Орусия

Орусия мигранттар үчүн кызыгын жоготууда

14 октября 2019 г. 11:44 361

Евразиялык банктын “Интеграциянын критерийлери” аттуу отчету боюнча орусиялык эмгек базары мигранттар үчүн кызыгын жогото баштаган.

Мисалы, быйыл 2015-жылга салыштырмалуу, Орусияга иштегим келет деген тажиктер 53%дан 37%га азайган. Орусияга келип иштеген молдавандар 2017-жылы 27ден 17%га төмөндөсө, кыргыздар 38ден 30%га азайган.

Орусиянын чарба академиясынын маалыматы боюнча өлкөсүнө 2018-жылы 124,9 миң киши келген. Бул 2005-жылдан берки эң төмөн көрсөткүч.

Орусиянын мерчемдери боюнча 2020-жылы мамлекетине 440,7 миң, 2024-жылы 500,4 миң мигрант кирбесе, орусиялык экономика демографиялык кризистен улам аркага кете башташы мүмкүн.

Себеби Орусия федерациясынын калкы тез карып бара жатканынан сырткары 2017-жылдан бери төрөт жыл сайын 10 пайызга төмөндөөдө.

Орусиянын мерчеми боюнча, өлкөдөгү төрөт келип отурукташып калчу мигранттардын эсебинен да 2023-жылы жогорулай башташы керек.

Аш-Шарк Аль-Аусат, Сауд Аравиясы

маалыматтын түп нускасы шилтемеде