Ара жолдогу мамлекет

Эрдогандын айынан “шайтандын” колуна түшкөн күрддөр

16 октября 2019 г. 8:47 525

Түрк чабуулунан улам сириялык күрддөр Башар Асад менен келишим түзүүгө мажбур. Алар сириялык режимге ишенүүгө болбой экенин билет. Кагылышуу чаташып, опурталдуу болуп бара жатат

“Сирияда козголоң бүттү”, - дейт Оссама Мухаммед. Видео-байланышта үнү каргылданат.

Оссама Мухаммед – Сириянын түндүк-чыгышындагы ИГИЛге каршы кармашты көп жылдан бери чагылдырып, чет өлкөлүк кесиптештери менен кызматташкан жергиликтүү журналист.

Сириялык режимге күрддөр гана каршы чыккан эмес. Күрддөр үчүн башка тандоо жок калганын ачык эле айтты. “Бул радикал топтор үч күндүн ичинде биздин аймакта эмне кылганын көрсөңөр! Алардын карапайым калкты өлтүргөндөрүн карасаңар!”, - дейт ал түрк баскынчыларынын араб жардамчылары тууралуу.

Бүт дүйнө, айрыкча америкалыктар тарабынан талаада калтырылган күрддөр “шайтандын колуна” жармашкандан башка аргасы калган жок.

Бул сөздү кагылышуу майданындагы кишилерден кечээ кайра-кайра уктук. Алардын баары жергиликтүү жетекчилеринин оюн кайталап жатышат.

Күрддөр көпчүлүгүн түзгөн Сирия демократиялык күчтөрүнүн (СДК) аскер башчысы Мазлум Абди Foreign Policy агенттигине бул пикирин айтты. Андан кийин Дамаск менен келишим тууралуу кабарлар көчөлөргө тарай баштады.

Дамаск жана Москва менен “ачуу келишимди” калк күтүп калган дейт СДКнын аскер башчысы: “Компромисс менен геноциддин ортосунан биз, албетте, элибиздин өмүрүн тандайбыз”.

Абди мунун оор чечим болгонун айтат. Режимдин убадасына ишенүүгө болбосун ал да билет. “Чынында, кимге ишенээрди деле билбей калдык”, - дейт ал.

Асаддын кошундары түндүк-чыгышка кайтып келе баштады. Ошондуктан Оссама Мухаммеддин козголоң бүттү дегени туура. Сириядагы идеалисттердин козголоңу небак эле ар ким өз кызыкчылыгын көздөгөн согушка айланып кеткен.

Башар Асад бүт өлкөнү жер менен жексен кылса да Сирияны толук чөгөлөткүсү келет. Орус президенти ага кол кабыш кылууда. Американын мурунку президенти ИГИЛ менен кармашкысы келген, азыркысы жоготууларына жана өнөктөштөрүнө карабастан аскерин чыгарууда. Түрк президенти коңшу өлкөдө күрддөр федеративдүү мамлекет курганын көрө албайт.

Араб мекендештеринин эсебинен мындай мамлекеттүүлүктү курам деген күрддөр эми үлгүргөн нерсесин куткарып калуу алапайында.

Табияты терс бирикменин баары убакты-сааты келгенде ажырайт. СДК менен кошо аракеттенген түркиялык күрддөр да эрежеден сырткары калган жок. Алар башынан эле бир режим менен, кааласа орустар жана америкалыктар менен, эби келгенде экөө менен тең кыска келишим түзө калып келген.

Сириялык күрддөрдүн Дамасктан жардам суроосун хаос жана азап коштоду. Түрктөрдүн алдындагы исламчы кошундар коркуу жана террорду таратты. Жергиликтүү тургундарды коргойм дегендер согуш майданын таштай качты.

Америкалык аскерлер опур-топур чегингендиктен эң коркунучтуу делген 70тей ИГИЛчини да чыгарып кете алышкан жок. Президент Дональд Трамп капастагы ИГИЛчилерди күрддөр көпкө кармап тура албашын жазды. “Силерди кийлигишсин деп алардын кээ бирин күрддөр чыгарып жибериши мүмкүн”, - деди Трамп Twitter’ден. Аларды “Түркия же европалык мекени жеңил эле кармап алса болот, бирок чамдашы керек”.

Кристоф Эрхардт, Frankfurter Allgemeine Zeitung

материалдын түп нускасы шилтемеде