор Богданов кол койгон документте: “Улуу имперотордун токтомуна ылайык Орусиянын мусулмандарынын баары өз дининин талаптарын так аткаруулары керек. Дининен безгендер биринчисинде – шапалак, экинчисинде – таяк, үчүнчүсүндө – өрмө камчы менен жазалансын”, – деп жазылган.

Орто Азия үчүн жооптуу генерал М.Г. Черняев 1865-жылы исламдын бардык жөрөлгөлөрүн сактабагандарды жазалоо керек деген токтом чыгарган.

Роман сулаласынын 300-жылдыгына карата мечиттердин баарында атайын иш-чаралар өткөрүлүп, мамлекеттин бүтүндүгү жана коомдун бакубаттуулугу үчүн дубалар кылынган. Фергана өрөөнүндө Николай Романовдун аты коюлган мечит курулганы тарых барактарында калган.

Евразиядагы жетимиш жылдык динбезерлик саясаттан кийин мусулмандар менен христиандар буга чейинки тыгыз кызматташып, бир мамлекетте бирдиктүү эриш-аркак жашаган кездеринен сабак алып, өз ара алакаларын кайра башынан (нөлдөн) баштабашы керек. Биргелешип руханий баалуулуктарын калыптануусуна көңүл буруп, бири-бирине жакшылыкта жардамдашып, коомго терс нерселерден чогуу корунган кездерин эстеши зарыл.

Ыйык Куранда Улуу Жараткан мусулмандар үчүн эң жакын эл христиандар экенин апачык айткан.[1] Жогоруда айтылган, руханий баалуулуктарынын пайдубалын негиздеген өзгөргүс жана бекем принциптери бирдей экенин түшүнүп, коомдору менен мамлекеттерин глобалдашып бара жаткан дүйнөнүн бороон-чапкынынан коргоп, жогорку технологиялык келечегин бирге куруусу керек.

Мусулмандар тээ ислам дини келгенден тарта эле мусулман эместер менен, алардын арасында көбүнчө христиандар менен жанаша, ал тургай жакын кошуналардан болуп жашап келишкен. Улуу журт которуудан (хижраттан) мурун Меккеде Варака бин Навфал, мусулмандар алгачкы жолу журт которуп барганда эфиопиялык христиандар, Мединада поп Абу Аамир, Йемендеги нажран, палестинадагы айла, жарба жана азрух уруулары ж.б.у.с. мисалдарды мусулмандар менен христиандардын мурдатан кошуна болуп жашагандыгына мисал катары берсек болот.

Дүйнө жүзүндөгү диндер менен ишенимдердин арасынан бир гана ислам дини Иса пайгамбарды атасыз абалда намыстуу кыздан төрөлгөн деп, христиандардын ишенүүгө өтө кыйын болгон догмаларын туура деп эсептейт. Ошондой эле мусулмандар тарабынан эч кандай сураныч же кысым болбой туруп эле Жакынкы Чыгышта жашаган христиандар ислам динин мурас укугун тандап, ошол боюнча амал кылып келишет.

Албетте, мусулмандар менен христиандардын өз ара ынтымакта жашап, бири-бири менен мунасага келип, таттуу жашоодо жашашкандыктарына бир-эки мисал айта кетүү менен сөзүмдү бүтүрөйүн.

Нажрандык христиандар Мухаммед пайгамбарды христиандыкка чакыруу үчүн Мединага атайын бир делегация жиберет. Бул окуя бир топ тарых китептеринде жазылып калган. Биз, Ибн Хишамдын төмөндөгү сөздөрүн берүүнү туура көрдүк:

Мухаммед пайгамбар ал делегацияны “Пайгамбар мечитинде” кабыл алды. Бир топко сүйлөшүп олтурушкандан кийин алар маекти аягына чыгарбай эле сыртка чыгууга камданып калышты. Мухаммед пайгамбар алардан эмне болуп жатканын (же кандайдыр бир кызмат керекпи деген таризде) сураганда, алар: “Биздин сыйына (ибадат кыла) турган убактыбыз болуп калды жана биз аны өз маалында аткаргыбыз келет”, – дешти. Бул сөздү угары менен Мухаммед пайгамбар: “Ибадатыңарды ушул мечитте деле аткарсаңар болот”, – дегенде, алар бул сунушту кабыл алп, ошол мечитте өз ибадаттарын аткарышты. (“Христиандардын кыбласы Чыгыш тарапта болгондуктан, алар Чыгыш тарапка карап сыйынышты”, – деп айтылган жери да бар).

Аббасилер доорунда жогорку мамлекеттик кызматкерлердин арасында бир патрик менен бир раввин да бар болгон.

Мехмет II Фатих (1432-1481) Осмон империясынын аймагын кеңейтип, Сербиянын чегине жетип калган кезде Сербиянын королу Бранкович түрк султанына “эгер Сербия сиздин өкүмдарлыгыңызга өтүп калса, серб элинин динине кандай мамиле жасайсыз?” деген мааниде кат жиберет. Түрк султаны ал катка: “Ар бир мечиттин жанына бир чиркөө курдуруп, ар бир адамдын өз дининде ибадат кылуусуна уруксат беремин”, – деп жооп берген. Мына ошентип, Сербия Осман империясынын курамына кирген.

Мындан сырткары тарыхта мусулмандардын эчендеген мамлекет башчылары зыммийлердин укуктары менен коопсуздугуна катуу көңүл бургандыгын да айта кетсек ашыкча болбойт.



[1] Караңыз: Маида сүрөсү, 5/82.